Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Индия

120 ЖАНА 60 ЖАШТАГЫ "ЭКИ ЖАШ" БАШ КОШТУ
Кинолору аркылуу сүйүүнү даңазалап келген индиялыктар дүйнөнү таң калтырууну улантышат. Сатгори айылынын 120 жаштагы тургуну Сам Ноор аксакал өзүнөн 2 эсе жаш, 60 жаштагы Самои Биби эне менен баш кошту. Ноор жубайы каза болуп калгандыктан, ага 6 жылдан бери балдары колукту караштырып жүрүшкөн. Биби да бир топ жыл мурун күйөөсүнөн айрылып, жалгыз бой карылыктын күнүн өткөрүп келген. Эми минтип тагдыр кошуп, “эки жаштын” тою 500 коноктун коштоосунда өттү. Ошентип, Ноор абышка 103 жашында үйлөнгөн америкалыкты артта калтырып, дүйнөдөгү эң карыганда үйлөнгөн адамга айланды.

Сауд Арабиясы

ЭҢ БИЙИК МУНАРА 2020-ЖЫЛЫ КУРУЛАТ
Мындай билдирүүнү Сауд Арабиясы жасады. Эми нефтиге бай араб өлкөлөрү эң бийик асман тиреген имарат куруу боюнча атаандашышат көрүнөт. Анткени учурда адам колу жасаган эң бийик имарат Дубайдагы Бурж Халифа болуп саналат (бийиктиги 828 метр). Болочок кереметтин курулушуна Сауд Арабиясынын ханзаадасы Аль-Валид 30 миллиард доллар бөлгөнү жатыптыр. Жидда шаарына куруу пландалып жаткан “Хан сарай” деп аталуучу имарат 157 кабаттан туруп, Бурж Халифадан 2 эсеге бийик болмокчу.

Орусия

ТЕХНИКА МЕДВЕДЕВДИ ТОГОТКОН ЖОК
Ушул жылдын 8-апрелинде Орусиянын президенти мындан ары саатты кышкы жана жайкы деп бир саатка жылдырбоо боюнча жарлыкка кол койгон. Бирок 30-октябрда көптөгөн телефондор, ойготкучтар, ноутбуктар жана компьютерлер автоматтык түрдө бир саат артка жылып кеткендиктен, миңдеген орусиялыктар жумушка жана каттамдарга кечигип калышты. Жадакалса iPhone’дор дагы бир саат артка жылып кеткен. Мындай күтүлбөгөн ыңгайсыздык айрыкча учак менен учактын жүргүнчүлөрүнө олуттуу терс таасирин тийгизди.

АКШ

ТОМАС МЫРЗА 3-ИРЕТ ТӨРӨГӨНҮ ЖАТАТ
АКШнын Орегон штатынын тургуну Томас Бити үй-бүлөсү менен жергиликтүү телеканалдардын бириндеги “Дарыгерлер” аттуу берүүгө катышып, өзү жөнүндө кайрадан эстетти. Томас учурда кош бойлуу, үчүнчү баласын күтүп жатат. Анын айтуусу боюнча, 3 бала анын үй-бүлөсү үчүн жетиштүү. Эске салсак, Томастын мурунку аты - Трейси Логандино. Ал аял болуп төрөлгөн, бирок эркек болууну каалагандыктан, жынысын алмаштыруу үчүн толук эмес операция жасаткан (бала төрөөчү органдарын сактап калган). Томас мындай кадамга аялы эне боло албагандыгы үчүн барып келет. Ошентип, Томас үчүнчү жолу биологиялык жол менен балалуу болуу алдында турат.

Улуу Британия

ХАНЫША ВИКТОРИЯНЫН ИЧ КИЙИМИ 10 МИҢ ЕВРО
Улуу Британиянын 7-ханышасы Викториянын (1838-1901-жылдары башкарган) кийимдери жана жеке буюмдары Эдинбургда өткөрүлгөн аукциондо бат эле сатылып кетти. Аукционду уюштуруучулардын билдиргенине караганда, ханышанын ич кийими бир заматта 9375 фунт стерлингге (10,8 миң евро) бааланып, жаңы кожоюнуна буюрду. Аны сатып алган киши өз атынын сыр бойдон эле калышын каалаган. Ошондой эле аукциондо Викториянын сүрөттөрү жана жеке буюмдары жалпысынан 3 миллион фунт стерлингге бааланып, ханышанын ар бир буюму жаңы ээлерин тапты. Кошумчалай кетсек, Улуу Британияны баарынан көп башкарган ханыша Виктория 82 жаш курагында көз жумган.

Филиппин аралдары

БИЗ 7 МИЛЛИАРДГА ЖЕТТИК!
Ооба, адамзаты кубана берсе болот! 2011-жылдын 31-октябры тарыхта калмай болду. Бул күнү “Планетабыздын 7-миллиардынчы адамы ким болот?” деген суроого жооп табылды. БУУнун маалыматы боюнча, Жердин 7-миллиардынчы жашоочусу филиппиндик Даница Мей Камачо аттуу кыз болду. Наристе бул жарык дүйнөгө атактуу болуп төрөлгөнүн азырынча туя элек. Уюмдун кызматкерлери төрөт үйүнө торт менен барып, Даницанын ата-энесин жана ымыркайды куттукташты. Ошондой эле уюмдун өкүлдөрү бактылуу ымыркайга келечекте ЖОЖдо билим алышы үчүн атайын стипендия жана грант тапшырышты.

Азамат Абдраев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
07.11.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А балким филипинде эмес бизде торолгондур алар кайдан билишет.
08.06.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz,кошулам
07.11.2011. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефонумдун сааты автаматтуу түрдө жылыш керек эле,алдыга жылбай калыптыр деп жылдырп койуп......кийин түшүндүм баарын.Ошол күн кызыктай эле болду.
07.11.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок ООН Россияда,торолгон аялды корсоттуго...
08.11.2011. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апей новостиден Россияда торолду деп айтышты гооо
08.11.2011. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба менда кордум!
09.11.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм саат учун болгон окуя укмуш ко я
09.11.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
120 мага чыкса деле братишкасы иштей берет бекен.
09.11.2011. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jurok jash ekenda aksakalda e? ;)))))))))
11.11.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дуйнонун кереметин кор 120 эмес 50го жетуу да кыйын го азыр
11.11.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТОМАС МЫРЗА жон эле журсо болотго АЛЛАХ кандай жаратса ошдой эле калбадынбы эх чиркин
12.11.2011. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россияда тороду го ал еми 120 ммм.. либо паспорту нето же чын )) укмуш кооп жашасын
13.11.2011. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saat boiun4a bolgon okuya tan kalarlyk eken gooo
13.11.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
120 жашка чыгыш учун эмне кылды экен?
08.06.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7млрд так эмес каттого алынбаган миллион деген адамдар журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо