Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Силима Абдылдаева: «КАЛЫСТАРДЫН БААСЫ БИР ЧЫНЫ ШОРПОГО САТЫЛЫП КЕТИПТИР»

№468 21-27-октябрь, 2011

Ырчы Силима Абдылдаева “бир арызым бар эле, гезитке кыстара кетейинчи” деп суранды. Байкаштырсак, Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн сынак тууралуу экен. Бир сөз менен айтканда, кыргыздын таланттуу кызынын ошол ыр-сынактан соң таарыныч ой-пикири төмөндөгүдөй болду.

– Уюштуруу комитетинин «өтө жогорку деңгээлде өтөт, калыстар тобу эң адилеттүү чечим чыгарат» деген сөздөрүнө таянып, чоң ишеним менен барган элем.
Чүчү кулактын негизинде эстрада жанрынан биринчи болуп мен баштай турган болдум. Негизи, таймашка катыша тургандарга репетицияга убакыт бөлүнүп берилиш керек эле. Бул сынакта андай шарт түзүлгөн жок. Бул тууралуу уюштуруучулардан сураганымда «бүт катышуучулар репетициядан баш тартышты» деген жооп алдым. Андай болууга мүмкүн эмес эле. Анткени катышуучулар сынак башталгыча үн чыгаруучу аппаратуранын мүмкүнчүлүктөрүн угуп, микрофон, монитор деген техника каржаттарын сындап көрүшү зарыл.
Менин профессионалдык көз карашым боюнча, мыкты ырдаган кыздарга баалардын төмөн берилгени сезилди. Мисалы, дастанчы, ырчы Мээрим Карыповага чынында эле төмөн баллдар коюлду. Башкаларга караганда, Мээримдин аткаруучулук деңгээлинин жогору тургандыгын музыкалык түшүнүгү бар адамдар билишсе керек. Көпчүлүк “звездалардын” атайын музыкалык билимдери жок. Ошол көрүнүш бул сынакта да көрүнүп турду. Популизм менен профессионалдуулуктун айырмасы асман менен жердей. Мен өзүмдү профессионал ырчымын деп эсептейм.
Фольклор бөлүмү аяктаганда эстрада бөлүмүнө үн чыгаруу ыкмалары башкача түздөлүшү керек эле. Бирок үн режиссёрлор аны орду менен жасаганга убактысы жетпеди да, мен ырдай баштаганда ары-бери түздөй башташты. Анан, албетте, менин аткаруучулук мүмкүнчүлүктөрүм техникалык себептерге байланыштуу туура тартууланган жок. Анысына карабай “Алымкан” деген ырымды аягына чейин өз нугу менен аткардым. Калыстар тобу өз бааларын бергенде өтө таң калдым. Анткени алар баалагандай анчалык төмөн аткарган деле жокмун.
Бул ырды мен Казакстанда өткөн “Шабыт” Эл аралык чоң сынагында да аткарып, 30дан ашуун өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстандын атынан барып лауреат болуп келгем. Анан эле аткаруучулук деңгээли меникинен эч бир жогору эмес ырчы кыздарыбызга калыстар тобу сүйлөшүп алгандай болуп эң жогорку бааларды коюп беришти. Көрсө, бул баалар күн мурунтан эле сүйлөшүлүп, болбогон акчага жана бир чыны шорпого сатылып кеткен экен да. Биздин атактуу калыстар тобунун кээ бир мүчөлөрү байгелердин ээлерин бөлүштүрүп койгондугу өтө өкүнүчтүү болуп калды.
Деңгээли ушунчалык төмөн болгон ыр-сынакка катышпай деле койсом болмок. Мындай болорун ким билиптир? Албетте, окурман ойлошу мүмкүн, байгелүү орунга жетпей, ич күйдүлүк кылып жатат деп. Жок, андан менин чыгармачылыгым аксап же төмөндөп кетпейт. Болгону, ушундай руханий байлыгыбызга арналган иш-чарага ыплас мамиле кылуу эч жарашпай турганын билдиргим келди. Уркуя апабыздын элесин анчалык булгабаш керек эле.
Аттуу-баштуу, чыгармачылыкта өз ордун таап келген белгилүү эжекелерибиз мага болгон жеке мамилелерин мени «же кыргыз эмес, же орус эмес» деген дискриминациялуу сөздөрүн ичтерине тереңирээк катып, «чыныгы бийик чыгармачылык» деген түшүнүктү билбесе, билип, өз чыгармачылыктарын дагы да өстүрүп, ырдаганды жакшы үйрөнүп алышса деген каалоо-тилегимди айтар элем.

P.S. Эскерте кетсек, аталган сынактын калыстар тобунда Гүлнур Сатылганова, Улукмырза Полотов, Каныкей Эралиева, Гүлнара Кахарова, Асел Турдалиева, Алина Жетигенова жана Айбек Карымов бар болчу.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(14)
24.10.2011. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туптура мен кошулам ...баягы эле кыргызчылык итп...корунуп эле турбайбы
24.10.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menimche bul jerde Asel Turdalieva menen Ulukbek Polotovdun ele muzykalyk bilimi bolso kerek!!!
24.10.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан 5-6 жыл мурда ушул кыздын ырдаганын угуп алып, оозум ачылган, негизи эле мыкты ырдайт, ошол жерде болбосом да ишенем, Алымканды эн мыкты денгээлде аткарганына.Калыстар тобу ушунча к....т жаламачылык кылыптыр да... Айтпаса ичин ачышат экен.
24.10.2011. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kantip ele belgilüü insandar uşunday kılışsın
tuura ele çeçim çıgarışsa kerek
24.10.2011. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кыздын ырдаганын укпасам дагы, озун тааныбасам дагы, айткандарынын баары чын деп ойлом. Эч кайгырбаныз, сиздин кейигенинизге алар татыктуу эмес. Ийгилик!
25.10.2011. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыстар тобу белгилуу адамдарыбыз ушинтип сатылып кеткени окундурот,бул озу чынында жакшы эле ырдайт болчу.
25.10.2011. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
А менимче болсо жон гана озуно пиар жасап жатат. Кантип эле ушундай улуу инсадар ошентмек эле.Ишенбейм, Улукмырза Полотов, Гульнур Сатылганова, Асель Турдалиева..... т.д. Алар мындайга барышпайт! Силима озуно пиар жасап жатат болгону ошол....... Баардык жерде справедливость бар! Тем более мындай кишилерде болуш керек. Чыдасан катыш мындай сынактарга, чыдабасан катышпа!!!
25.10.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке мен бул конкурсту өзүм көрбөсөмда, смело айта алам: калыстар сатылып эле кетишиптир. Фольклор боюнча утуп алгандарга сөз жок, бирок эстрада жанрында баш байгени утууга Сайкалдын деңгээли азырынча жете элек, мерседеске татырлык деле үнү жок. Силима бир топ эле эл аралык конкурстарда катышып мактоого арзырлык выступать этип жүрөт. Сайкал кайсы эл аралык конкурска барды эле?!
25.10.2011. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
andormeda- мен сага толугу менен кошулам
25.10.2011. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ал ыр сынакты кордум. Чындыгында калыс баа берилген жок. Сайкалдын аткаруу чеберчилиги орто денгээлде болду, бирок баары бир ооздон жогорку бааны ыйгарышты. Экинчиден, Нурзат Садыкова ага караганда жакшы ырдады. Андан сырткары, толук кыз да жакшы ырдады. Мен анын киим экенин тааныбайт экем. Менимче Акмаанай Эшпаева окшойт. Башбайге татыксыз берилди. Сайкал аткарган ыр Уркуяга арналыптыр, изденип ыр чыгарганы жакшы. Бирок ырдын созу, обону тапталып буткондой, жаны нерсе жок.
25.10.2011. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул нерсеге тан калып деле болбойт))))азыр "жизнь" такая.....)
26.10.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Силиманын ырдаганын 1 эле жолу жакындан бир тойдон коргом. Коруп алып ырдаганы эн сонун экендигин мен эмес ошол жердеги аттуу баштуу аксакалдар алкап батасын берген. Уркуяга арналган фестивалды да кордум. Ал жердеги Сайкалдын утуп кетиши мени шок кылды. Сайкал деле таланттуудур, бирок Силиманын жанында чыйылдаган эле БИРДЕМЕ болуп калат го. Калыстар тобунун чечимине Энесинин авторитети таасир берсе керек да. Кантсе да Садыбакасова эже кыйын эмеспи...
Силиманын кебетеси орусубай элет
27.10.2011. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силиманын медиа-порталдагы "Алымканына" караганда Сайкалдын дээрлик бут ырлары уккулуктуу деп эсептейм. Кол ийрисине тартат болушу мумкун, бирок Силиманы укмуш ырчы деп деле айталбайм. Профессионалдык жактан экоо бирдей эле, "Бардыгы жалган тура бул жалганда..." деп Сайкал шоколад жеп жургон кезинен ырдап баштаганда Силиманы ата-энесинен башка эч ким ырдатып деле корбосо керек.
28.10.2011. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силиманын ырдаганын баары эле жакшы билишет.Котпогон конкурстардын лауреаты.Сайкалга караганда "укмуш" эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо