Кенже Дүйшеева: «ТУРМУШКА КЕЧ ЧЫККАНЫМА ӨКҮНӨМ»

№468 21-27-октябрь, 2011

Ай-күнүнө жетип, мына эртең көз жарам деп турганда Кенже эженин гастролго чыгып жатканын угуп таң калгам. Анда бир эмес, жети дубанды кыдырып концерт берип келди. Чынында, сахна дегенде ичкен ашын таштаган ырчыбыз 18 жыл сахнадан түшпөй келиптир. Эми бактылуу энелердин катарында бешик терметип, алдей айтып жаткан учуру.

– Бешик бооңуз бек болсун, Кенже эже. Өзүңүздүн, кичинекейдин ден соолугу жакшыбы?
– Рахмат, Кудайга шүгүр, жакшы. Кызым 12-октябрь – менин туулган күнүмдө төрөлөт го деп божомолдоп, кыялданып койгом. Врачтар ошол күндөрдү айтып жатышты эле да. Ал эми кайненем “11-сентябрь – менин туулган күнүмө белек болсун” деп тамашалап жаткан. Ош жергесине болгон гастролду бүтүрүп келгенден кийин эле өзүмдү жаман сезе баштадым. Жол азабы, анан концерт берүүнүн кыйынчылыктары төрөтүмдү жакындатып ийди окшойт. Биздин планыбыз боюнча, кызыбыз Казакстанда төрөлмөк. Ал жакка жетпей эле 19-сентябрда, Кыргызстанда төрөлдү. Өзүм кыйналып толгоо тартып жатып, кимге окшош болду экен деп коём.
Баланы боорума кысып кучактагандан тартып мен чыныгы бакытка эми жеткенимди билдим. Буга чейин аншлаг менен өткөн концерттерди, элдин кол чабууларын, жакшы клип тартсак деле бакыт деп кабыл алып жаңылышыптырмын.
– Чынында, сизди сахна деп жанын жакшы эле карч урган, эне болуу бакытын экинчи орунга койгон айымдардын катарында деп билчү элем...
– Мен көп бир тууган эмесминби. Ушундан уламбы, билбейм, турмушка кеч чыксам керек. Биринчи чыгармачылыкта алдыга койгон максаттарыма жетип алайын дечүмүн. Чынын айтсам, эне болууну элестетпепмин деле. Майрамдарда кыздар менен чогулуп калганда да тост айтылып калса, оозанганым эле чыгармачылык болчу. Бир жолу Гүлнара Калдарова “Кенже, сен өзүңдүн аялдык бактыңды деле Кудайдан тилеп жүрчү” деп калды. Ошондон кийин өзүмдүн турмушум тууралуу ойлоно баштадым. “Ар бир айтылган сөз Кудайдын кулагында” деп бекеринен айтылбагандай, өзүмдүн турмушумду ойлой баштаганыма көп деле өтпөй турмуштан жолумду таптым. Азыр айтар элем, акылдуу айым бул – эрте турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, ошол менен кошо карьераны да алып кете алгандар деп. 37 жашымда кыздуу болуп отурам. Турмушка кеч чыкканыма өкүнөм. Кээде отуруп “дагы эки-үч жыл жүрүп алсам, балалуу болбой калат белем” деген ой келип, коркуп кетем. Анан кызымды көргөндө “эмнеге мен ушундай бактылуу сезимдерден качып жүрдүм экен?” дей берем. Кээде түн ичинде туруп кызымды карап “сенсиз кантип жашап жүрдүм болду экен?” деп айтсам, жолдошум Талгат “мага рахмат айт” деп тамашалайт. Буюрса, кызымды эрте эле күйөөгө берем.
– Канча жашында?
– Ойлоп калдым, жыйырма жашында эле күйөөгө берсе болот экен деп.
– Кызыңыздын атын Томириса деп илгерки ханышанын атынан коюпсуздар. Ким койду?
– Казактарда наристе төрөлгөндө эле өкүл ата-өкүл эне шайланат экен. Бул милдетти кайнагам Акар жана жубайы Айгүл алып, ымыркайга Томириса деп ысым ыйгарышты. Бул атты бекер тандашпаптыр. Боюма бүткөндөн тарта эле менин дарегиме гезит беттерине жакшы-жаман макалалар биринен сала бири чыга берди. Анан өкүл ата-өкүл энебиз бул маалыматтарды окуп чочулашса керек. Ат коёрдо айтып жатышпайбы “бул кыз сак ханышасынын атын алууга татыктуу. Кенже канча кыйынчылыктарга кабылса, ошончо кыйынчылыкты көтөрүп, ичинде тырышып жүрүп жарык дүйнөгө келди” деп.
– Улагаңыздан канча жуп тапичке санай алабыз? Муну пландай элексизби?
– Казакстанда 5 бала төрөгөндөргө “Баатыр эне” деген наам берилет экен. Ошондон улам Талгат “Баатыр эне болбойсуңбу?” деп калат. Кудай бере берсе, ала беребиз.
– Бала-чакалуу болуп үйгө байланып, сахнадан чектелип калам деп коркпойсузбу?
– Кош бойлуу болуп жүргөндө мен чыгармачылыкта аябай эле көп нерсеге жетиштим. Ыр жыйнак чыгарып, “Жебе” тобун түзүп, анан гастролдордон да кол бошогон жок. Мени курчап турган жакын адамдарым чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп турганда сахнадан чектелип калам деген ой да келбейт. Мына жакында эле өзүң көрүп тургандай, үй сатып алдык. Чыгармачылыгым Кыргызстан менен байлангандыктан, баары бир үй керек экен. Акчанын көзүнө карабай аппаратура алдык. Гастролдорго чыгууга ылайыктуу машина заказ кылдык. Жаңы клип тарттырып, ыр жаздырып да жатабыз. Жаңы жылга чейин чыгармачылыкта жаңы нерселер менен күйөрмандарды кубантайын деп турам. Балалуу болдум деп эле үйдө отуруп калбайм.
– Көбүнчө айымдар төрөттөн кийин толуп кетишет. Сиз мындай нерсенин алдын аласызбы?
– Мен апамды тарткан болушум керек. Апам 10 баланы төрөсө деле эч кандай толгон эмес. Анын үстүнө бир орунга отура албаган жайым бар. Мындай адамдар эч качан семирбейт. Айтып коюшат эмеспи, “кыз болсо, энесинин сулуулугун тартып алат” деп. Анда жолдошум: “Биз сенин сулуулугуңа тийбей эле коёлу дедик. Убара болуп, сахнага чыгарда кечке боёнуп кыйналбасын деп. Ошол себептен кызым бүтүндөй менин сулуулугумду алды”,- деп күлүп калат. Чын эле Томириса Талгаттын эле көчүрмөсү.
– Жездебиз түнкүсүн бала карашып жатабы же жаздыкка чүмкөнүп жатып алмай адаты барбы?
– Талгатка “тө­рөөрдө мени менен чогуу болчу” десем, “макул” деген, анан убакыт-сааты жеткенде “жоок, менин жүрөгүм түшүп, өлүп калбаймынбы” деп жатпайбы. Анан мен ойлогом, бала кармагандан корксо керек деп. Жок, менден өткөн баласаак болуп чыга келди. Түнкүсүн ыйлап калса, мени “уктай бер” деп коюп өзү көтөрүп жүрө берет. Кээде кызым колума эмизерде эле тийип калат.
– Эркектердин көбү уулдуу болууну каалашат экен. Жездебиз деле уул күтсө керек...
– Мен ага “кыз болот го, анча-мынча кийим алып койбойлубу?” десем, акыркы мүнөткө чейин кыздын кийимин алуудан баш тартып туруп алды. Себеби УЗИден текшерилгенде баланын кыз-эркеги жакшы билинбей койгон да. Анан өткөндө менин туулган күнүмдө каалоо айтып жатып, “туулган күнүң менен, Томириса артынан иничектүү болушун чын жүрөктөн тилейм” деп ичинде болгон оюн айтып койду.
– Жездебизди шоуго аралаштырайын деген ой жаралган жокпу? Дегеним, концерттериңизде чогуу жүрүп калды.
– Башында ал киши шоу дүйнө жөнүндө таптакыр иши жок болчу. Эми гезиттерди, сайттарды окуп, “силердин жашоо бир караган адамга жеңил сезилгени менен, көрө албастыктар, бут тосуулар менен коштолуп, аябай эле оор экен” дечү болду. Концерттерди өз көзү менен көргөндөн кийин “эмне үчүн эл сени сурап жатса иштебешиң керек?” деп мага дем-күч берип жатат.
– Маегиңизге рахмат. Томириса бактылуу кыздардан болсун!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(35)
24.10.2011. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенже эже бешик боонор бек болсун дагы да майда тапичкелер кобойсун жолдошунуз менен омур бою кол кармашып бактылуу болгула сиздин талантынызга мин мертебе таазим кылабыз сизди аябай сагындык чет жерде жургондуктон сиз жонундо жанылык куто берем
24.10.2011. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне болуу кандай бакыт,куттуктайм!
24.10.2011. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акг тобу тузулгондо аябай кубанганбыз кенже эже гульнара эже айжамал биз силерге ишенебиз баардык бут тоскондорго коро албастыктарга алынар жетет талантынар менен кыз бураксыз деле дагы далай ийгиликтеринер алдыда сахнадан кетпегиле дагы бир жолу талантынарга таазим
24.10.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боо бек болсун! Бактылуу кыздардан болсун!
24.10.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз, бешик боонор бек болсун!
24.10.2011. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
браво.....
24.10.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beshik boonor bek bolsun kuttuktaim!Tomirisanyn artynan emi uuldar kelsin.
24.10.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ достум сенда тородун ааээ.жакында бизда торойбуз!!!
24.10.2011. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонуз бек болсун! эч качан окунбонуз,баары сонун! Эн башкысы аман эсен чоноюп,эл керегине жараган кыздардан болсун!
24.10.2011. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cakin arada men da ushunday bakitka jetkim kelet. Ushuncalik tileym KUDAYdan!
24.10.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик боосу бекем болсун омуру узун бактылуу кыздардан болсун.Балдар биздин бактыбыз.
24.10.2011. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боо бек болсун,дагы да тороп,тороп кое бер.Куйоо балага куч берсин.
24.10.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз Кенже эже!!! кызыныз омурлуу, таалайлуу болсун!!! жолдошунуз менен кармашкан колунар эч узулбосун!!!
24.10.2011. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонор бек болсун ! Наристенин омуру узун, бактылуу кыздардан болсун ! Эми жездеме да шерик тороп берин батырак !
24.10.2011. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонуз бек болсун!
24.10.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынар омурлуу болсун кызматын коргуло! Кенже эже дагы жаны ырлар менен чыксаныз экен!
25.10.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijamal tolup alyptyr go
25.10.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне болуу кандай гана бакыт экенине дагы бир жолу суктанып турам, 2013 жылы мен да ушул бакытка ээ болсом деп турам :) Кызынар бактылуу, узун омурлуу болуп чонойсун.
25.10.2011. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнара менен Айжамал 90 90 90 болуп алыптырго
25.10.2011. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eric-81, Tochno japjash ele go emne tak rasspustilis ayal degen postoyanno ozuno koz salyp dieta karmap jurush kerek da. Oshon uchun ayal delet suluuluktun simvolu
25.10.2011. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эженин кубанычы койнуна батпай турган убагы экен. Мен дагы Кенже эжени бешик боосу бек болушун каалайм!!!
25.10.2011. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эжеге ден-соолук жана уй булолук бакыт каалайм!
25.10.2011. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызын омурлуу,абийирдуу,ымандуу кыз болсун ылайым!
25.10.2011. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenje eje krasvitsa bolup ketti turmushka chykkandan beri. Vidno shastye jnshiny v eye semye. Baktyluu ene bolunuz dagy kop balaluu bolunuz
25.10.2011. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боо бек болсун! Бактылуу кыздардан болсун!
27.10.2011. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боо бек болсун!Омуру узун,бактылуу кыздардан болсун.
27.10.2011. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгуула.кармашкан колунар омур бою узулбосун.кызынар чон кызбосун.
28.10.2011. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болсун бактылуу болгула
28.10.2011. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуз Кенже эже
28.10.2011. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже бешик боонор бек болсун! Кудай сизге кубат берсин азамат аялзатынансыз.Жездебиз да азамат киши корунот.Бактылуу болунуздар.Баатыр эне болунуз. Албетте ишинизге ИЙГИЛИК каалайм.
12.11.2011. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men chyn jurogumdon Kenje eje uchun kubanychtamyn! chyn ele ayal zaty uchun balaluu bolgondon awkan bakyt bolboso kerek!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо