Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЗДЕЙМ СЕНИ

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

КЫРГЫЗ УУЛУ КАЗАКТАРДА КУЛЧУЛУКТА
Редакцияга чалып кыргыздын бир уулунун абалы тууралуу айткан Бактыгүл эженин сөзүн жерге таштай албадык. Анда сөз башынан болсун.
– Мен бул жерге туугандарыма келгем. Алар Алматы облусунун Жамбыл районунун Ак-Терек айылында соода кылып жашашат. Бул жерде жашаган Азамат деген жигиттин тагдырына кайдигер карай албай, Казакстандан сиздерге байланышып жатам.
Азамат учурда 21 жашта экен. Оор турмуштун айынан үй-бүлөсү менен Казакстанга иштегени келиптир. Апасынын аты Элнура. Апасы катуу ооруп, аны Кыргызстанга алып кетишкенине көп убакыт болуптур. Өгөй атасы качкын болуп мекенине кеткенде Азамат бул жакта барымтада калган экен. Барымтада дегеним, ата-энеси бир топ акча карыз болуп калыптыр. Ошонун ордуна баласын таштап кетишкен. Азамат өзү таптакыр окубаптыр. Бул жерден кеткенге документтери да жок. Апасы эмне болгонун да билбейт. “Кеткенден бери бир-эки жолу гана телефон чалганы болбосо, эч кандай кабар жок” дейт ал.
Учурда Азамат Муратбек деген казак абышканын үйүндө анын иштерин кылып жүрөт. Мен анын окуясын угуп, издеп бардым. Угушума караганда, Азаматтын карындашын ата-энеси Кордайга турмушка берип койгон экен. Эгерде кимдир бирөө Азаматтын ата-энесин тааныса же туугандары окуп калса, жигитти бул жактан бошотуп кетүүңүздөрдү өтүнөм.

Бактыгүл,
Тел.: 078752772678.

КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ
– Мен курбум Эркинай Жумагазиеваны издейм. Эркинайдын жердиги Нарын. Мурун Мамакеев атындагы бейтапканада мээрман айым болуп иштечү эле. Биз 2008-жылы “Ак жол” пансионатынан таанышканбыз. Акыркы эки-үч жылдан бери бири-бирибизден кабарыбыз жок. Мен азыр Эркинай менен табышып, сырдашып, чер жазгым келет. Эгерде, Эркинай, ушул билдирүүмдү окуп калсаң, мени менен байланышууңду суранам.

Сени издеген курбуң Сайрагүл Бокошева,
Тел.: О779 973429.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
02.11.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо мен да курбумду тапкым келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо