ТРЮКТАРДЫ ЖАНДУУ ЖАРАТКАН ЖЕКИ ЧАН

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Тасма ааламы укмуштуу трюктар менен коштолот. Монтаж менен деле ар кандай укмуштарды жасап койсо болот, албетте. Бирок жандуу трюктарды аткарып, тасма дүйнөсүнө көрк жана жаңылык алып келген адам бул – Жеки Чан. Бул актёрду сүйгөндөр көп. Жеки Чан – жаракаттарга карабай тасманы сүйгөн өзгөчө жан.

ЖЕКИ ЧАН
Төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан (которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген мааниде).
Туулган жери – Кытайдын Гонконг административдик району.
Туулган жылы – 1954-жыл, 7-апрель.
Бою – 174 сантиметр.
Салмагы – 62 килограмм.
Үй-бүлөлүү, аялы – Фэн-Цзяо Линь – актриса, уулу – Жейси Чан 28 жашта. Никесиз төрөлгөн кызы – Этта 12 жашта.
Билими – Драмалык искусство боюнча Кытай академиясын бүтүргөн (Пекин операсынын алдындагы мектеп).
Билген тилдери – Кытай, англис, корей, тай жана бир аз япон тилин билет.
Бош убактысында – Аңчылык кылууну, балык уулоону, боулинг жана кумар оюндарын ойноону жактырат.

КАРЫНДАГЫ БАЛАНЫН КАН БОЛОРУН КИМ БИЛЕТ?..
Гениалдуу адамдар төрөлбөй жатып эле өзүнүн өзгөчө экендигин көрсөтүшөт. Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен араң төрөгөн. Ошентип, 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген.
Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришет. Кийин өзү тасма тарта баштайт. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алат.
Жеки – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.
Жеки башка жылдыздарга салыштырмалуу жеке жашоосун элден жашырып келет. Үйлөнгөндөн 5 жылдан кийин гана коомчулук анын Фэн-Цзяо Линь аттуу аялы жана Жейси аттуу баласы бар экенин билген. Кийин Элен Нг (“Азия сулуусу-1990”) Жеки Чандан кыз төрөгөнүн журналисттер айтып чыгышты. Элен ал учурда бойдок болчу жана аны Жеки Чан менен көп көрүп калышчу. Буга Жеки “мен баарынан аялымды жана баламды жакшы көрөм. Элен Нг экөөбүздүн кызыбызды да багып, тарбия бергенге даярмын” деп жооп кайтарган.

КАЙРЫМДУУ ЖЕКИ
Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Каражат таба баштагандан баштап эле Балдар үйүнө белек, акча берип жүргөн. Кийин “Жеки Чандын фонду” деген фонд түзүп, ар кандай адамдарга жардам берип келет. Ошондой эле 10 жетимди бакканы, чет жерде жашаган 50 кытай баланы камкордукка алып, студенттерге стипендия бергени, бир канча баланын дарылануусун камсыз кылганы, 2004-жылы Инд океанындагы цунамиден жабыр тарткандарга жардам бергени белгилүү. 2006-жылы байлыгынын жарымын кайрымдуулук үчүн мураска калтырарын билдирген.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Ата-энеси кедей болгондуктан, бага албайбыз деп жаңы төрөлгөн Жекини англиялык акушерге сатмакчы болушкан. Бирок кайра ал ойдон кайтышкан. Эгер сатып салганда азыр Жеки Англияда жашап, доктур болуп иштеп калмак беле?
  • Жеки күнүнө 3 саат спорт менен машыгат. Диета кармабайт. Балыкты, жашылча-жемишти жакшы көрөт. Эт жесе, эртеси 20 мүнөт адаттагыдан ашыкча чуркайт.
  • Жекинин тасмаларында зордуктоо жана эротикалык кадрлар жок. Ал ушунусу менен мактана алат.
  • Күнүнө 4-5 гана саат уктайт.
  • 80 тасмага актёр катары, 11ине каскадёр катары тартылган. 15 тасманы режиссёр катары, 11ин продюсер катары тарткан.
  • “Жекинин периштелери” (“Jackies Angels”) деген моделдик агенттиктин ээси. Жаныбарларды коргоо уюмунун активисти, “Planet Hollywood ресторандар түйүнүнүн тең укуктуу кожоюну, бир канча университеттин доктору, кайрымдуулук акциялардын уюштуруучусу. Өз чөнтөгүнөн Гонконгдун бир канча маданият борборлорун түзгөн жана башка көп эмгектери бар.
  • “Ажыдаар лорд” деген тасманы тартуу учурунда Жеки буту менен кичинекей топту тээп, 6 метр алыстыктагы тешикке киргизиши керек болчу. Ушул 3 секундалык оюн үчүн 1600 дубль жана 2 күндүк убакыт талап кылынган. Ушуну менен рекорддор китебине кирген.
  • 1995-жылдын май айында MTV телеканалынын “Дүйнөлүк кинематографиядагы ийгиликтери үчүн сыйлыгын алган.
  • Чан тууралуу көп китептер да жазылган. Жаңы чыкканы – Василий Москаленконун эмгегинен жаралган “Жеки Чандын хроникасы” деген китеп.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Трюктарды жандуу жараткан Жеки Чан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
04.11.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге Кыргыстанда мындай адамдар жоок деймда?
SUPER.KG видео
04.11.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтайм менин суйуктуу актёрум красавчик
SUPER.KG видео
05.11.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jeki the best! he is legendary person,not only great actor as well as jet li and bruce lee! i adore you and respect you! hope that in the world would be more people like jackie chan. fortune,happy,treasure,talant,everything!!! that is just perfect, as well as kind hear!!!
SUPER.KG видео
07.11.2011. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана кайталангыс адам Джеки
SUPER.KG видео
07.11.2011. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он мой кумиp,несбывшаяся мечта,которой никогда не суждено сбыться((
SUPER.KG видео
08.11.2011. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фирдаус биз кыргыздар андай адамдарды чыгып баштаса бутунан чалынтып жок кылып кырып турабыз чыгара койбой
SUPER.KG видео
08.11.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,Жеки Чан менин суйуктуу актёрум. Мен ал катышкан кинолорду коруп чонойгом,тарбиялангам.
SUPER.KG видео
09.11.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джеки Чан менин сууууууууууууууйуктууууууууу актерум го.Тасмаларын коруп озунчо эле ырахат алам да.
SUPER.KG видео
09.11.2011. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молочик. Сыйлайм.
SUPER.KG видео
09.11.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
легендага айлана турган дуйнодо эки адам болсо, бири жеки чан!!!
SUPER.KG видео
09.11.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйнөдөгү эң мыкты инсан бири!!! Бул инсандын кинолоруна жаман уят кадрларды кошпогону менен баркы башкалардан түбөлүк өйдө. Көп жашасын!!!
09.11.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jagat maga uwuwl akter
09.11.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dyinodogy menyn en syiyktyy akterym....
10.11.2011. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктанам,аябай жакшы адам!!)
SUPER.KG видео
12.11.2011. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеки каарып калыптыр да а вой ее коп жашасын !
SUPER.KG видео
28.01.2012. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ДЖЕКИНИН 80 жеринен сынганы туралу билесинерби? эн жакшы коргон актёрум коп жашасын
SUPER.KG видео
28.01.2012. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ДЖЕКИНИН 80 жеринен сынганы туралу билесинерби? эн жакшы коргон актёрум коп жашасын
SUPER.KG видео
14.06.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да суйуктуу актерум, Жеки Чанды жактырбаган адам жок болсо керек, ооба ал кайталангыс жана озгочо адам, баласы да озуно окшош экен, жонокойлугун да баса белгилеп кетким келет...
SUPER.KG видео
19.10.2012. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIRDAUS мен сага кошулбайм. Бизде деле дүйнө жүзүнө белгилүү инсан бар ал ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо