Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№468 21-27-октябрь, 2011

Вьетнам

КЫЗ ҮЧ ЖЫЛДА КЕМПИРГЕ АЙЛАНДЫ
Вьетнамдын 26 жаштагы жашоочусу Нгуен Тхи Фуонг акыркы 3 жыл ичинде сулуу кыздан кемпирге айланып чыга келди. Окумуштуулар жана врачтар мунун сырын биле албай баштары маң.
Кыз бала кезден деңиз азыктарынан аллергия болуп келген. 2008-жылы ал акчасынын жогунан врачка кайрыла албай, күйөөсү экөө дарыканадан кандайдыр бир дары сатып алышат. Дарыны иче баштагандан тартып аллергиясы көп кармабай, денесинин кычышканы басылат. Андан соң элдик медицина менен дарыланууга өтөт. Ошондон тарта аз-аздан териси шалбырап, бетин бырыш басып, картая баштайт. Ошентип, 3 жыл ичинде кемпирге айланат.

Австралия

КИТТЕР МОДАНЫ КУБАЛАШАТ
Киттердин үн чыгарары илгертеден белгилүү. Изилдөөчүлөр киттер чыгарган үндөрдү алардын ырлары дешет. Австралиянын окумуштуулары ушул жаатта 11 жыл изилдөө жүргүзүшүп, жыйынтыгын чыгарышты. Башкача айтканда, бир аймакта киттер арасында популярдуу болгон ыр коңшу аймактарга жайыларын далилдешти. Хит кайрыктар көбөйүү учурунда ургаачысын издеген эркек кит тарабынан жаралып, анан тарай баштайт. Ошентип, бир ырды бүтүндөй эркек киттер ырдашат. Акыркы 10 жылда хит ырлар жалаң Австралиянын жээгинде жаралып, анан Тынч океандын көп бөлүгүнө тараган экен.

Корея

КОЙОТТУ КЛОНДОШТУ
Түштүк Кореяда окумуштуулардын экспериментинин жыйынтыгында клондолгон 7 койот (талаа карышкыры) жарыкка келди. Кенгидо провинциясынын бийлиги аларды карап, кам көрүүнү моюндарына алышты. Чоңоюшканда койоттор зоопаркка өткөрүлүп берилет.

Дүйнөдө

АБДАН ЧОҢ ЖАНА ӨЗГӨЧӨ АКВАРИУМДАРДЫН ТИЗМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ
Абдан чоң деп 2 аквариум табылды. Биринчиси Дубайдын соода-көңүл ачуу борборундагы аквариум. Ага 10 миллион литр суу батат жана 33 миң ар түрдүү деңиз жаныбарлары бар. Аквариумдун бийиктиги 3 кабат үйдүн бийиктигиндей.
Экинчиси АКШнын Атланта шаарындагы аквариум. Анын көлөмү 31 миң метр куб суу сыярлык. 100 миңден ашык экзотикалык жаныбарлар, анын ичинде акулалар, узундугу 4-5 метрге жетерлик белуга балыктары, скаттар бар.
Ал эми Берлиндеги цилиндр формасындагы аквариум өзгөчөлүүлөрдүн катарына кирди. Бийиктиги 25 метр жана анда 2500дөн ашык деңиз жаныбары бар.
Кытайдын Пекининдеги аквариум болсо жерден 25 метр бийиктикте 2 соода борборун бириктире салынган. Андыктан ал "виртуалдуу аквариум" деген атка конууда.

Америка

СЕКС-КЫЗМАТ КӨРСӨТКӨН КООМДУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛЫШТЫ
АКШнын Аризона штатында "Кудайдын сарайы" аттуу диний коомдун 20дан ашык мүчөлөрү кармалды. Көрсө, “Кудайдын сарайында” диний жөрөлгө катары секс кызматы көрсөтүлөт экен. Кармалгандар “биз адамдарды диндин негизинде тарбиялоону, сексуалдык маселелерди (жыныстык жактан алсыздык, шалдык жана башка) да диндик жол-жобо менен чечүүнү колго алганбыз. Андыктан күнөөбүз жок” деп чыгышкан. Бирок полиция “бул сойкукананын бир түрү. Андагы кызмат көрсөтүү акысы 650 долларга чейин жеткен” дешти.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
24.10.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аквариумдар жакты бизде качан 5 метрлик болот яяя?
24.10.2011. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде 5метрлик кол да жок
25.10.2011. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush kyz kantti eken kempirge ailanyp. Ujas oshon uchun dary darmekti etiyattyk menen koldonuu kerek.
25.10.2011. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнодо укмуштар коп
25.10.2011. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уч жылда картайып кеткен кызга жалка болуптур
25.10.2011. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аквариумдарды коргум келтат.айрыкча цилиндр формасындагын
25.10.2011. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Австралияда "хит" ырлар жаралып анан Тынч океанга тараганы кызык экен!
Именно Австралиянын киттери чыгарышыптырбы хит ырларды? Австралиялыктар изилдеп чыкканы үчүн "биздин киттер-хит ырларды жаратат" деп жазып чыгышса керек!...ишениш кыйын.
26.10.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билгенден билбегенин,коргондон коро элегин коп деп айтат ошон учун.
28.10.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу экен
29.10.2011. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээй, биз билбейм ушинтип эле чондорубуз мамлекетибизди ойлобой эле, оз капчыктарын ойлоп жатса бизде 5 метрлик эмес, 5 сантиметрлик дагы аквариум болбойт го... мен Дубайдагы аквариумду оз козум менен коргом, тимеле соз жок!!! Аквариумдун ичин ресторан кылып да коюшкан,отуруп тамактансан ар тарабынан акула жана башка суу жаныбарларын сузуп жургонун коросун....
29.10.2011. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде андай аквариум болсо, дагы бир тонкоруш болуп кетсе, анда андагы балыктарды кыргыздар кууруп жеп коюшат....
30.10.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде андай аквариум болсо, дагы бир тонкоруш болуп кетсе, анда андагы балыктарды кыргыздар кууруп жеп коюшат tuuura aitasyn
17.12.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna kyzyk
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо