Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТЕВЕСТИН ФУТБОЛКАСЫН ТАШТАНДЫГА!»

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Тевес-гейт уланат. Англиялык “Манчестер Ситинин” чабуулчусу, аргентиналык Карлос Тевестин айланасында бир айдан бери чуу болуп келет. Өткөн аптада “Betfair” букмекердик кеңсеси Манчестер шаарында “Тевестин футболкасын таштандыга ташта!” деген аталышта акция уюштурду. Акция үчүн жүк ташуучу унаа даярдалып, ал аталган шаарда жайгашкан эки клубдун тең күйөрмандарынын көңүлүн имерди.
Эске салсак, баары 27-сентябрда УЕФАнын ЧЛсынын “Бавария”-“Манчестер Сити” оюнунан башталган. Ошондо алмашууда отурган Карлитос машыктыруучусу Роберто Манчинини укпай, майданга чыгуудан баш тарткан. Бул кылыгы кызуу талкуу жаратып, “Тевести командадан айдап гана чектелбестен, футболчулук ишмердүүлүгүн чектеш керек” деген пикирлер да айтылды. Клуб жетекчилиги болсо Тевести “контракт боюнча 5 эрежени бузду” деп 2 аптага машыгуудан четтеткен. Ал эми кечээ жакында 1 айлык эмгек акысынын өлчөмүндө (1,6 миллион евро) айып салды. Эгер аргентиналык футболчу мындай чечимди адилетсиз деп тапса, 14 күндүн ичинде клубдун Директорлор кеңешине арыз менен кайрыла алат.
Машыктыруучусун тоготпой­ койгон “МЮнун” экс-футболчусунун аталган обу жок жоругу www.super.kg сайтыбызда да кызуу талкууга алынган. Жыйынтыгын төмөнкү сурамжылоодон көрүп алсаңыздар болот.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо