№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
Өткөн саныбызда ырчы Силима Абдылдаеванын “Уркуя Салиеванын мааракесинде калыстар бир чыны шорпого сатылып кетишиптир” деген нааразычылыгы жарык көргөн эле. Баш байгени утуп алган Сайкал Садыбакасовага да бир катар “татыктуу эмес болчу, чын эле сатып алса керек” деген сыяктуу пикирлер айтылууда. Мындан улам Гүлшайыр Садыбакасова жана калыстар тобунун айрым мүчөлөрү ойлорун билдиришти.
– Ар бир сынакта жеңилгенди көтөрө билген да, көтөрө албай чычалаган да бар. Сынакка Сайкалды бир ай бою даярдагам. Он жылдык музыкалык билими бар, беш жылдан бери вокалдан сабак алат. Сайкал татыктуу деп айтам.
Мени да башында калыстар тобуна кошуп коюшуптур, дароо эле баш тарткам, кызым катышып жаткан соң кереги жок деп. Анан эле аты-жыты жок, бир ыры менен чыгып жүрүшкөн кээ бир ырчылардын калыстардын чечимдерине каяша сүйлөгөнүн, сын таккандыгын мен сандырактык деп эсептейм. Эл артисттер, Эмгек сиңирген артисттер кантип эле калыстыктан тайып туура эмес баалап коюшсун?
Акылы бар, эси жок кыздар ар кандай маалыматтарды таратып, өздөрүн бийик сезгени туура эмес. «Бир чыны шорпого сатылып кетиптир» дептир. Мен шорпо эмес, керек болсо бирөөсүнө да нан ооз тийгизген жокмун. Силима, чындыгында, эң төмөнкү деңгээлде ырдаган. Балким, башка сынактарда жакшы ырдап жүргөндүр, бирок бул жолкусунда начар ырдады. Негизи эле көрө албастык – каныбызга сиңген нерсе.
Айбек Карымов:
– Качан эле биздикилер калыс болду дешчү эле? Ар бир эле сынакта бирөө ыраазы болот, бирөө нааразы болот. Бул кадимки эле көрүнүш. Казакстанга барышса деле «казактар бизди басып коюшту» дешет. Демек, чычалагандан пайда жок. Сынак эң эле калыс өттү.
Алина Жетигенова:
– Биз, калыстар тобу, эч кандай сатылган жокпуз. Жеңилип калгандар эле айтып жатышат да, элдин баарына жаман көрсөтүп. Мисалы, фольклор боюнча үч кыздын баллдары бирдей чыгып калгандыктан, баш байгени үчөөнө тең берип койдук. Силима жакшы ырдайт, бирок ошол сынакта, балким, биринчи болуп чыкканга толкундангандыр. Тааныш-билиш деген бул жерде болгон жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
tup tuura!koshulam!