КИМ ТХЕ ХИ – УЛУТТУН СУЛУУЛУК МУРАСЫ

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Сулуулугу менен кичинесинен бери мырзаларды суктандырган актриса, «корей толкунунун» дагы бир жылдызы Ким Тхе Хи сиздер менен таанышат.

Туулган жылы – 1980-жыл, 29-март.
Туулган жери – Түштүк Кореянын Улсан шаары.
Хоббиси – Тасма көрүү, ити менен сейилдөө.
Жакшы көргөн актрисасы – Николь Кидман.
Билими – Сеул улуттук университетинин кийимдер боюнча дизайнер бөлүмүн аяктаган.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Дини – Христиан.
Бою – 165 сантиметр.
Салмагы – 45 килограмм.
Тартылган сериалдары – “Менин ханышам” (“My Princess”), “Айрис” (“Iris”), “Бейишке барчу тепкичтер” (“Stairway to Heaven”) жана “Тыюу салынган сүйүү” (“Forbidden Love”). Ушул тасмадагы ролу үчүн “Эң мыкты жаңы жылдыз” деген наамга ээ болгон.

“ӨМҮРҮМДӨ КИМдей ИДЕАЛДУУ СТУДЕНТТИ КӨРГӨН ЭМЕСМИН”
Ким Тхе Хи – атактуу корей актрисасы. Ал 1980-жылы 29-мартта Түштүк Кореядагы Улсан шаарында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Иниси Ли Ван да актёр. Ким кичинесинде аз сүйлөгөн, бирок өз иниси жана кошуна балдар менен көп мушташкан тентек кыз болгон. Мектепте жакшы окуп, жакшы бааларды гана алчу. Сулуу болгондуктан, балдар терезеге тизилип, аны бир көрүп алууга ашыгышчу.
Мектепте аны Headbanger Head» – «баш», «banger» – «фейерверк») деп аташчу. Анткени ал түн ортосунда да сабак окуп, сабакка барганда үргүлөп уктай кетип, кайра бат эле ойгонуп, анан сабакка катыша баштачу.
Окуу жайда окуп жүргөндө да Ким активдүү студенттердин катарын толуктачу. “Мен өмүрүмдө мындай идеалдуу студентти көргөн эмесмин”,- деп эскерет актрисанын окутуучусу.

МЕТРОДОН БАШТАЛГАН АТАК
Ким студенттик күндөрүнүн биринде метродо баратып бир дизайнердин көзүнө илинет. Ал киши Кимге шыр эле модель болууну сунуштаган. Бул убакта Ким Тхе Хи келечектеги жолун тандай элек болчу. Ошондуктан сунушка оң жооп берип, модель болуп иштеп калат. Модель болуп жүрүп жарнама, кино чөйрөсүнө аралаша баштайт.
2000-жылдан тарта жарнамалык роликтерге тартыла баштаган. 2001-жылы алгачкы жолу “Акыркы белек” фильмине тартылган. Ушул тасма аркылуу бүткүл Кореяга таанылат. “Экран”, “Бейишке кеткен тепкичтер” жана “Менин инимдин үйүндөгү маселе” сыяктуу сериалдарда башкы ролду жаратып, актрисалык өнөрдү өркүндөтүп кетет. Сулуулугу жана престиждүү Сеул университетин бүтүргөндүгү анын атактуулугун арттырган.
2008-жылы бир азга эс алууга чыккан да, 2009-жылы Ли Бён Хон менен “Айрис” аттуу шпионаждык драмага тартылат. Бул драма катуу сындарды жаратканына карабай көп акча, ийгилик алып келген. Аталган фильм азыркы убакта Азиянын бардык тарабына тараган. Анын режиссёру Янг Юн Хо Кимге “Гран-при” деген тасмасында башкы ролдогу ат жокейинин (ат чабышта чапкан атка минүүгө маш киши) ролун ойноону сунуштаган. Ким атка мингенден корккондугу үчүн ролду жеткиликтүү аткаруу кыйынчылык туудурган. Үйрөнгөндөн кийин атка минүү жагып калгандыгын айткан.

ЖАРНАМАНЫН ЖҮЗҮ
Ким тартылган жарнамалар күйөр­ман­­да­ры жана керектөөчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынат. “Актриса жарнамалык роликтерге караганда кинолорго тартылса жакшы болмок” деп сын таккандар да арбын. Тескерисинче, “Тхе Хинин актрисалык өнөрү жок, тек гана сулуулугу бар” деп да сындашат. Анткен менен, ал азыр Азиядагы эң атактуу актриса катары таанымал.

СЫНДАР ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМ
Сулуулугунан улам корейлер аны «улуттун сулуулук мурасы» деп аташат. Бирок «ал жакшы актриса болуу үчүн көп эмгектениши керек» дегендер да жок эмес. Мындай пикирлерге ал «азыр мурункуга караганда жакшы эле ойноп калдым . Бул менин кино ааламындагы узак жолумдун башталышы гана» деп жооп берет.
Интернет баракчаларынан сындарды окуп, атактуу айымдын өтө кыжырданган күндөрү болгон. «Кээде жашагым да келбей, ошол эле учурда ичимдеги бир сезим ал сынды кабыл албоого жана мындан да катуу иштөөгө түртөт» деп өзүн жооткотот.

ЯПОНДОР КИМ ТХЕ ХИге КАРШЫ
Жакында Японияда актрисага карата каршылык акциялары өттү. Алар актрисага «сизге Япония жакпаса, анда бул жактан акча жасабаңыз» деп чыгышкан. Анан да аны жарнама үчүн чакырган телекомпанияларга каршылыгын билдиришкен. Бул каршылыктар 2005-жылдан бери уланып келет. Анткени 2005-жылы актриса иниси – актёр Ли Ван менен кошо Щвейцарияда «Токто аралдары Кореяга карайт» деген жазуусу бар футболка кийип чыккан. Бул Корей жана Япон аянтындагы талаш-тартыш жараткан арал болгондуктан, япондор актрисага капа.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Ким Тхе Хи - улуттун сулуулук мурасы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
31.10.2011. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да в Корее походу родись красивым и счастье тебе - ты и модель, ты и актер, ты и певец, вообщем, звезда.
SUPER.KG видео
01.11.2011. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuugandar, videolordu korup butkuche chachym agara turgan boldu, karap koygulachy ADMINDER!
SUPER.KG видео
01.11.2011. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу админ видеолор коргозбой жатат
SUPER.KG видео
02.11.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуулугуна соз жок, бирок бойлору 1 карыш болот да жаль, а эркек балдарына вообще жарашпайт.
03.11.2011. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я её люблю на всегда,она самая красивая в мире.хD
SUPER.KG видео
03.11.2011. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam baaryna,men azyr katto boldum birok videonu koro albai jatam , suranych jardam bergilechi
SUPER.KG видео
03.11.2011. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Американо сизге кошулам корейлер зацыклены на внешности.
SUPER.KG видео
04.11.2011. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
horowaya aktrisa spasibo vam za novosti
16.02.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сулуу! Элинин берген баасы эн сонун "Улуттун сулуулук мурасы!" соз эмес бекен!
SUPER.KG видео
29.07.2012. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор, жанырып жаткан ырды таап бергилечи
SUPER.KG видео
29.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
polpota, улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жана башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо