Аваз Акимов, «САГЫНАМЫН»

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

“Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Унута албаймын, жаным, сени”
деген саптарды эстеп көрүңүзчү. Жараланган жүрөк, сагыныч, кусалык... Аваз ошол “Сагынамын” аттуу ырына клип тартты.

Кеткен каражаты – 800 доллар
Тартылган жери – Бишкек шаары
Тартууга кеткен убакыт – 2 ай

КЫСКАЧА СЮЖЕТИ
Клиптин жаралуу идеясы ырчынын дос баласы, клиптин режиссёруна таандык. Башында клипке ылайыктуу кыз-жигит издеп эки ай убара тартышып, акыры өзүнүн досу менен анын сүйлөшкөн кызына токтолушкан. Клиптин сюжети кыз менен жигиттин махабатынын аянычтуу аякталышы жөнүндө.
Сүйгөн жигити менен бактылуу күндөрдү өткөрүп жүргөн кыз ашыгына өзүнүн айыкпас дарт менен ооруганын айтпай жашырып жүрөт. Оорусу улам күч алып, кан түкүрүп калганда гана жигитинин жашоосунан жок болуп кетүүнү туура көрөт. Бир күнү ага кат жазып, дартына дабаа жок экенин жана аны кыйнагысы келбегендигин айтат. Ошону менен жоголуп кетет. Мына ошол жигиттин сагынычы, кусасы клиптин өзөгүн түзөт.

“БАЛДАР КОЛУН КЕСИП КАН ЧЫГАРЫП...”
Кыз-жигит велосипед тээп бийик жерден ылдый карай түшүп бараткан жерин тартышканда кырсык болуптур. Велосипед жүрүп баратып тормозу иштебей, кыз токтотууга аракеттенет. Бирок буту бир нерсеге илинип кетип башы менен катуу жерге түшкөн.
“Башы менен жерге кулап, колдору сыйрылып кеткен каарманыбыз эми тартылбай коёт го деп чочулап жаткам. Бирок аягына чейин көңүлдөнүп ойноп берди”,- дейт Аваз Акимов. Дагы бир кызык кыз жөтөлгөндө жүз аарчысы кан болгон жерин тартышканда болгон. Тартуучу топ шаардын четиндеги талаага чыгышкандыктан, ал жакта ашыкча эч нерсе жок болчу. Канга окшош кызыл боёкту алып келем деген Аваз аны унутуп калат. Күүгүм кирип, айласы кеткенде балдар колдорун шише менен кесип кан чыгарышыптыр. Ошентип, эки айдын ичинде “Сагынамын” клиби тартылып, элге тартууланып отурат.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
10.11.2011. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
klip orto maktasa bul bala koop ketet!!!
13.11.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок клип ото соонун тартылган, ушул клиптин аурасы кучтуу болдубу, айтоор азырга чейин клипти корсом денем муздап козумо жаш келет. Азаматсын Аваз ишине ийгилик иним бар бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо