МЕН СҮЙГӨН КАРАГАТ

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Өлкөсү – Кыргызстан
Чыккан жылы – 2011
Жанры – Мелодрама, комедия, боевик
Продюсери – Бек Борбиев
Режиссёру – Руслан Машрапов
Оператору – Азиз Осмоналиев
Сценарийин жазган – Бек Борбиев
Композитору – Өктөм Сапар уулу
Ролдордо – Бек Борбиев, Назира Бердигулова, Санжар Бердибеков, Жакут Сыдыков, Мая Давлеткулова, Жыргал Тєрєгелдиев жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 29 мүнөт

СҮЙҮҮНҮН АРУУЛУГУ ЖОЛУГУУДА ЭМЕС, САГЫНУУДА
Орусиядан өз мекенине кайтып келаткан Шумкар (Бек Борбиев) жолдон кырсыкка кабылат. Каракчылар аны тоногондон кийин атып, сууга ыргытып жиберишет. Айыл четинде жашаган Мурат ага аны кокусунан көрүп калып, суудан алып чыгып үйүнө алып келет.
Боорукер, камкор Мурат аганын үйүндө энесиз өскөн жалгыз бой кызы – Жамал бар эле. Шумкар Мурат аганын үйүндө жашап жүрүп, анын эрке кызынын карагаттай көздөрүнө, эрининдеги калына, жүзүндөгү жылдызына арбалгандан арбала берет. Жамал да Шумкарды сүйүп калган эле. Бирок экөө тең сезимдерин айтуудан тартынышчу. Ошентип, Шумкар "карагатынын" чайын ичип, жараатынан айыгат.
Күндөрдүн биринде Шумкар Жамал шаарга баратканда жакын досу Керээзге жазган катын берип коюусун өтүнөт. Катты окуган Керээз Жамал менен айылга заматта жетип келет. Мурат аганын үй-бүлөсүнө рахматын айтып, Жамал менен коштошуп, Шумкар досу менен өз жолуна түшөт. Арадан күндөр өтөт. Бирок Шумкардын оюнун баарын Жамал ээлеп, аны унута албай же сүйүүсүн айта албай бушайман болот. Бул маалда Жамал да так ушундай абалда эле. Күтүлбөс жерден Керээзди бизнесине байланыштуу кримдүйнөнүн өкүлдөрү атып кетишет. Досу үчүн өч алмакчы болгон Шумкар да чек арадан дарыя кечип өтүп бараткан жеринен окко учат.

ИДЕЯСЫ БЕК БОРБИЕВГЕ ТААНДЫК
Тасманы тартуу иштери 10-майда Токтогулдан башталып, август айында аяктаган. Жалпысынан тасмага майда-чүйдө эпизоддорду кошпогондо 28 актёр катышкан. Фильмде жашоодогу криминалдык көрүнүш, капысынан адамдын тагдырынын өзгөрүшү, адамдардын сүйүүгө болгон мамилеси, ач көздүк, байлык, достук, күтүлбөгөн оор кырдаалдарга адам кантип туруштук бере алганы көрсөтүлгөн. Кримдүйнө менен мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин тил табышып алып, рейдерлик менен бирөөнүн мүлкүнө кол салуу көйгөйү да кеңири чагылдырылат.
Режиссёр Бек Борбиев менен 1993-жылдан бери жакын тааныш болуп, ага агасындай мамиле кылат. “Мен сүйгөн карагат” тасмасын тартуу тууралуу ойду Бек Борбиев өзү сунуштаган. Экөө кеңешип, сценарийин талдап, актёрдук курамды бир пикир менен бекитишкен.
Тасма тууралуу режиссёр – Руслан Машрапов мындай дейт:
Мен чыгармачыл инсан катары жараткан эмгегимди тамакка салыштырам. Мисалы, ашпозчу ар кайсы кошулмалар менен тамакты даамдуу кылып жасайт эмеспи. Ошонун сыңары, мен да эмгегиме кичине күлкү, ый, ыр, криминалдан чымчып кошконго аракет кылдым. Негизинен, тасманын өзөгүндө сүйүү жатат, бирок башка жанрлар да бар.

“БАШ КААРМАН РОЛДОН БАШ ТАРТЫП...”
Санжар Бердибековго туура образ таптык деп ойлойм. Ал тасмада өзүн эле ойноду. Элден да “Санжар фильмдин көркүн ачыптыр” деген сөздөрдү угуп калдым. Ал эми Жамалдын ролундагы Назира Бердигулова деген актрисаны тартууну мен сунуштагам. Бирок Назира башкы ролго эмес, Жамалдын курбусунун ролуна бекитилген болчу. Тилекке каршы, Жамалдын ролуна тартыла турган модель кыз эртең тартуу иштери башталат деген түнү чалып, белгисиз себептерден улам баш тартып койду. Күтүүсүздөн Назирага башкы ролду берүүгө туура келди,- дейт режиссёр.

Бек Борбиев, ырчы, продюсер:
Мен фильмде ролумду жеткиликтүү аткара алдымбы же жокпу, аны эл таразалап, эл чечсин. Бул – мен тартылган экинчи фильм. Алгач 1993-жылы жаңы ырдап чыгып жүргөндө Нурбек Эген менен Руслан Машраповдун “Ак жоолукчан” деген тасмасына катышкам.
"Мен сүйгөн карагат" фильминин сценарийин өзүм жаздым. Уюштуруу иштеринин баарына активдүү катыштым. Кыйынчылыктар көп болду. Бирок баарыбыз жапа тырмак жардамдашып, жети айда тартып бүттүк. Ал эми тасмадагы бардык кооптуу жерлерди каскадёрдун жардамысыз эле өзүм аткарып жаттым. Айрыкча дарыяда агып бараткан эпизод эстен чыкпайт. Ошондо суунун муздагы мээме чыккан. Тартуу учурунда кызыктуу да, күлкүлүү да окуялар көп эле болду.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Тасма Бишкек, Токтогул, Ысык-Көл аймактарында тартылган.
  • Шумкар менен Жамалдын дөңсөөдө жаратылышка суктанып отурган Ак-Булак көлүнө жетүү үчүн Токтогулдан ары 2 саат машина менен, андан улай, 2 саат ат менен барышкан.
  • Тасманын саундтрегин ырчы – Мая ырдайт.
  • Фильмдин башында Жамал үйгө кирип келип, канга боёлгон кишини көрүп көзүн алайтып туруп калмак. Ал эпизод 50-60 дубль менен тартылып, бирок фильмге кирбей калган.
  • Тасманын эпизоддук ролунда бильярдчы – Каныбек Сагынбаев да бар.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


Репортаж - Мен сүйгөн карагат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
28.10.2011. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy kino okshoit, Kyrgyzstanga baraarim mene korbosombu, Bek Borbievdin akterluk sapatyn baalap korolu.
SUPER.KG видео
29.10.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвага жонотуп жибергилечи
SUPER.KG видео
29.10.2011. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадагы "Киргия" кинотеатрларына да жаңы кинолордон койуп турсаныздар жакшы болмок,ишемби жекшемби күндөрүн көп мекендештерибиз квартирада эле өткөрүшөт.Кайсыл жерге барып кантип көңүл ачарын билишпейчи....Жакшы кино экен,Бек Борбиев байкебизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз
SUPER.KG видео
29.10.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дискттери сатууга чыга баштагандыр ээ?
SUPER.KG видео
30.10.2011. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип тез коробуз москвада дисктерин тапса болоб бекен
SUPER.KG видео
30.10.2011. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Москвага да коюп кеткилечи,журокту эзбей.
SUPER.KG видео
30.10.2011. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз айабай татынакай экен суйуп калдым эмне кылсам эми
SUPER.KG видео
30.10.2011. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Бек байке карыган сайын эле жаш кыздар менен чыга баштадыго ия
31.10.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну коробуз ..жакшы болсо...
31.10.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек экен
SUPER.KG видео
31.10.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огооо жакшы тасма болсо керек-коруш керек экен!!! детектив окшойт озунчоле...эмнеси болсо да кинону коргондон кийин анан жазам
SUPER.KG видео
31.10.2011. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино корунот качан дсктери чыгат болду экен?
SUPER.KG видео
31.10.2011. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы сайттан корсо болот болду экен?
01.11.2011. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой бизге качан жетет эми Бек байке Москвага да келип коюп кетинчи суранам!!!


01.11.2011. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Руслан Машраповдун “Ак жоолукчан” деген тасмасына катышкам.

Ушул киносун кайдан тапсак болот айтып койгулачы???
02.11.2011. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодо Санжардын образы, ойногону абдан жакты. Озунчо корк, кулку кошот экен. Жалпысынан алганда тасма жакты, бирок ото эле "жестоко" бутуруп коюшуптур. Бирок Бек байке убада берди "кийинки тасманы андай кылбайм" деп:)
SUPER.KG видео
03.11.2011. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй, кыргыздын артистери, кичине бети-башынарды ондоп алып сахнага чыккылачы, былтыйгандан былтыйып эле баратасынар баарынар, бетинерди тырыш басып. Концерт коюп акчаны чогултканды билесинер, пластикалык хирургия дегенди уксанар керек, жарым саатта озгортуп салат! Силердин ырайынар силердин нанынар, куйормандарга уважение деген барбы силерде? Тылкыйган беттерди базардан деле коруп атпайбызбы, телевизорун койсон деле ошол... Кыскасы, ойлонгула!
SUPER.KG видео
03.11.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janet akterlordun kebetesi jakpasa korboi dele koison bolot,biz kyrgyz bolup ozubuzdu ozubuz syilabasak bizdi bashkalar syilamak bele,en jakshy tartylgan bul kino buyrsa men dagy korom
SUPER.KG видео
03.11.2011. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МММ жакшы кино экен бирок мага кыз жаккан жок жалдырайт го.
SUPER.KG видео
04.11.2011. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мира, мен азыр бир эле Бекти айткан жокмун да! Айчурок Имнеалиева, Динара Аккулова, жапжаш болгон Бактыгул Бадыеванын деле кебетелерин карасанар! Кыргыз деп эле сыйлаган башка, а буларды артист дейт, эл алдына чыгышат, биз бир эле талантынан эмес, эстетикалык да ыракат алышыбыз керекпи? Таланты бар, жылтыраган койногу жоктор толтура, журбойбу кочодо, ошолор деле чыга бериш керек экен да сахнага?! Орустардыкы 50 жашында 30 жаштай корунот, бизде деле Ассолчу? Короче, арак менен тамакты тыйгыла!!!
SUPER.KG видео
04.11.2011. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино орточо экен. Саунтреги жакты. Санжар Бердибеков эле ачыптыр кинонун коркун.
SUPER.KG видео
08.11.2011. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм. Негизи мен Бектин ырларын абдан жакшы кором. Эми киносун коруп койуш керек экен
SUPER.KG видео
11.11.2011. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санкт-Петербурга дагы жонотуп жибергилечи,ушул тасманы.
SUPER.KG видео
24.11.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа !!!Екатеринбургда эртен коробуз !
SUPER.KG видео
27.01.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нени коросун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо