№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
“Этеги жок, жеңи жок кийим чыгар,
Акча кагаз пул болуп, тыйын чыгар...” Калыгул Бай уулу“Этеги жок, жеңи жок кийим чыкты,
Кыз-жигитиң өбүшүп клип чыкты...” Толик Сынчы
АЛГЫ СӨЗДҮН ОРДУНА
Эми мындай, окурманым, жогоруда Калыгул Бай уулунун ыр саптарынан мисал келтирдим. Муну окуган клип ээлери “ий, жаман, өзүн Калыгулга теңеп алыптыр” дешери да бештен белгилүү. Андыктан алгы сөздү азыркы заманга салыштырып жаза койгонум болбосо, менде ойчул болуп кетүү ой деле жок.
Айлар айланып, жылдар жылып отуруп доорлор өттү, заман өзгөрдү. Кесиптешим Астра Айдарова айтмакчы, кыргыздын киносунда “туздуу” делген эрокадрлар кездешет, а клиптердечи? Албетте, тасмадан айырмаланып, клипте дырдай жылаңач болбосо да жамбаш-төшү көрүнгөн, тоодактай болуп кийинген кыздар клипке көп тартылууда. Чынында, азыр аталчу клиптерди чыныгы эротика деп айтуудан алыспыз, өбүшүп-жытташуу сыяктуу кадрларды камтый турганын айтайын. Ачык тартылып, тарттыргандан уялбаса, аны чымчый койгон бизде айып эместир.
БЕКА, “ГЛАМУРНАЯ ЖИЗНЬ”
“Сагындым, сагындым” деп ырдаган Бека аттуу ырчыны билгендер болсо, “Гламурная жизнь” деп аталган ырынын клибин көргөнсүңөр. Америкалык 50 cent деген рэперди жолго таштайт Бекаңар. Ишенбейсиңерби, жогорудагы клипти көрсөңөр, ырдын сөзүнө жараша эле тартылган. Ич кийимди, купальникти, тамеки, шарапты бекер жарнамалап бер десе деле болчудай экен, бул ырчыга. Анткени аталган клипте дал ошондой кадрлар камтылган. Купальникчен кыздар көйкөлүп, жамбашын ары чайкап, бери чайкап басышат, акырында Беканын бетинен өбүшөт. Иши кылса, азыркы жаштар ушундай, жашоо керемет, казино, тамекини мына ушундай тартат дегендей эле маани берилген окшойт.
АРСЕН, “ЭСИМДЕ”
“Жаңы толкун” фестивалына баргычакты бул жигитти “кандай клип тартат, эмне жөнүндө ырдайт?” деп кызыгуу жаратпаган көрөрман, окурмандар да кездешчү. Юрмаладагы фестивалдан соң ажо айым баш болуп таанып, Арсендин «курсу» көтөрүлгөнү ырас. Арсендин “кыргыз клиптерине өзгөчөлүк киргизейин дедим” дегенин клипке кошкон “салымы” деп кыз-жигиттин эрдинен сүйүп, илебине илебин тийгизип койгон кадрын түшүнөт окшойбуз. Кимдир бирөөлөр үчүн эзилишкен кадр клиптин “фишкасы” чыгар. Бирок улуу муундагылар үчүн “ой, өчүр, жытташкан клипти көрбө дебедим беле” болушу толук ыктымал экенин эскерте кетпесек болбос.
МИРБЕК АТАБЕКОВ, “YOU ARE MY DESTINY”
Майда-чүйдө концерт дегендерге барбай, өзүнүн баркын билген Мирбек Атабековдун бул клиби жаштар толкунун кызыктырган эле. Анан эмне, клипте кыздар сүйгөн Мирбеги кылыктанган ич кийимчен кызга арбалып жатса, кызык да. Башка актёр жалдабай эле Мирбек өзү аткарып жатса, “ммм... бала кыйын го” деген сөздөр асыресе жаралат. Ошол эле учурда “аа, клиптеги кыз башка улуттан да, боло берет” деп дале сүйүктүү ырчысынын махабат клибине тил тийгизгиси келбегендер кездешет. Анткен менен Мирбектин ырларын сүйүп уккан кыргыздын өзүнө мүнөздүү менталитети бар, бирөө айтпаса экинчи бирөө айтып жекирет, жемелейт, жактырбайт дегендей эле кеп.
АЙПЕРИ СЫДЫКОВА, “АПАКАЙ АК КУУ”
Бул кыз “Кыз-Бурактан” бөлүнгөндө “молдо болуп кетти” деген сөз менен кошо кеткен болчу. Арадан жылдар өткөн соң Айпери Сыдыкованын “Апакай ак куу” деген ыры жаңыра баштады. Ошондо Гүлшайыр эже чаң салды, чын, чаң салды “ырдабайм деп кетип, эми эмнеге чыгып жатат?” деп. Тарбиячы эжеси менен тең тайлашып, керек болсо Айпери гезит аркылуу акыйлашканга чейин барган. Андан кийин эле мына сага деп ошол ырына клип тартып салбаспы. Ошондо Гүлшайыр Садыбакасова “ушинтип клип тартпай эле койсо болмок” деп бекеринен сан чапкылабаптыр. Анткени Айпери сөзү, обону келишкен “Апакай ак куусун” көңүл иренжитчү клиби менен көөлөп койду. “Клип турмуштан алынган, мындайдын эч уяты жок” дешиңер мүмкүн. Бирок клипмейкердин эмес, жөнөкөй көрүүчүнүн көзү менен караганда деле калпыс клип дегенге кийирем.
Качан эле кыргыз ырчылары өбүшүп, төшөккө жатканга чейинки клиптерди тартышчу эле? Миң арман кылып, “аттиң, ай, жетпей калдым, башкага кетип калдың” деп сыздабасын Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, “кээ күнү тегирмендин барасына жанчылгым келет” деп ырдаган Асанкалый Керимбаев сындуу эстраданын дөө-шаалары да мындай клип тартпаптыр, катыгүн. Же бир заманбап десең, заманбап клипке коошпойт. Кыскасы, Айпери кайын журту менен кошо отуруп өзүнүн клибин көрүп калчу болсо, киргенге жер таппай калат болуш керек, уялганынан. Балким, тескерисинче, сыймыктануу менен отурабы, ыя?
АРМАН, “SEXY, SEXY”
Көпчүлүк жаш кыздар ырын угуп, өзүн көрүп шилекейин жутуп алчудай болуп жатканынан Арманда бир мандем бар дейсиң. Ал мандем, албетте, өзү мойнуна алса-албаса да Энрикени туурап ырдап, клип тартып шоу дүйнөгө дүң болуп жатканында. “Sexy, sexy” ырындай эле клип да “sexy”. Продюсери Александр Беловду билебиз, жалаң заманбап клип тартат. Өзгөгө тарткандан көрө өзүмдүкүн тартайын дегенби, айтор, Армандын “Сексисин” өкүртө тартыптыр, кайран. Бир клубда эле ич кийимчен кыздар менен кыздар сылап-сыйпалашып, кыз менен жигит өбүшүп-жытташып диванда жатат. Мына сага, “туздуу” эпизод.
Башканы коюп, “Супердин” сайтынын эле колдонуучуларынын арасында “бетим, биздин менталитетке туура келбейт”, “менин балам ушундай клиптерди көрүп чоңоюшун каалабайм”, “эртеңки келечек ээлери ушундай клиптер менен чоңоёбу?” деген сындарды айтып, заманасы куурулгандар арбын.
Толик сынчы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Баштын ичиндеги мээни иштетип башкача сенсация кылса болбойбу кыргыздын менталитетине туура келген...
shaitan da ushul symal asta aazdan azgyrtat. Oigon!
Сенин кызыны же апаны ушинтип клипке тарталы !!! Мен "лично" каршы эмесмин ошол клипти коргонго жана элге таратканга...