РААТБЕКТИН ИШИ УЛАНУУДА

№318 5- 11-декабрь, 2008-ж.

Келечеги чоң турнир

Мелдештин алгачкы күнүндө Спорт Ордосунда салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, катышуучу спортчулардын парады уюштурулду. Элибиздин сыймыгы болгон балбаныбызды эскерүүгө келген спорт сүйүүчүлөрдүн саны арбын эле. Мелдешке Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышуу тилегин билдирсе да, айрым себептерге байланыштуу күйөрмандар орусиялык балбандардын өнөрлөрүнө күбө боло алышкан жок. Ачылыш салтанатына тиешелүү спорт жана саясый чиновниктерден тышкары, атактуу балбаныбыздын энеси, биртуугандары менен жубайы катышты. Уюштуруучулар келечекте бул турнирди жайылтып, эл аралык аброюн өстүрүү менен аны ФИЛАнын программасына кошуу максаты көздөлүп жаткандыгын билдиришти. Баатырыбыздын жакындары болсо аны эскерип, чогулгандарга ыраазычылык билдиришип, Раатбек быйыл балбандарыбыздын Олимпиадада жараткан ийгилигин көрсө, чексиз бактылуу болмогун айтышты.

№ 1 спорт түрү

Мелдешке баш-аягы 7 салмак категориясы боюнча 200гө жакын балбандар катышты. Раатбектин ишин уланткан жаш балбандарыбыз Канатбек менен Руслан мелдештин сыйлуу конокторунан болушту. Анча-мынча шоу-концерттерден айырмаланып, 2 күн тең Спорт Ордосуна 2 миңден ашуун күрөш күйөрмандарынын келиши грек-рим күрөшү учурда өлкөбүздөгү номер биринчи спорт түрүнө айланганынын далили. Ал эми килемдерде ар бир салмак категориясы боюнча бүйүр кызыткан айыгышкан күрөш жүрүп жатты. Негизи эле чоң мелдештерди сагынып калган элибиз үчүн бул күндөр чыныгы спорттук майрам болду.

Аты-жөнү

Командасы

Салмагы

1.

Арсен
Эралиев

РУОР

55

2.

Эльдар Кайратов

Казакстан

60

3.

Нуржан
Надыров

Казакстан

66

4.

Азизбек Мурадов

Өзбекстан

74

5.

Азат
Бейшебеков

РСДЮШОР-1

84

6.

Азат Эркинбаев

ЦОП

96

7.

Ормонхан
Тыналиев

Казакстан

120

Даярдаган Базарбек Абдураимов e-mail:sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо