АКСАК ВАНЯ

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Жомоктор дүйнөсүндө

(Башы өткөн саныбызда)

Ошондо Ваня карыя турган жеринен сотко карап: “Калыс сот имиш. Калыс эмей эле адамдын күлкүсүн келтирген акмак экенсиң”,- деп жанагы балдардын ырынын обонуна салып ырдап кирет.
– Токтоту­ңуз!- деп сот катуу талап коёт. Ага болбой эле абышка кайра күчөп ырдай берет. Соттун ачуусу келип кызарып чыгат да, жардамчыларына абышканын колу-бутун кайрып алып чыгууну буйруйт. Ошондо аксак Ваня:
– Көрдүңүзбү урматтуу сот, мен сизге жети ирет гана ырдап бергенимде сиз ачууңузга чыдабай кызарып чыктыңыз. Эми элестете бериңиз, мен бул ырды күнүнө ондон кем эмес жолу угам. Анан кантип жиним келбесин?
Акыркы күндөрү балдар шыл­дың ырын ырдап гана өтүп кетишпестен, түртүп качышчу болушту. Бутумдун ооруганына чыдабай жыгылып кетем. Анан аксаган бойдон аларды кубалап жөнөйм. Бул балдарга кызык көрүнсө керек. Канча айтсам да түшүнүшпөдү. Ал тургай ата-энелерине да арызданган элем. Эч кандай майнап чыккан жок. Акырында минтип колума тийген нерсе менен уруп калууга мени өздөрү мажбурлашты. Ошол себептен мени катуу жазага тартпайт деген үмүтүм бар, урматтуу сот,- деп кайра абалды башынан түшүндүрө баштайт.
Мындай сыноодон кийин сот ойлонуп көрүп, абышканы бошотуу чечимин чыгарат. Ошондон кийин сот абышкадан кечирим сурап, тентек балдарга жана алардын ата-энелерине эскертүү берет. Ата-энелери балдарына кары адамдарды сыйлоо керек экендигин түшүндүрүшөт. Ал эми көчөдөгү балдар ошол күндөн тартып абышка менен саламдашып өтчү болгон экен.

(Аягы)

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо