Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИШКЕКТИН КӨРҮМЧҮЛӨРҮ

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Табышмакка жык толгон бул жашообузда көрүмчүлөр, орусча айтканда, “приведение” жөнүндө сиз да угуп жүрсөңүз керек. Борбор калаанын айрым жайлары тууралуу түрдүү сырдуу сөздөр айтылып келет. Андыктан биз андай кептердин канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин изилдеп көрүүнү чечтик. Күмөн туудурган жайларга “на всякий пожар” күндүзү эле бардым...

"ШААР БАШЧЫНЫН ҮЙҮН БУЗГАНДАР КАЗА БОЛОТ..."
Сырдуу сапарыбызды алгач Кычан Жакыпов атындагы сейил бактагы Пишпектин алгачкы старостасы (мэри) Илья Терентьевдин үйүнөн баштадык. Бул үй тууралуу эл оозунда ар кандай кептер айтылып жүрөт. Мисалы, “кимде-ким анын үйүн бузганга же оңдогонго аракет кылса эле ооруп, же каза болуп калат” деген кептер. Биз үйдүн жанындагы жашоочулардан сураштырсак, “андай кептерди укканбыз, бирок өзүбүз андай окуяга туш боло элекпиз” деп жооп узатышты. Ал эми 40 жылдан бери ушул үйгө кошуна жашаган карыялар “болбогон эле кептер, андай эч качан болгон эмес. Терентьевдин үйүндө канчалаган кишилер баш калкалап жашап кетишти” деп кесе эле айтышты. Пишпектин биринчи башчысы Илья Терентьев 1914-жылы, 66 жашында дүйнө салыптыр. Ошентип, эл оозунда айтылган сөздөрдү далилдеп бере алчу жан табылган жок.
Учурда Терентьевдин үйү коргоого алынган. Оңдолуп-түзөлгөндөн кийин үйдү музей кылуу пландар бар. Бирок ал иштер качан башталары белгисиз.

ФИЛАРМОНИЯ КӨРҮМЧҮЛӨРГӨ БАЙ
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы бир топ сырларды өзүнө катып жаткандай. Филармониянын ичинде ар кандай түшүнүксүз нерселер болорун атын атагысы келбеген кызматкерлери маалымдашты. Алардын бири иштеп келаткан 10 жылдын ичинде күн сайын ар кандай адамдардын сөлөкөтүн көрөрүн баяндады. “Айрыкча кыпкызыл чыптама жана ак көйнөк кийген кыз дайыма көрүнөт. Кээде басып бара жатканда артымдан бирөө ээрчип, ар бир дем алганы сезилет. Мен андай кезде келме келтирип коём. Жогорку кабаттардын бирөөндө 3-4 адам ар дайым эт бышырып жатканын байкайм, жанынан өткөндө кадимкидей шорпонун жыты келет”,- дейт ал. Дагы бир кызматкер “дайым оркестрдин ойногонун көрөм. Бирок мындай нерселерди баары эле көрө жана түшүнө бербейт. Алардын эч зыяны жок. Жөн гана бир кезде бул жерде мүрзө болгон деп уккам” деп денени бир дүргүттү.

ФРУНЗЕНИН АРБАГЫ МУЗЕЙИНДЕ ЖАШАЙБЫ?
Бишкектин Фрунзе көчөсүндө даңазалуу советтик аскер башчы, коомдук-саясий ишмер Михаил Васильевич Фрунзенин музейи жайгашкан. “Музейде анын арбагы жашайт” деген сөздөрдү дагы тактап көрүүнү чечтик. Бирок музейде көп жыл эмгектенген кызматкерлер андай бир өзгөчө аномалдуу эч нерсе жок экенин айтышты. “7-апрелден кийин бир айдай күнү-түнү кайтардык, болсо биз деле байкамакпыз да” дешти алар.

6 – КӨРҮМЧҮЛӨРДҮН ЖАКШЫ КӨРГӨН САНЫБЫ?
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан №6-окуу имаратында дагы түшүнүксүз нерселер өкүм сүрөт экен. Ал нерселер тууралуу кээ бир кызматкерлер айтып беришти. Бирок өз ысымдарын атагысы келген жок. Алардын айтымында, окуу имаратынын ичиндеги аудиторияларда бирөө жүргөндөй же сени карап тургандай сезилет. Дааратканадан дагы ошондой сезимдер болот. Кээде бирөө сени кадимкидей ээрчип келе жаткандай туюлуп, чочуп да кеткен кездер болгонун жашырышкан жок. Кызматкерлердин бирөөсүнө орус аял балдары менен ойноп жатканы көрүнөт экен. Бул нерсени алар “бир кезде бир орус аял балдары менен ушул жерде каза болгон экен. Балким, жерге тийиштүү түрдө берилбей, жаны жай албай калса керек” деп түшүндүрүштү. “Алардын эч зыяны деле жок. Жөн гана имараттын ээси болсо керек” деп ой бөлүшүштү.

МҮРЗӨНҮН ҮСТҮНӨ КУРУЛГАН КИНОТЕАТР
"Ысык-Көл” кинотеатры дагы өзүнүн коркунучтуу окуялары менен белгилүү. Анткени кинотеатр илгерки мүрзөлөрдүн ордуна салынган экен. Анын пайдубалы түптөлүп жатканда жер алдынан адамдын сөөктөрү чыккан. Ошондон кийин жергиликтүү жашоочулардын айтымында, ал жерге көмүлгөндөрдүн жаны жай албай калган. Кароолчулар түн ичинде ар кандай түшүнүксүз үндөр, адамдардын ары-бери баскан кадамдары угулары тууралуу айтып келишкен. Акыркы мезгилде бул кинотеатр толук кандуу иштебей келет жана жакын арада иштеши дагы күмөн.

ЖАЛПЫЛАП АЙТКАНДА
Санап келсе, Бишкекте ээси бар, ар кандай түшүнүксүз нерселер болуп турат делген жерлер бир топ эле экен. Алардын катарында КТРКнын имараты, Геологиялык институт, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры жана башка бир топ жайлар. Бирок андай өзгөчө нерселерди чындыгында бардык эле адамдар байкай беришпейт, көбүнчө андай нерселерди көрдүм дегендерге “ооруп калган го” же болбосо “коркконго кош көрүнөт” дегендей башкача карашат.
Балким, тийиштүү жол-жобосу жок жерге берилгендердин жаны жай албай, көзү өткөн жерде жаны жашай берет чыгар.

Азамат Абдраев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(23)
07.11.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курманбек Салиевичтин уйун оттогондор да ооруп каза болсо экен ылайым
14.11.2011. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zulya, Kurmanbek Salievich senin tuuganyn bolush kerek. Oshol u4un ichin kuiup, jamandyk tilep jatasyn. A senin esindebi kan4a adamdy oltyryp, kan4a balany jetim kaltyryp, kan4a eneni syzdatyp,kan4a ayaldy jeesir kaltyrdy.
18.02.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zulya, бироого олум тилегиче, озуно омур тилечи макулбу... Жакшы болду ортогону
07.11.2011. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун олумун тилегенче, оз омурунду тиле
07.11.2011. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманбек Салиевич озу ооруп каза болсо экен. Суйунгонумон 9 токоч жасап куран окутуп коймокмун
07.11.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тилегинер таш катсын.оозундан чыгып жакана жармашат дегенди уктунар беле?
07.11.2011. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор жакшылык гана тилейли.
07.11.2011. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким канча жашаарын, жана кантип каза табаарын бир гана Аллах билет. Антип куноого батпагыла пенделер!!!
07.11.2011. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун олумун тилеген бул чон куноо, Кудайдан корколу.
08.11.2011. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biroonun olumun tilegiche,ozundun omurundu tile, deshchu ele kyrgyzda!
08.11.2011. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattu Azamat Abdraev, Bishkektegi #1-Gimnaziya Internatyndagy jatakanaga baryp surashtyrsanar jakshy bolmok, dal oshol jatakanada korumcholor toltura, baary bilet birok ech kimge aityshpayt. Biz buturup jatkanda biroo aityp bergen, biz da uktap jatkanda biroonun komnatada basyp jurgonun ukkanbyz, birinchi etajda da biroo eerchip jurgonsuyt. Shumduk.
10.11.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой силер кошунаныкынан үнүн уксаңар мен чай ичишкем ха-ха-хааа... Дагы деле ишенесиңерби жомокторго?
12.11.2011. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркконго кош корунот!бирок окуяларды уккам
16.11.2011. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zulya каргышын как башына тийсин
16.11.2011. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салиевичиндин да башына тийсин
29.11.2011. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakyrgyz, туура
25.12.2011. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корконго кош корунот эмеспи мен деле кеде ошондойлорго ишенем кеде ишенбейм кетем
26.12.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде тема салиевич болуп кетиптир го. менде болгон мындай окуя
12.02.2012. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooba kildum........
17.06.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай нерселер болгону чын экен. мындан 15 жыл мурда биздин мектептин кароолчусуна корунгон дешет. ошол убакта мектепте субботник болуп жатканда окуучулар өзүлөрүнө деп алып барган оромосун бир кесим алып эми тиштеген боюнча өлгөн экен жүрөгү жарылып...
08.07.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооообббооо
08.06.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул корумчулордун зыяны деле тийбейт
15.11.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сүйгөн жанр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо