Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түгөлбай Казаков: «ЖАМГЫР ТӨКТҮ» «Курсташымдын ажалын күтүп жатып жаралган»

№468 21-27-октябрь, 2011

Белгилүү композитор Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” деген чыгармасын билбеген кыргыз жок болсо керек. Бул ырдын жаралуу тарыхы өзүнчө эле кызык. Анан да аталган чыгарманы учурда казактар которуп ырдап жүрүшөт.

“ЖАМГЫРГА БОЛГОН СҮЙҮҮМ БАЛА КЕЗДЕ ЭЛЕ БАШТАЛГАН”
– Мен бала кезимден эле жамгырга өтө жакынмын. “Жамгырдын суусу чачты карартат” деп коюшар эле биз бала кезде улуулар. Анан чачым кара болсун деп, жаан жааган сайын жайлоодо чуркап эле жүрчүмүн. Качан жамгыр мөндүргө айланып, жер агармайын үйгө кирмей жок. Кийин студент болуп калганда деле жаан жааган маалда жатакана менен университеттин ортосунда бир жакка бараткан өңдөнүп бир топко чейин басып жүрчүмүн. Шаарда жамгыр абадагы зыяндуу заттарды жууп түшөрүн билгенден кийин гана терезени ачып коюп тамчыларга суктанып карап отурчу болгом.

“ЫР БИР ЖАРЫМ ЖЫЛДА ЖАЗЫЛЫП БҮТКӨН”
– Бир күнү эле мени менен жатаканада чогуу жашаган курсташымдын сүйгөн кызы турмушка чыгып кеткенин угуп калдык. Анан баягы курсташым өлөм деп чыкса болобу. Өлгөндө да жөн өлбөй, Балыкчыга бараткан поезддин астына денесин таштамак болуп жулкунуп бөлмөдөн чыгып кетти. Анан адам өлөм деп жатса, үйдө кантип отуруп алмак элем? Артынан мен да жөнөдүм. Барсак, поезддин эң алгачкысы кечинде келет экен. Мен айттым, “эми сенин ажалың кечинде келет экен. Жүрү, ага чейин аз да болсо көңүл ачып, сүйлөшүп отуралы” деп. Анан дүкөндөн шарап алып келдим. Экөөбүз поезд жолдун жээгиндеги көк таштардын бирине отуруп алып шараптан ичип жаттык. Бир маалда күн аябай катуу күркүрөп, асман капкара болуп келди да, чакалап төккөндөй жаан жаай баштады. Улам келип күн төбөбүздөн жарылгандай күркүрөйт. Ошондогудай күндүн катуу күркүрөгөнүн ага чейин да, андан кийин да көрө элекмин. Өтмө катарыбыздан өтүп суу болдук.
Ошол маалда көкүрөгүм бир уйгу-туйгу болуп келди да, кайырмасындагы сөздөр обону менен чыгып кетип, Күн күркүрөп, жамгыр төктү, ошол күндөр кайда кетти? деп кыйкырып ырдап жибердим. Ошону менен эле тамагымдан муунтуп келип токтоп калды. Кулагым чуулдап, ар кандай сөздөр, обондор келди, бири дагы саптарды улап кете алган жок. Өлөм деп келген курсташым суу болгондон кийин өлгөнү келгенин деле унутуп калды көрүнөт, экөөбүз кучакташкан бойдон эки сапты кыйкыра ырдап кетип калдык. Ошондон кийин ырды улантайын десем эч бир кайрык келбейт. Жаан жааган күндөрү анын таасири астында эки саптан кошуп коём. Акыры бир жарым жыл дегенде ыр даяр болду. Ошентип, бул чыгарманын ар бир сабы менен ар бир кайрыгы жамгырга сугарылып жатып жаралды.

“КАЙРАТ НУРТАС ЫРДОО ҮЧҮН УРУКСАТ СУРАГАН ЭМЕС”
Коңшулаш казактардын Кайрат Нуртас аттуу белгилүү ырчысы да бул ырды ырдап жүрөт. Болгондо да обонун өзгөртпөгөнү менен, сөздөрүн таптакыр башкача кылып жазып чыгыптыр. Бул тууралуу ырдын автору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков: “Бул ырды ырдасам болобу?” деп Кайрат деген ырчы менден бир ооз сураган эмес. Өзүм да анын ырдаганын уккан эмесмин. Текстин өзгөртүп алганына, албетте, каршымын. Менден казактардын Каухар Каспакова деген ырчысы сурап, аткарып келет. Андан башкасын билбейт экенмин”,- деп нааразычылыгын айтты.
Айта кетчү нерсе, бул ырды кыргыз эстрадасында бир топ ырчылар ырдап жүрүшөт. Алардын арасында Гүлзада Рыскулова, Султан Садыралиев да бар.

КАЙРАТ НУРТАС ЖООПТОН КАЧТЫ
Ал эми казак ырчысы Кайрат Нуртаска “Жамгыр төктү” деген ырды кайдан угуп ага ашык болуп ырдап чыктыңыз? Кимден уруксат сурадыңыз? Казакча сөзүн ким жазып берди?” деген суроолорубуз менен кайрылып көрдүк.
– Алло, саламатсызбы, Кайрат!
– Салем. Бул ким?
Сизге Бишкектен, “Супер-Инфо” гезитинен чалып жатабыз. Эсиңизде болсо, мындан үч жыл мурун бизге кенен маек куруп, редакциябыздын коногу болуп кеткен элеңиз.
– Аа, ие, эсимде.
– Сиз учурда кыргыздын “Жамгыр төктү” деген ырын казакча которуп ырдап жүргөн экенсиз. Ошол тууралуу баарлашсак деген элем. Бул ырды кандайча тандап ырдап калдыңыз жана сөзүн эмнеге башкача жаздырдыңыз?
– Мен казыр бос эмеспын (тү-үт... тү-үт).
Телефонду коё салды. Андан кийин бошогон чыгар деп кайра-кайра чалсак, телефондун трубкасын алган жок.

Кайрат ырдын текстин төмөнкүчө өзгөртүп алган:

ЖАҢБЫР ТӨКТЫ
Жаңбыр төкты, эш басылмай,
Коштасуу да көз жасымдай.
Шыгарып сап, турдук быз де,
Эң соңгу рет кешти осылай.

Кайырма:
Күн күркүреп, жаңбыр жауды,
Жаска малып тагдырларды.
Нөсерледи, үстүн-үстүн,
Сезим далай жандырмады...

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
24.10.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атан кору Кайрат Нуртас бзуган экен ырды всеравно кыргыздар сени укпайбыз
24.10.2011. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сурап туруп ырдаса болмок экен . Ырчылардын уурулугу ашынып бараткандай акыркы кездерде.
24.10.2011. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, кыргыздар деле башында казактардын ырларын уурдап ырдап журушподу беле... Демек, терме тезек, келме кезек тура.
24.10.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атактуу ырды булгаган экен чунак!
24.10.2011. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырды мин жолу уксам да тажабайм! Шедевр да! Казактар бузуп салганы жаман болуптур...
24.10.2011. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шешендиурайын Кайрат,жакшынакай Кыргыз ырын неге буздун?
24.10.2011. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамгырды мен да жакшы кором, бул ырды дагы, Туголбай Казаковду дагы урматтайм.
24.10.2011. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырды дайыма уксак да тажабайбыз,озгочо ыр бул,а нуртас созмо соз которбойт белен бузбастан,бул ыр да обон да сенден канча жаш чон экенин билесинби?
25.10.2011. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атангору казак манкалар айланып келип дагы эле бизге ишинер тушуп калдыбы?
25.10.2011. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info suranıç avtordun özünün atkaruusundagı uşul ırın cüktöp koyo alasızdarbı men eç tabalbay koydum
25.10.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyldyzka, сиз сураган ырды бул жакка жүктөп койдук: http://www.super.kg/media/?type=audio&id=52589
26.10.2011. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын эн соунун ырларынын бири, канча уксан да эч тажабайсын. Ал эми казак ырчысы буруп ырдаса да, кыргыздар учун Т.Казаков кандай чыгарса ошондой журогубуздо, кулагыбызда калат.
26.10.2011. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырды угуп эле жатыш керек чиркин
26.10.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Казакстанда турам, бирок тушунбойм, коп ырлардын баары эле окшошта, кыргыздар казактардан сатып алабы же казактар кыргыздардан алабы айтоор копчулук ырларды кыргызчасында казакчасында уктум.
28.10.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздардын ырчылары казакча ырларды которуп ырдап журушотко!!!!
29.10.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар оздору уйротуп жатпайбы уурдап ырдаганды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо