№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл
Кыргыз шоу дүйнөсүндө саналуу гана бойдок жигиттер калбадыбы. Биз сөз кылчу жигит учурда бойдок жана күйөрмандары күн санап өсүүдө. Кимиси ырчынын эмнесине арбалууда, аны байкап көрөлү.
– Омар, акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...
– Буюрса, 17-18-ноябрь күндөрү жеке концерт бергени турам, жандуу үндө. Ошого азыр бутум бутума тийбей чуркап жүргөн кезим.
– Күйөрмандарыңды бир сүйүнтөт экенсиң да...
– Ооба, буюрса, концерт алардын купулуна толсо экен деп аракеттенип жатам.
– Күйөрман демекчи, күйөрман кыздар тажатышпай элеби?
– Биз, ырчылар, күйөрмандарым көп болсо экен деп аракеттенебиз да. Андыктан бул нерсе кайра жагымдуу десем болот. Кээде тагдырына таарынып, армандарын айтып ыйлаган кыздар кездешип калат. Алардын көңүлүнө катуу тийбей, түшүндүрүп айтууга туура келет.
– Кандай белектерди аласың көбүнчө?
– Ар кандай болуп калат, көбүнчө жумшак “мишка” оюнчуктар. Бирок мага акчага сатылып алынган оюнчуктарга караганда кол менен тарткан сүрөт, же өзү эмгек кылып убакытын кетирип жасаган нерселер жагат. Бир кыз Америкага кетер алдында бир чоң плакат берген эле. Анын бош жери жок, жалаң менин сүрөттөрүм менен кооздолуптур. Дагы бирөө калың дептерге менин болгон сүрөттөрүмдү чаптап, интервьюларымды бириктирип толтурган экен. Аны көрүп жүрөгүм жылып калды.
– Күйөрмандарың сен үчүн өзүн “жертва” кылган күндөр болду беле?
– Андай кызыктар көп болот. Жакында эле Токмокто концерт коюп жатканбыз. Сахна жакты эл өтпөсүн деп чоң маршрутка менен тосуп коюшкан. Бир маалда бир кыз ыйлап чуркап келатат. Ии, байкуш баласын жоготуп алса керек десек, ал түптүз биз жакка келип калса болобу. Көрсө, ал тосулган маршруттун астынан жөрмөлөп өтүптүр. Мирбек Атабеков экөөбүздү жакшы көрөрүн айтып, сүрөткө түшүп, сүйүнүп алып кеткен кайра.
– Кыздар сенин келбетиңе арбалабы же өзүңөбү, кандай ойлойсуң?
– Ар ким ар кандай болсо керек. Менимче, күйөрман сырткы келбетке караганда адамдык сапаттарга, чыгармачылыкка маани берсе адашпайт.
– Күнүнө канча СМС келет телефонуңа?
– СМС аябай көп келет. Жок дегенде күнүнө 20-25тей түшөт. Ал эми чалгандарынан башым да айланып калат. Көбүнчө жанымда менеджерим Миргүл жүрөт да, ошого берип коём же досум алат.
“ЭРДИҢДЕН СҮЙҮП АЛДЫМ”
– Омар, сенин балбылдаган кара көздөрүңө ашык болгонум качан? Канча сени унутайын десем да, жүрөк кургур баш ийбейт. Бир күнү сен катышкан концертке бардым. Концерттен соң фанат кыздардын катарына кошулуп мен да сахнанын артына жылдым. Биринен белек алып, экинчисине кол тамга берип шашкалактап айлаң кетип туруптур. Кандай күч экенин билбейм, бирок “топту жарып бар да, Омардын эрдинен өөп ал” дегенсиди мага. Кыздар менен сүрөткө түшүп жатканда далыңдан таптасам карай калдың эле, өөп алдым. Ошондогу сенин көзүңдүн алайганы... Бир кызарып, бир бозоруп, анан акырын кулагыма шыбырап “эми кантебиз?” дедиң. Сага жооп берейин десем үнүм чыкпайт, таптакыр үн жок менде. Атаганат, ойгонуп кетсем түшүм экен. Эй, ушул корей сериалдары күйгүздү, мен да сүйүнүп алганымды айт, чын эле мен сүйгөн Омарыма жеттимби деп. Алина
"БИР КЕЛИП КЕТЧИ ОШ ЖАККА"
“ТҮШҮМӨ КӨП КИРЕТ”
"Менин мурун күйөрмандык адатым жок эле. Омарды Америкадан келгенде бир көрдүм, ошол бойдон ал деп жашап келатам”,- дейт Элдина аттуу сулуу. Ноутбугунда Омардын сүрөттөрүнөн баш айланат. Кала берсе аны идеал тутуп, ким болсо да Омарга салыштыра берет экен. “Биригишкен кош жүрөк, шарт бөлүнүп кетеби?” деген саптарды уксам, көзүмдөн жаштар агып, тагдырыма нааразы болуп кетем”,- дейт Элдина.
Омар тууралуу кандай жаңылык кызыктырса, түз эле ушул күйөрманына барсаңыздар болчудай. Анткени Омар кайда, эмне менен алек экенинен дайыма кабардар. Болгону, кимдин колун кармап жүргөнүн биле албай жүрөгү уйгу-туйгу. Башка күйөрман кыздарынан, шоу чөйрөдөгү дос кыздарынан да кээде кызганып кетерин айтат. Көп ойлогондуктанбы, түшүнө көп кирерин белгиледи. Аны көргөндө кадимкидей кызарып-татарып, сөз таппай, өзүн жоготуп коёт экен. Албетте, чыныгы мырза катары да, чыгармачылыгын да баалайм деген Элдина Омарга арнап “Айтылбас махабат” аттуу ыр жазыптыр.
Жүрөгүмдүн азабын өзүм тартам,
Жаш жүрөктү махабатка айлантам.
“Жароокерим”, “жаным” деп эркелетсе,
Жүрөгүмдүн түпкүрүнө дайым сактайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
андыктан Омардын таланттуу ырчы деп айта алам...анткени бул ырчы жигит бир канча деген эл аралык конкурстарга катышып-сыйлыктарга ээ болуп журот, ушундан улам бул ырчынын чыгармачылыгына ийгилик демекчимин. озу жонокой, коп мактана бербейт кээ бирлердей болуп. куйорман озу тандайт кумирин...ырчы тандабайт...ал жактан алдыда...