Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЕВРО-2012» РУНИ МЕНЕН РОННИСИЗ ӨТӨБҮ?

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Жакында Европада 2 жылга созулган “Евро-2012ге” тандап алуу оюндары аяктады. Эми ыргымай оюндар башталуу алдында турат. Эреже боюнча, 9 тайпада 1-орунду ээлеген командалар жана уюштуруучу 2 өлкө континенттин чемпиондугуна жолдомо алышты. Алар: Украина менен Польша (кожоюн катары), Германия, Орусия, Италия, Франция, Голландия, Греция, Англия, Дания, Испания жана тайпада экинчи болгон командалардын ичинен мыкты натыйжа көргөзгөн Швеция. Башкы жаңылык катары Португалиянын өз тайпасында экинчи болуп калганын айтсак болот.
Калган 4 жолдомо 8 тайпада 2-орунду ээлеген командалардын ортосундагы ыргымай оюндарда чечилет. Чүчү кулактын негизинде төмөнкүдөй жуптуктар аныкталды. Алгачкы оюндар 11-12-ноябрь, ал эми жооптук оюндар 15-ноябрда өтөт.

Хорватия – Түркия
Португалия – Босния
Чехия – Черногория
Ирландия – Эстония

ЭСКЕ САЛСАК...

  • 10 оюндан 30 упай топтогон Германиянын натыйжасы тандап алуу оюндарында мыкты деп табылды.
  • Англиялык Уэйн Руни Черногория менен болгон беттеште эреже бузгандыгы үчүн оюндан четтетилип, “ЕВРО-2012нин” 3 оюнуна катыша албай турган болду. Бул Руни тайпалык баскычка катышпайт дегенди билдирет. Эгерде Англия "ЕВРО-2012де" тайпадан чыкпай калса, мелдеш толук бойдон Рунисиз өтөт.
  • Ошондой эле Сыйкырчы аталган машыктыруучу Гус Хиддинк Түркияны "ЕВРО-2012ге" алып чыгуу үчүн Хорватияны утушу керек. Ал эми учурдун №1-гламурдук футболчусу, португалиялык Криштиану Роналдуда (лакап аты – Ронни) мелдешке чыгуу үчүн Боснияны утуу кыялы турат.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо