Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗДАР СҮЙГӨН ЖЕЙКОБ (Тэйлор Лотнер)

№468 21-27-октябрь, 2011

Бир заматта дүйнөнүн төрт тарабын “Күүгүм” каптаганы эсиңизде болсо керек. Өзгөчө чымыр денеси менен суктандыра жинденгенде коркунучтуу карышкырга айланып кетчү Жейкобдун элеси көз алдыңызда тургандыр. Кең далылуу Жейкоб миңдеген кыздардын жүрөгүн багындырганы да анык. Бул мырзанын жеке жашоосуна кызыгып, саресеп салып көрдүк.

ТЭЙЛОР ЖӨНҮНДӨ...

  • Калифорниянын Санта-Кларита шаарындагы Валенсия жогорку мектебинин 2-курсунун студенти.
  • Бою – 170 сантиметр.
  • Салмагы – 65 килограмм.
  • "Кечирим суроо" ("Apologize") аттуу ыр жаздырып, клип да тарттырган.
  • Жактырган түсү – ачык көк.
  • Кытай ашканасын жакшы көрөт.
  • Канында француздун, нидерланддын, немистин каны бар.
  • Макена аттуу карындашы бар.
  • Рокси деген сүйүктүү ити менен сейилдегенди жактырат.
  • “Red Bull” суусундугунун фанаты. Күнүнө ичип турбаса, башы ооруйт.
  • Кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү автоунаа айдайт. Бирок аны машинадан да футбол кызыктырат.
  • Баалаган актёрлору – Брэд Питт жана Мэтт Дэймон.

Тэйлор Даниель Лотнер 1992-жылы 11-февралда АКШнын Мичиган штатында жарыкка келген. Апасы Дебора программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген компаниялардын биринде иштесе, атасы Даниэль – учкуч. Көпчүлүк чыгармачыл кесиптештеринен айырмаланып, ал келечекте актёр болууну кыялданган эмес.
6 жашынан “Фабиано” каратэ мектебине бара баштаган. Бир жылдык машыгуусунан соң каратэ боюнча өткөн мелдеште жеңүүчү болууга жетишип, ал тургай 7 жолку чемпион Майк Чаттын өзүнөн сабак алууга мүмкүнчүлүк алган. Каратэни мыкты өздөштүргөнүн мындан билиңиз, көп өтпөй эле ал каратэ боюнча эл аралык мелдеште өз өлкөсүнүн намысын талашып, өспүрүмдөр арасында курал менен өнөр көрсөтүүдө чемпион болуп, 3 алтын медаль жеңип алган.

ТАСМАГА КАРАЙ ДАҢГЫР ЖОЛ
Окутуучусу Майк Чат 8 жашар баланын актёрдук да жөндөмү бар экенин сезип, “уулуңар жарнамаларга тартылып, тасма жаатында өзүн сынап көрүшү керек” деп Тэйлордун ата-энесин көндүргөн. Кубануу менен колдогон ата-эне уулунун роль аткарууга кызыкдар болуп калганын байкап, актёрдук чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүп, Мичигандан Лос-Анжелеске биротоло көчүп барышат.
Лос-Анжелести байырлаган жаш актёр ар бир майда ролдордон калган эмес. Ал 9 жашында алгачкы жолу “Менин жубайым жана балдарым” (“Моя жена и дети”), “Берни Мактын шоусу” (“Шоу Берни Мака”), “Дэнни-арбак” (“Дэнни-призрак”) аттуу сериал, телешоулорго тартылган. Жаш таланттын үнүн жагымдуу деп жактырышып, кадр артында мультфильмдерде үн коштотуп да коюшчу. Чоң тасмадагы дебюту 2001-жылы “Өлтүргүч көлөкө” (“Тень-убийца”) деп аталган фантастикалык телефильмде болгон. Мындан кийин телесериалдарга да байма-бай катыша баштаган. Чыныгы атактуулукту ал “Шаркбой менен Арстандардын жоруктары” (“Приключения Шаркбоя и Львы”) деп аталган балдарга арналган фантастикалык боевиктен соң багынткан. “Дүңүнөн арзан” (“Оптом дешевле”) аттуу ал тартылган комедия дүйнөлүк прокатка чыгып, 128 миллион доллар каражат алып келген.
Жаш баланын шыгын продюсерлер да көз жаздымда калтырышкан эмес. 2008-жылы "Күүгүм" мистикалык тасмасына тартылууга сунуш алып, тасмада "качок" Жейктин образын жаратуу үчүн атайын машыгуудан өтөт. Анткени режиссёрдун талабы боюнча Жейкоб Блэк булчуңдуу жана күчтүү болушу керек эле. Режиссёрлор Тэйлордун чачын өстүрүп, күчтүү болуп чыга келишине ишенишпей, Жейкобдун ролуна башка да талапкерлерди сынап көрүшкөн. Анткен менен кыска убакыттын ичинде 13 килограммга толуп, тартуучу топту таң калтыра алган. “Тартылып жатканда кийме чачым башымды кычыштырып жүдөткөнүн унутпайм”,- деп эскерет ал. Дал ушул тасма анын карьерасына чоң ийгилик алып келди. Мындан кийин да Тэйлор тасмаларга активдүү катышып, чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн үстүндө. 19 жашта экенине карабастан, баш-аягы ондон ашык тасмага тартылган.

“ФАНАТТАР ЭНЕРГИЯНЫ БАЙЫТЫШАТ”
"Кесиптештерим Роберт Паттинсон, Кристен Стюарт “көчөгө чыккандан заарканабыз, элдин баары карай берет” деп арыздангандарын угуп, маани деле берчү эмесмин. Эми ал нерсе менин да башыма келип отурат. Кызыл килемде басып бараткан боломбу же жөн эле турган жеримен сүрөткө тартышып, кол тамга алышууда. Мындай көрүнүшкө көнүп да баратам. Чындыгында, күйөрмандар энергияны байытышат экен”,- деп билдирген. Эгерде качандыр бир кезде актёрдук карьерасына чекит коё турган болсо, анда Тэйлор өзүнүн фитнес борборун ачууну кыялданат.

“КЫЗДАР ОБРАЗЫМДЫ СҮЙҮШӨТ, БИРОК МЕНИ ЭМЕС...”
"Көпчүлүк кыздар мен чыныгы жашоодо таптакыр башка адам экенимди билбей эле сүйүп калгандарына таң калам. Чынында, алар мени эмес, Жейкобду сүйүшөт”,- дейт. Өзү да сүйүүнүн даамын бир нече ирет татып көргөнүн жашырбайт. Мисалы, 2006-жылы актриса Майли Сайрус менен ысык мамиледе болгон. Ошондой эле “Ыйык Валентин күнүндө” тасмасында чогуу тартылган кесиптеши, ырчы жана актриса Тейлор Свифт менен да тасмадан соң жакындап кеткен. Кийин экөө эки жолго түшкөндө ырчы кыз Тэйлорго “Декабрга кайтуу” (“Back to December”) деген ырын арнаган.
Актёр өзүнөн улуу кыздар менен мамиле курганды жактырат. Алсак, “Куугун” (“Погоня”) тасмасында тартылып жатканда таанышкан Лилли Коллинс эки жашка улуу болгон. Экөөнүн мамилеси тасмадан кийин да уланып, чоң сүйүүгө айланганы менен, азыр алар бирге эмес. Эл арасында “Тэйлор Лотнер белгилүү актриса Жессика Альбаны сүйөт” деген сөздөр айтылат. Бул жөнүндө актёрдун: “Мен Жессиканын эң чоң күйөрманымын, аны ар дайым сыйлап өтөм”,- деп айтканы бар.
Учурда Тэйлор сүйүктүү бир хоббисине убакыт бөлө албай жүргөн чагы. Ал – бий өнөрү. Дайыма кыймылда болууну сүйгөн актёр-спортчу “La Hipkids” аттуу хип-хоп бий тобунда да бийлечү. Ошондой эле бош убактысында футбол, бейсбол ойноону жактырат. “Texas Longhorns” жана “Michigan wol verines” командаларынын фанаты.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Кыздар сүйгөн Жейкоб

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
21.10.2011. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм жакшы екен... мынабу ырдын аталышы кандай туугандар?
SUPER.KG видео
22.10.2011. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiabai jakshy akter
25.10.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваааай,такой мачо аж влюбилась)))
30.10.2011. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i love you so much my baby
18.11.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo very sexy boy )))
SUPER.KG видео
31.03.2014. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дени Лотнер эн мыкты актер, кинолорунун баары жагат мага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо