Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Психолодун кеңеши. «УУЛУМ САБАКТАН КАЧАТ. ЭМНЕ КЫЛАМ?»

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

– Уулум Алтынбек 5-класста окуйт. “Башым ооруп жатат, ичим ооруп жатат” деген шылтоолорду айтып, сабагын көп калтырчу болду.
Ал гана эмес, жалаң “4” жана “5” деген бааларга окуган баламдын күндөлүгүндө “3”, “2” да пайда болууда. “Эмне начарлап кеттиң? Сага эмне жетишпейт, баары жетиштүү го?” деп урушсам, унчукпай кутулат. Класс жетекчиси мени чакырып, уулумдун окуусу начарлап баратканын, сабактарга кааласа катышып, каалабаса качып кете турганын айтты. Түшүнө албай жатам. Бала кандай учурда сабактан качат? Анын окууга болгон мамилесин кантип өзгөртсө болот? Ушул суроолорго жооп күтөм.

Мээрим, 32 жашта, Таш-Көмүр шаары.

– Мээрим, сиздикиндей маселеге тушуккан ата-энелер четтен чыгат. Себеби учурда жогорку класстын гана эмес, башталгыч класстын окуучуларынын, өзгөчө эркек балдардын мектепке баруудан баш тартуусу көп кездешүүдө. Катыңызды окугандан кийин “бала кандай үйдө тарбияланат? Бош убактысында эмне кылат?” деген сыяктуу суроолор пайда болду. Ошентсе да сиздин “бала сабактан эмне үчүн качат?” деген сурооңузга жооп берейин.

Биринчиден, классташтары менен келише албагандыгынан же мугалиминин жакшы көңүл бурбай коюусунан улам бала чүнчүп, мектепке баргысы келбей калат. Бала ушундай жагдайга туш болуп калганын билсеңиз, мугалимине жолугуп, бул тууралуу ачык сүйлөшүңүз. Эгер бала арткы партада отурса, алдыңкы партага жылдыруусун өтүнүңүз.
Экинчиден, учурда окуучулар арасында рэкетчилик деген нерсе өнүккөн. Балким, уулуңузга жогорку класстын балдары салык салып жаткандыр. Бул жагын да изилдеп көрүңүз. Эркек балдардын көпчүлүгү жеке маселелерин ата-энесине айтышпай, “өзүм чечип алам, аларды беймаза кылбай же арызданды деп шылдыңдашат” деген ойдо жашырып жүрө беришет. Мындай учурда бала өзүн коргоп алчу ата-энеси, жакындары бар экенин биле жүрүшү шарт.
Үчүнчүдөн, буга чейин эң жакшы окуп келген бала үчүн күтүлбөстүктөн “2” алуу жаман таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер балаңыз төмөн баа алып келсе, катуу жемелебеңиз. Андан көрө кайсы сабактан жетишпесе, репетитор жалдайсызбы же өзүңүз жардам бересизби, айтор, баланын ошол сабакты батыраак өздөштүрүүсүнө жардам бериңиз.
Төртүнчү себеби, көпчүлүк ата-энелер “балам жашынан көп нерсеге жетишсин” деп сабактан кийин бала кызыгабы, кызыкпайбы, зордоп бир нече ийримдерге жаздырып коюшат. Сабактан чыгып ийримге, ал жактан келип тапшырманы даярдамай. Мындай ашыкча талаптардан улам бала чарчайт. Андыктан баланын эс алуусуна да убакыт бөлүүнү унутпаңыз. Эгер “чарчадым” десе, анда 1-2 күн эс алууга убакыт бериңиз. Бул убакытта ал өзүнө энергия топтой алат.
Бешинчи себеби, баланын сабакка көңүл чаппоосу, калтыруусу үй-бүлөлүк жашоого, андагы келишпестиктерге, чыр-чатактарга, ажырашууга жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичимдик ичүүсүнө да байланыштуу. Андыктан баланын көзүнчө мындай жаман адаттарга баруудан, чырлашуудан алыс болуңуздар.
Мындан сырткары баланы мектепке узатып жатканда жана тосуп алганда капа тартып турсаңыз да жакшы маанай менен жылмайып тосуп алып, коштошуп жүрүңүз. Мындан сырткары ага анын башталгыч классындагы жана өзүңүздүн окуучулук кезиңиздеги кызыктуу окуялардан айта жүрүүнү унутпаңыз.
Урматтуу Мээрим, бул кеңештерди окугандан кийин уулуңуз менен кенен отуруп сүйлөшүп, анын сабактан качуусунун себебин билип, туура жыйынтык чыгарасыз деген ойдомун.

Бул суроого “Paradise Sun” психологиялык борборунун психологу Гүлай Акбутина жооп берди.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?”, “эмне кылам?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу берсеңиз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
31.10.2011. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кеңеш экен. эсте болот.
31.10.2011. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
“өзүм чечип алам, аларды беймаза кылбай же арызданды деп шылдыңдашат” Супер-инфонун жамааты газетаны элдин баары окуйт да. Диалектизмдерге жол бербей накта адабий кыргыз тилинде жазгыла!
31.10.2011. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mykyw, биринчиден, бул суйломдо диалекти дегидей соз жок. Экинчиден, макул дилектилик создор кошулуп кетти дейли, андан кыргыз тили байыйт. Кайдагы кылмыштуу чойролордун "блатной" создору тилибизге кирип, аны булгагандан коро диалектилик создор менен тилибиздин коронгосу байыганы жакшы эмеспи, кандай дейсиз?
03.11.2011. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shasi, мен сиздин пикиринизге кошулам. Кыргыз тили диалектиси менен бай. Кыргыз тилинде атайын диалект деген чон болум бар. Кыргызстанда тундук туштук диалектиси бар. Ал эми Кытай кыргыздарында да биз унутуп калган айрым кыргыдын сонун создору сакталып калган.
31.10.2011. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер жазылыптыр.
03.11.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balani chonoitush abdan kyiyn bolso kerek...menin ata-enem kichinekei kezibizden katuu karmachu...azyr Kudaiga shugur tartiptuu ele baldar bolduk..Ata-enebizdi uyat kylgan jokpuz..Men sizge bere turgan keneshim Balany kichinekeyinen katuu karmash kerek.
03.11.2011. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер берилиптир, рахмат.
05.11.2011. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы психологго көрсөткүлө тез аранын ичинде! Балким педофилге жолугуп калгандыр!
05.11.2011. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыздын достору,классташтары кандай балдар алар жакшы окушабы же? Бул суроону тактап алыныз себеби балага чойросу эн чон таасир берет.Азыркы балдардын арасында окуп улгулуу болгондун ордуна окубай,рекет болуп авторитет болгон жакшы.Баланызды урушпай аны бироолор уруп жатса эч кимге айтпашынызды айтып жакшы суйлошуп корунуз,балким жыйынтык чыгаар.Эгерде рекеттерге кабылса мектепке барып чыр салбаныз,баланыздын абалын ото оор абалга алып келесиз.Бул балдар арасында "саткынчы""кыз"деп тушунушот.
10.11.2011. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айрыкча 7-8-9 класстарда (переходной возраст) болгондо сабактан качуу деген бул озунчо чон иштей сезилип калат менимче....эркиндикти каалап, бироо каттуу суйлосо жактырбай, "МЕН" дегени кобойуп дегендей...ушул моментте ата-эне балага кобуроок конул буруш керек го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо