Закирбек Дүйшөнбек уулу, комузчу: «КОМУЗДУН АЧЫЛА ЭЛЕК СЫРЫН АЧАМ»

№468 21-27-октябрь, 2011

Кыргыздын өлбөс өнөрүн улап, комуз менен далайга таанылып, талантын тартууласам дегендер арабызда арбын. Алардын арасынан суурулуп чыгып, учурда көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып жаткан Закирбек аттуу жигитти көпчүлүк тааныса керек. Кыргыздын күүсүн безеленте чертип, көпчүлүктөн өзгөчөлөнгөн комузчуну кепке тарттык.

КОМУЗЧУ ЖИГИТ ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү –
Закирбек Дүйшөнбек уулу.
Туулган жылы – 1990-жыл, 7-январь.
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйүктүү жубайы бар. Кышты чыдамсыздык менен күтүүдө. Анткени кышында кыздуу болот.
Оозунан "мен Алланын кулумун" деген сөздү түшүрбөйт.
Сыйлыктары – Чыңгыз Айтматовдун колунан алган Карамолдо Орозов атындагы атайын сыйлык. Ошондой эле фольклор жаатында 15ке жакын баш байгенин ээси.

“ЖЫЛУУ ИЗ КУУП...”
– Өзүм Чүй облусунун Суусамыр жергесинде туулгам. Атам элдик табып – Дүйшөнбек Чомо уулу. Апамдын аты Арпажан. Төрт бир тууганбыз. Атам инженер-механик болчу, кийинчерээк чөптүн пайдалуулугун аныктап-билген соң чөптөрдөн дары жасай баштаган. Апам “күзүндө, арпа бышкан учурда төрөлсөм керек” деп күлүп калат. Таятамдын 60 жашында көргөн кызы экен, ал заманда туулган күн эсебине көңүл бурушчу эмес да, ошон үчүн кайсы күнү төрөлгөнүн билбейт. Ата-энем жайы-кышы чөптөн дары-дармек жасоо менен алек. Өзүм үйдүн кенжесимин. Замирбек, Заирбек аттуу агаларым жана Чолпон аттуу эжем бар. Бала кезимден эле комузга аябай кызыкчумун. Анткени ата-энем да, агаларым да улуттук аспаптарда ойношчу. Үйдүн ичи дайыма комуздун үнүнө бөлөнүп, залкар комузчулардын күүлөрү угулуп турчу. Улуу агам комузду безилдете чертчү. Комузду көпкө чейин черткенде колдун жылуу изи калып калчу, комуз бошоору менен чуркап кирип, жылуу издерди кармап чертчүмүн. Ошентип, из кубалап жүрүп эле акырындан үйрөнө баштадым.
Беш жашымда ырларды, обондорду жаттап үйрөндүм. Алты жашымдан баштап ар кандай сынактарга катыша баштадым. Жети жашымда “Мээрим” фонду республика боюнча уюштурган “Жаш талант” сынагына катышып, биринчи жеңишке ээ болгом. Ошентип, Мукаш Абдраев атындагы жатак-мектепте 10-класска чейин окуп, ал жактын тарбиясын алдым. Биринчи класста окуп жүргөнүмдө скрипкадан да, комуздан да сабак алчумун. Кийинчерээк окутуучум “экөөнүн бирин танда” деп талап койду. Мен улуттук аспапты тандадым. Ошол бойдон комузумдун жанын койбой келем.

“АГАЙЛАРГА БАЙМЫН”
– Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ал жакты аяктадым. Учурда Улуттук консерваториянын комуз бөлүмүнүн 2-курсунун студентимин. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн агай-эжейлерден сабак алдым. Эң биринчи мугалимим Бектен Бейшембиев, андан кийин Нуриля Сабирбаева, Кылычбек Жекшенов, Руслан Жумабаев, Нурак Абдрахмановдор болушту. Ар бир агайдын өзгөчөлүгү бар, мен алардын ошол сапаттарын үйрөнгүм келет. Ар биринен жаңы нерсе алгым келет. Ал эми негизги устатым – Кылычбек Жекшенов. Агайлар мени бири-биринен аябай кызганышат, бирок мен ар дайым Кылычбек агайды устатым деп айтып келем. Менимче, окуучу баары бир мугалиминен ашып түшө албайт. Замандын талабына жараша жаңы күүлөрдү да кошумчалап, билимимди өркүндөткүм келет.

КАЗАК ЖИГИТ МЕНЕН БОЛГОН АЙТЫШ ТУУРАЛУУ
– Роза Аманова “Казакстанда домбраны кыйын черткен бир жигит бар, ошол менен жарыш” деп айтып жүрчү эле. Кийинчерээк ал жигит менен Роза эже концертинде тааныштырды. Концерт башталарына 1 саат калган. Ошол маалда Казакстандан атайын чакырылган Эржан Эрболот уулу аттуу жигит менен биринчи жолу кездештим. Күү чертишип эле бүтүп калбай, мен ага “Маш ботой” күүсүнөн үзүндү чертип берип, ал мага “Альхиса” күүсүнүн үзүндүсүн үйрөттү. Чынында эле Эржан домбраны кыйын чертет экен, бирок мен кем калышкан жокмун.
Ошентип, сахнага бет алдык. Сахнадан кадимки эле күндө чертип жүргөн күүлөрдү көркөмдөп чертип жаттык. Мындай таймаштарда таң аткыча деле черте аласың. Эки күн Роза эженин концертинде жарышып, кийин Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына арналган мааракеге да чакыруу алып, ал жактан да күүлөрүбүз менен таймашып көрдүк.

“КЫРГЫЗ КҮҮЛӨРҮНӨН АЛЬБОМ ЧЫГАРАМ”
– Комуздун толгоосунун чеги жок, ата-бабаларыбыздан калган бул аспап менен баарын ойноого болот. Скрипканыкындай же домбраныкындай эки толгоо менен чектелбейт. 2 эмес, 20 толгоосу бар комуздун келечеги кең. Комуз менен Моцартты да, Бетховенди да чертүүгө болот. Муну менен гана чектелбестен, болгон дүйнөлүк чыгармалардын баарын комуз менен аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Буюрса, комуздун ачыла элек сырларын ачканга бүт күч-кубатымды жумшайм. Келечекте кыргыз күүлөрүнүн көркөмдөтүлгөн вариантын альбом кылып чыгарайын деген пландар бар.

“ЖАКЫНДА АТАЛЫК БАКЫТКА БАЛКЫЙМ”
– Үйүмдө тосуп алчу сүйүктүү Тинатин аттуу жубайым бар. Экөөбүз жатак-мектепте окуганбыз, ал менден эки жаш кичүү. Сегиз жарым жыл бирге жүрдүк. Экөөбүз бой жетип калгандан баштап эле сүйлөшө баштаганбыз (күлүп). Бири-бирибизди жакшы билип, ишеним артып калгандыктан, баш кошууну туура көрдүк. Жубайым абдан түшүнүктүү, оор басырыктуу. Беш маал намаз окуп, дин жолунда жүргөн айым. Бири-бирибизди аябай сыйлап, көңүлүбүздү оорутпаганга аракет кылабыз. Учурда жубайымдын боюнда бар. Өзү бойтойгон, кичинекей болгону менен, аябай сүрдүү. Азыр дене-бою оорлошуп турганга көзүмө мурдагыдан да жагымдуу көрүнүп калды. Буюрса, ушул кышта башыбызга баш кошулуп, кызыбыз жарык дүйнөгө келгени турат. Наристе жытын жыттайм деп толкунданып жүргөн кезим.

Мальвина Уметбекова
star@super.kg


Маек - Закирбек Дүйшөнбек уулу: "Комуздун ачыла элек сырын ачам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(28)
25.10.2011. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! биз сени менен сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий, комуздун күүсү кандай сонун! Чыгармачылык ийгилик, Кыргызстандын атын алыска таанытасың деген үмүттөмүн!!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий секткетейин десе, мотураят да тим эле. Соооонун бала экен, кичинекей болсо да токтоо, жай суйлойт экен. Онору оркундой берсинчи, мойтоюп )))
SUPER.KG видео
26.10.2011. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамаааааааат! Сыймыктанам! Өркүнү өссүн!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЗАМАТсын!!!! таланттуу экенсин, жолун ачык болуп, ушундай куулор менен Кыргызстанды гана эмес бут дуйно жузун багынта бер!!!! ийгилик!!!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат жигиттин гулу.Сендей онорлуу,таланттуу,тартиптуу патриот жигиттер кобоё берсин Кыргызстанда.
SUPER.KG видео
26.10.2011. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Закирбек!Чыгармачылыгында жана жеке турмушунда жалан гана ийгиликтер коштосун!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет адам го. Кыргыздын куулорун ийинине жеткире чертет экен. Азамат, оркунун осо берсин. ЧЫНЫГЫ ТАЛАНТ.
SUPER.KG видео
26.10.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бали! бали! азамат жигит турбайбы, моокумун канат тим эле. Ушундай таланттуу инсандарыбыз кобойо берсин. Бар бол,жалпы Кыргыз элибиздин сыймыгы болуп жур!ИЙГИЛИК КААЛАЙМ!!!
26.10.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAHTYN pendesi raazy bolso,Allah da raazy bolot.Senden seni taanigan baardik kyrgyz eli raazy go dep oyloym.Azamat!Allah nazardan jana tekeberlikten saktasyn!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah Taala nazardan saktasyn!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oomeeiii ozu aran 20 da bolso 8 jyl suiloshso anda 12 jashyndale kyz menen suiloshso. Abdan kyiyn bala eken, toktoo, teren oi jugurtup suilogonu uluu adamdardai eken. Alban iyigilikter koshtoi bersin, ui-bulöoluk bakyt kaalaim!!!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жай ойнолчу куулорду кандай аткарарын коргум келди. Мисалы "Кыргыз кочун".
SUPER.KG видео
27.10.2011. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мммм колунун ылдамдыгы мыкты бирок күүлөрдү орду менен чертсе жакшы болмок. Тезирээк чертем деп күүнүн сапатын бузуп коет экен. Сонун күүлөрдү кумарланып уга албай калат экен киши.
SUPER.KG видео
27.10.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комуз черткендерди коруп эле журобуз, бирок мынчалык бийик денгээлде комузда кол ойноткон адамды биринчи корушум. Албетте, кыргыздан улуу комузчулар чыкканын танбайм. Бирок мен дал ушул жигиттин талантына абдан таасирлендим. Чыныгы талант, анан, озу айткандай, комуздун ачыла элек сырларын аччудай азамат экен! Онорун оркундой берсин, ийгилик!:)))
SUPER.KG видео
27.10.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes, soz jok,
SUPER.KG видео
27.10.2011. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек!
SUPER.KG видео
27.10.2011. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oiii ayabay azamat bala eken,chon chon iygilikterdi kaalaim, Kyrgyzstanybyzda ushundai azamattar koboye bersin, kuunu ayabay berilip soonun chertet eken.
SUPER.KG видео
28.10.2011. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik!Zakirbek
SUPER.KG видео
28.10.2011. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закирбек "Сынган бугу" деген кара күүнү укмуш черткен. Аны КТРден көп берет. Негизи, бул күүнү татаал күү дешет.Бардык эле комузчулар черте беришпейт экен. А Закирбек бул күүнү, менин билишимче, төрт-беш жыл мурун чертип, жаздырган. Ошондо эле мыкты комузчу чыгары байкалган.
SUPER.KG видео
29.10.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун бала экен
SUPER.KG видео
29.10.2011. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zkirbektei komuzchu Kyrgyzstanda jok dep koisok dele bolotko deim!!!!!!! kandai deosiner tuugandar???? Je kordunor bele????????????
SUPER.KG видео
30.10.2011. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул баланы,былтыр Красноярскийге концертти менен келгенде суйуп калдым эле.Эх бактылуу бол,келинчегин эсен аман коз жарып алсын...
SUPER.KG видео
04.11.2011. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сендей балдар кыргыздарга АЛЛА берген белек.
SUPER.KG видео
15.11.2011. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экен!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо