Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАМБАЕВ ЖЕҢДИ, ЭМИ ЖЕҢИЛГЕНДЕР ЭМНЕ КЫЛАТ?

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Быйылкы жылдын эң чоң окуясынын жыйынтыгы чыкты. Өлкөнүн төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев деп тандалды. КСДПнын лидери Кудайды көп оозанат эмеспи, анын сыңары, биз да буюрса дейли, жаңы жылга чейин алты жылдык чылбыр Атамбаевдин колуна карматылат.

11 ЖЫЛ МУРУНКУ ТӨЛГӨ
Эки мөөнөтүнө алымсынбай 2000-жылы Аскар Акаев үчүнчү мөөнөткө жүткүнгөндө, Алмазбек Атамбаев биринчи ирет ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгында, туңгуч президент жана депутат Өмүрбек Текебаевден кийинки үчүнчү орунду алган. Мына ошол 2000-жылы 22-сентябрда жарык көргөн жергиликтүү басылмалардын бир материалына көзүм түшүп калды. Анда ысымын атагысы келбеген көзү ачык: “Адам ысымдары тагдыр сызыгын чиет. Аскар – бийик, зор деген мааниде. Кыргыз эли Аскардын тушунда азаттык алып, өзүнчө журт катары түндүк көтөрдү. Алмаз – курч, тайманбас, өткүр дегенди билдирет. Алмаз өзү – таш. Демек, жерге жакын. Мындай адамдар басмырт, бирок калыс, иштерман, элге-жерге боору тарткандардан”,- деп айткан экен.
Ушуга улай эле Алмазбек Атамбаевдин кыска маеги да урунат. Журналисттин он бир жыл мурун берген “Эгер президент болуп калсаңыз, ишти эмнеден баштайт элеңиз?” деген суроосуна ал мындай жооп узатыптыр: “Биринчиден, саясатты азайтат элем. Экономикага көбүрөөк көңүл бөлмөкмүн, аны жөнгө салмайынча элдин жашоо-турмушу оңолбойт. Чет өлкөдөн келген инвестициялар, кредиттер өз максатына пайдаланылбай, таланып-тонолуп кетти. Ал карызды эми биз эле эмес, биздин балдарыбыз да төлөп кутула албайт, сыягы. Мындай баш аламандыкты токтотуш керек”.

ТИЗМЕДЕН ӨЗҮН ТАППАЙ УБАЙЫМ ЧЕККЕНДЕР
30-октябрь – шайлоо күнү адаттан өзгөчө болду. Өткөн парламенттик шайлоодон айрымдар күйүп калышкандыр, бул сапар алар айранды үйлөп ичкендей болушту. Шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдөн көбү кабарсыз калганы, айрыкча добуш берүүчүлөрдүн өзүн тизмеден таба албаганы менен оркоюп чыкты. “Эмдиги шайлоодо азыркы катачылыктарды эске алабыз деп БШК кутулганы менен, болор иш болду, боёсу канды. Анан да сыясы дароо өчпөгөн белгилөөнү баш бармакка сүртүү Оштун мэри – Мелис Мырзакматов сыяктуу өкмөттүн аткаминерлерине да жакпады.
Ушул убакытка чейин бир да шайлоону унутта калтырбай активдүү катышып келген Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун добуш берүүчүлөрү эмнегедир “уктап” калышты. Курманбек Бакиевдин кезинде Баткен 90 пайыздык көрсөткүчтү жөн эле “тээп” койчу, ал эмес, былтыркы элдин жүрөгүнүн үшүн алган Июнь окуясынан кийин референдумда 60 пайызды көрсөтүүгө тоскоолдук кылбаган. Бул шайлоодо Талас менен Чүй облусу болуп көрбөгөндөй активдүүлүгү менен азамат болушту.

ТЫНЧЫБАСТАР МИТИНГ БАШТАШТЫ
Президенттик жарышта негизги атаандаштык “Ата Журттун” лидери – Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандын” башчысы – Адахан Мадумаров менен КСДПнын лидери – Алмазбек Атамбаевдин ортосунда болору белгилүү эле. Шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй эле чыкты. Бийликтин тиранына айланган Курманбек Бакиевди тагынан алып түшүү оппозициячыларга оңой болгон эмес. Бакиевдин бийлигине каршы баш көтөргөндөр көз көрүнөө унаасында өрттөлүп, анча-мынчалары түрмөгө кесиле баштаган. Эгерде Атамбаев утулуп калса, анда баарынан мурун 7-апрель окуясынын маңыздуулугу түп-тамыры менен жоголуп кетмек. Референдумдан кийин президенттик бийликтин статусу ылдыйлап, илгеркидей эки чылбыр бир колдо эмес деп жарыялашса да, президент деген президент экен, жарышта утуп чыгууга жан далбас кылышты.
Баарынан кызыктуусу, добуштардын бөлүнүшү болду көрүнөт. Атамбаев 60 пайыздан ашып түшсө, Мадумаров менен Ташиев 15 пайыздын тегерегине араң жетишти. Калган 13 талапкердин 8и керек болсо “баарына каршы” добуш бергендерге да жетишкен жок. Сөз кылууга арзыйт деп Темирбек Асанбековдун “көлөкө” талапкерлердин ичинен суурулуп чыкканы айтылууда. Саясий чөйрөнүн жаңы өкүлү үгүт иштерине миллиондорду сапырбай туруп төртүнчү орунду алып койду.
Эми күмүш менен коло медалдын “кожоюндарына” келсек, эки сөз менен айтканда, экөө тең шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын тааныбайт. “Жаңы шайлоо жарыялашмайынча тынчыбайм” деген Ташиевдин сөзүнө акыркы күндөрдөгү Ош менен Жалал-Абаддагы митингдер далил. Буга Мадумаровдун адамдары да кошул-ташыл. 31-октябрдан тарта башталган түштүк жергесинде түрдүү аймактарында БШКнын жыйынтыгына нааразы болгондор шайлоонун кайрадан өткөрүлүшүн айтышууда. 3-ноябрь күнү Ош облустук администрациясына митингчи аялдардын тобу басып кирип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун сүйлөшүүгө чыгышын талап кылышкан.
Айтмакчы, бир топ мамлекеттер жана эл аралык уюмдар шайлоону таза өттү деп билдиришти. Бул жаңылык деле эмес. Баса белгилөөчү жагдай, Адахан Мадумаровдун аларды калпычы деп айыптаганы болду. Мадумаров кезинде “Ак жол” “Ата Мекендин” добуштарын “олжолоп” алып Жогорку Кеңешке өткөндө, эмнеге азыркыдай чуу салбады экен?

“МАДУМАРОВ МЕНЕН ТАШИЕВ ЖАКШЫ БАЛДАР”
Бийликтин даамы таттуу белем, Алмазбек Атамбаев БШКнын алдын ала жыйынтыктарын угары менен маалымат жыйын уюштуруп, кечээки оппоненттерин мактады. “Менин атаандаштарымдын арасында жакшы саясатчылар бар, бирок алардын ичинде жаман балдар да жок эмес”,- деди ал. “Жаман” деп атын атабай кыйытып жаткан талапкердин ким экенин билиш деле кыйын эмес. Ал өзүнө каршы ачылган кылмыш иштерин токтотууну суранып, соодалашууга аракет кылган имиш. “Ал өзүн чалгынчымын деп эсептейт, бирок бардык кесиптештери аны саткынчы дешет”,- деп салды Атамбаев.
Мадумаров менен Ташиевге токтолуп, алардын кырдаалды курчутууга барарына ишенбей турганын айтты. Андан сырткары Атамбаев алар менен тил табышарын, шайлоого чейин эле бир канча ирет жолугушканын да жашырбады. Бирок азырынча бул экөөнө кандай кызмат сунуштай тургандыгы табышмак. Мадумаровго Атамбаев кышында Баткендин губернаторлугун сунуштаган экен. Бирок ал баш тартып коюптур. Баса, Ташиев “эч кандай кызматка макул эмесмин” деп көшөрүүдө. Албетте, саясаттан өткөн туруксуз нерсе жок, кечээ касташып, бири-бирин сөгүүгө, мушташууга чейин баргандар эртеси кучакташып, өбүшүп, мамыр-жумур эле болуп кетип жатышпайбы... Бирок Камчыкенин бир айтканынан кайтпаган өжөрлүгүн жакшы билишсе керек.

КЕЛДИБЕКОВ ӨЗҮН ОРТОМЧУ СЕЗИП...
Бул аралыкта ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков өзүн креслосунан жылмышып баратканын сездиби, анын үстүнө статус бар эмеспи, парламенттик өлкөнүн парламентинин башчысы деген... Кыскасы, таарынгандарды, тагыраагы, шайлоодон кулагандарды чакырып, БШКнын адамдарын төш кылып жыйын уюштуруп жиберди. Атамбаевге спикердин бул аракети жакпады көрүнөт, ангинасына шылтоолоп жыйынга келбеди. Жаңы шайланган президенттин басма сөз катчысы Ташиев менен Мадумаровго жолугушуу үчүн шеф ортомчуларга муктаж эместигин балп эттире айтып салды.
Төрагага арызданып келгендер “биз Атамбаевдин жеңишине макулбуз, бирок алар шайлоонун тегерегиндеги бардык маалыматтын таза жана калыс жарыяланышын талап кылабыз” дешиптир. Алар деле өлкөдөгү туруктуулукту сактоо үчүн жан үрөп жаткан экен.
Бул аралыкта Жогорку Кеңештин ичинде кезектеги жаңы коалициянын курамы кандай болору сөз болуп жатат. Анткени Алмазбек Атамбаев президент болуп бекилери менен премьерликтен бошойт. Демек, муну менен коалиция ыдырайт. Андыктан ЖКнын депутаты Равшан Жээнбековду жаңы коалициянын конструкциясы тууралуу кыска маек курдук.

Равшан Жээнбеков:
“АТА ЖУРТ” ЖАҢЖАЛЫ ҮЧҮН КОАЛИЦИЯДАН ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН”

– Бул сапар “Ата Журттун” “борттон” сыртта каларын айтыптырсыз. Буга эмне негиз болууда?
– Парламенттин ичиндеги кызуу процесстерге катышып, түрдүү саясатчылардын алакасына күбө катары ушундай божомолду айттым. Анткени КСДП жана “Республика” менен “Ата Журт” акыркы учурда тил табыша албай жаңжалдашып жүргөнү даана байкалып турат. ММКлар аркылуу Атамбаевдин бир Келдибеков менен, бир Ташиев менен конфликттерге барып жатканы чагылдырылууда. Мунун баары “Ата Журттун” кезектеги коалициянын курамынан орун таба албай калышы ыктымал дегенди билдирет.
– Азыртадан коалицияга “Ата Журттан” башкасы кирери жана спикерликке Текебаевдин дайындалары айтылууда. Бул тууралуу ЖКнын ичинде кандай күбүр-шыбырлар бар?
– Ооба, мындай сөздөр жүрүп жатат. Бирок ага байланыштуу бир “момент” бар. Ал – Орусиянын позициясы. Анткени Атамбаевдин орусиячыл маанайдагы саясатчы экенин билебиз жана мындан башкалар да кабардар. Өмүрбек Чиркешовичтин ЖКнын төрага болуп калышы же калбашы Орусиянын позициясынан көз каранды.
Айта кетчү жагдай, “Ата Мекендин” лидери шайлоодон баш тартуу менен сөз жүзүндө болбосо да, иш жүзүндө Атамбаевдин бир тур менен утуп чыгышына чоң колдоо көрсөттү. Кандайдыр бир деңгээлде Текебаев үчүн добуш берүүчү электорат Атамбаевди шайлашты десе болот.
Ал эми коалиция эгерде “Ата Журтсуз” түзүлсө, анда үч же төрт партиянын эсебинен жаңы коалиция куралышы ыктымал.
– Учурда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого өз баасын бериш керек деп жатышат, сиз буга кандай карайсыз?
– Туура. Менин көз карашым боюнча, парламент бул шайлоого өз баасын бериши зарыл.

АТАМБАЕВ ӨЗҮ АЙТКАН АЖЫДААРГА АЙЛАНБАСА ЭЛЕ БОЛДУ...
2006-жылы болуп өткөн ноябрь митингдеринин жүрүшү Алмазбек Атамбаевдин белгилүү жомогу менен эсте калган. Узун сөздү кыскартып, анын болгон мааниси “Ажыдаарды жеңген баатыр ак сарайга кирет. Ал жактагы алтынды көрүп, өзү ажыдаарга айланып кетет” дегендин тегерегинде. Ал муну менен Курманбек Бакиевди айткысы келген болчу. Аскар Акаевди кууп чыгып, кайра өзү үй-бүлөлүк-коррупциялык башкарууну орнотуп алды деп чыккан. “Дүйнө – бумеранг” дешет. Мына эми, Бакиевди кууп чыгып, Алмазбек Атамбаев өзү президент болгону турат. Өзү айткан ажыдаарга айланбай, ажыдаарды жеңген баатыр бойдон калышын тилейли. Кантсе да, ага жакынкы алты жылдын тагдыр таразасы күбө болот.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(94)
09.11.2011. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ушул утулгандар оппозиция болуп алышып "Атамбаев кетсин" деп чыгышат эмеспи
09.11.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев чыныгы президент болуп берет туугандар митингди токтоткула
11.11.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Атамбаев абдан жакшы,адилеттуу мыкты президент болот.Орусияга чуркаганы туура. Орусия Ошто жанжал болуп атканда ачка калган Кыргызга нан же деп май берди Млл руб акча берген.Ичин куйсо,туз жалаа
11.11.2011. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Атамбаев абдан жакшы,адилеттуу мыкты президент болот.Орусияга чуркаганы туура. Орусия Ошто жанжал болуп атканда ачка калган Кыргызга нан же деп май берди Млл руб акча берген.Ичин куйсо,туз жалаа
11.11.2011. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Атамбаев абдан жакшы,адилеттуу мыкты президент болот.
09.11.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Ташиев отпоптур аябай начар киши
09.11.2011. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Volgograd8442, Сиз Ташиевдин начар экенин кайдан билесиз керек болсо июнь окуясында канчалаган кыргыздардын омурун сактап калган ал киши.кана кыргызга куйот экен ошондо неге Атамбаев келген эмес?
09.11.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy ish kalbaikaldy kergyzstnda,Handyktan bashka
09.11.2011. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El shailagan Han bolo elek
09.11.2011. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул шайлоо да мурдагыдай эле отту, айырмасы колго кетпеген красканы суртуп, элдин башын айлантып, тизмеде жокторду озун куноолоп. Фонддон канча акча болунду, комиссиялар тизмени тактабай эшек такалаштыбы? Уймо уй кыдырып иштеген комиссия корбой эле, эшикти такылдаткан Атамбаевдин адамдары надоел кылды. Ух шайлоо отуп тынчыды.
09.11.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87 сага 100% кошулам
09.11.2011. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында быйыл шайлоочулардын санын атайын азайтып койушту дегенге кошулбайм!... Бакиевтин убагында эли кондуруп койгон Баткенден 90% шайлоочу келди, анын ичинен 89% Бакиевди шайлады деген ой менен..... Бирок чиндап келгенде... Биздин сырткы миграннтарыбыздын 70% тин тегерегиндеги пайызын так ошол Баткен, Жалал-Абад областтарынан адамдары тузот. Демек Баткен Жалал-Абад областтарынын жаштарынын кобу Россия, Казакстанда же Бишкете журушсо шайлоого кайдан 90% бармак эле.
12.11.2011. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_jigit,кок мээ 70%таалада журсо да так ушул моментте жашаган элдин саны айтылып жатат башын иштебесе не кыласын жазып.Андай боло турган болсо шайлоого элдин 98%и катышты деп журот элдин 40%и чет олкодо журсо кантип 98% катышмак эле ойлонуп терен ой жугуртуп анан кийин жазсан.Бут сага окшогон башы иштебегендердин баары Атамбаевдин тарабында болсонор Атамбаев 1жылга жетпей тактан тушот
13.11.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyiaz, Туура айтасын Кыяз!
15.11.2011. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyiaz, Жигит.. Биринчиден мен оз оюмду жазыш бул менин Конститутциялык укугум!!! Светтик олкодо ар бир адам соз эркиндигине ээ!!
Экинчиден сенин коментарийинен эле корунуп турат денгээлиндин тардыгынын. Мен ал коментарийди ой жугуртуусу, билим денгээли жогору адамдарга жазгам..
15.11.2011. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyiaz, Ал эми атамбаевдин тактан тушоору тушпосу мени коп ойлондурбайт. Ага карганда мени олконун келечеги кобуроок ойлондурат. Бул менин жеке позициям!
PS
Ар бир жерде адамдын озунун алып журуу, суйлоо маданияты болот..
09.11.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо эч качан таза откон эмес жана отпойт дагы . Аны баарыбыз эле билип калдык окшойт . Бийлик кимдин колунда болсо ошол адам женуучу деп табылат. Бир мисал келтирип кетсем . Менин бир досум кече болуп откон шайлоого барса анын фамилиясына башка адам кол коюп анын ордуна добуш берип коюптур. Андан чочулаган шайлоо комиссиясынын мучолору россияга кеткен адамдын атынан ага добуш берууго мумкундук беришиптир. Бул бир гана корунуш . Бул факт. Мындай корунуштор ар бир шайлоо участогунда ондоп санал
10.11.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ATAMBAYEV NASH PREZİDENT zaviduyte molcha
10.11.2011. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош жалалабад баткен еч качан атамбаевди колдобойбуз мадумаров и ташиев учун турат
10.11.2011. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Badboy.badboy,

Akylyn menen!!! Biliniü turat osho zhaktan ekenindi...
kep kooldodo emes aj!!! kep KG ni butka turguzup, kursaktyn kunu uchun tentip zhurgon KYRGYZDY biriktiruu zhana ekonomikany kotoruu!!!
10.11.2011. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев алга. Ыссык-Кол,Чуй,Нарын, Талас сени менен. Бизге Ташиевдей маданиятсыз, кок муштум, Мадумаровдой бал тилдуу красноречивый ораторлор кереги жок. Ташиевдин поступоктору анын кандай адам экенин айтып турбайбы. Женилип калдым деп чычалай бербей моюнга алыш керек да. Озу ар ким м-н мушташканы аз келгенсип элди да мушташтыргысы келип атат окшойт. Ош, Баткен,Жалалабаддын шайлоого жашы туура келген адамдарынын кобу мигрировать этип журушсо ким берет добушун экооно. Атамбаев самый достойный
10.11.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerim8411,
Дүйнөлүк экинчи согушта солдаттарга 100гр спирт берип "АЛГА" деп немицтерди жеңген.
Алга дей бергиле региондорго бөлүп.
11.11.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87,

WW2 100 gramm spirt emes 100 gramm ysyk suuga zhetpej olgondor bolgon.... kajdagy spirtti ajtasyn!!! Alardyn zhurogundo PATRIOTTUK sezim degen ordun teren algan, MEKEN uchun zhanyn bergen.
10.11.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ура ура Атанбаев алга, алгалай бер Кыргыз эл Азатыктын жолунда. оркундой бер оосо бер.
10.11.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ascasheri,
Мен деле "алга" деп көрөйүн:
Атанбаев,Мадумаров,Ташиев алгаа.Ош,Ж-Абад,Баткен,Чүй,Талас,Нарын,Ы-Көл,Америка,Россия,Казахстан,Марс,Ай-Жылдыз,Чолпон жылдыз,Саманчынын жолу,жаңы ачылып келе жаткан планеталар сиздер менен...дагы бир жолу алгааааа..
10.11.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87, ascasheri ,

ushu ekoono okshogon tipa KyrgyzsdaR but yntymakty buzat. Mekeninerge bolgon koz karashynardy oz dengeelineerde gana korsoto aldynar. Aman bolgulachy degi...zhana silerdej oj zhugutkon atuuldar arabyzda azyrak bolsun demekmin ....
10.11.2011. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Merischka,
silerdej oj zhugutkon atuuldar arabyzda azyrak
bolsun.....Макул ой "zhugutkon" атуулдар силердин араңарда азыраак болсун!
Бирок,бизге окшоп ой жүгүрткөн атуулдар Кыргызстанда көбөйө беришсин!!!
11.11.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87,

oj kara zhan emi saga teneleminbi kokuj :))) Albette seniki chynda ...aman bolchu degi...
10.11.2011. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канга синип калган баягы эле корунуш "Тундук-туштук" болунмой.Башыбыздан канчалаган окуялар отсо дагы калбайт экен да болунгондук.Шайлоонун алдында эле форумда талкуу болбоду беле,тундук туштук темасы боюнча.ошондо жазбадынар беле кокуй кимиси болсо да тундуктукбу туштукбукбу главный элди ойлогон адам болсо деп мына ачык эле коргозуп атпайсынарбы болунгонунорду!
10.11.2011. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев не президент и не считаю,потому что он АЛКАШ,как АКАЕВ. кто ЗА
11.11.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzzz, я ЗА брат биз у4ун Мадумаров президент""""""""""""""""""""""""
10.11.2011. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо честный болгон жок,Атамбаев уят кылбасын да эми
10.11.2011. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jansezim26, Мен да ушундай ойдомун.
10.11.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу атамбаев экономиканы которсо кыр бутка тургу3са олойн элдер ишенип алыптырго
11.11.2011. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Badboy.badboy, я за брат биз у4ун Мадумаров президент!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
11.11.2011. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын журоктон баары бир...
11.11.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atambaev bizdi uyat kilba
11.11.2011. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sart degen soz bul soodager degen sozdon kelip chikkan bul sozdu jaman kabil alip je jaman soz katari suyloboy ele koigula/ perry 90 tuura emes suylop jatasin
12.11.2011. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksimus, Озунун элин Сарт деп жазган адамдарды микробы,паразиты обшества десе болот
11.11.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун элин Сарт деп жазган адамдарды микробы,паразиты обшества десе болот.таарынбагыла ага.=)
11.11.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кен-пейил,кырылгыз кыргыз калкым. тундук-туштук деп болгондор,булар биздин эн баштапкы душманыбыз десек болот. Болгону 5млн калкпыз. Алмазбек Шаршеновичке келсек, Аллах ага ынсап берип,аны себепкер кылып,Кыргызстаныбызды оркундотсун.олкобуздо ырыскы,ынтымак,береке жана тынчтык болсун! Жараткан баарыбызды колдоп журсун
12.11.2011. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да ынсап берип Алла-таала кыргызстандын жакшы президенти болсун да
12.11.2011. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
выбор реальный отпогонун баарыле билетта значит нормальный президент болбойт мадумаровго кичине доверие кобуроок болчу лично мое мнение
12.11.2011. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Perry биз сарт болсок анюда сен эмне айбансынбы?7
12.11.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу туугандар келгилечи ынтымакта бололу. Ким президент болсо да Кыргызстанды онуктурууго аракет кылат деп ишенем. Келечекте Кыргызстан Орто Азияда онуккон мамлекет болушуна ишенем. Бизге коншу мамлекеттер суктанышат. КЫРГЫЗСТАН - МЕНИН МЕКЕНИМ! деген ураан менен журолу...
12.11.2011. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooo,tuugandar ka4an bizde untumak bolot?ka4anga 4eyin bolunobuz?ki4inekey kalk bolup turup?kudaydan surap kalam jawooobuzdun onoluwun.tilek kulam Atambaev boldubu emi elim u4un jakwu jumuwtardu kuluwuna.ke4eegi kun artta kaldu wayloo tura boldubu bolbodubu.uwaktardu azaytaluda Atambaevdin iwtewine niyet kulalu.
13.11.2011. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne bolso ele tyshtyko oodargan tyndyktorgo aitat elem abailagula dagu taruxta kalgan atunar dagu kaitalanbasun dep oiloim satkunduk kulup
13.11.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОЗУ СЕВЕРНЫЙ ЮЖНЫЙ КЫРГЫЗСТАН КЫЛА ТУРГАНДАЙ ЭЛЕ БОЛУП КАЛДЫ!! АТАМБАЕВ ЖАКШЫ ИШТЕСЕ ДА ТУШТУККО ЖАКПАЙТ, ТАШИЕВ МЕНЕН МАДУМАРОВ ДАГЫ ТУНДУККО!бирок Кыргызстан и так кичиней мамлекет, ошого жакшысы эми пикетсиз эле Атамбаев менен жашаш керек 5 жыл! сабыр кылып анан очередь менен бийликти туштук жакка откоробуз)
15.11.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luckyman, Азаматсын!!! Мен да сага кошулам...
19.11.2011. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимибиз ар кандай дей беребиз, эл уйронуп калды, эртен эле "Атамбаев кетсин"-деп оздору чыгат кайра. А "тундук-туштук" боюнча айта кетсек, арабыздан 2-3 бузукулар эле ошондой болуп ит кылып жатат элди. Бул деген менен "Бир чычкак уй мин уйду бок кылат"-деген макал айткын келет.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо