Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айжамал Кабылова: «МАГА ЭЧ КИМДИН ЫР ЖАЗЫП БЕРГИСИ ЖОК»

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Кыргыз эстрадасынын дагы бир апакай ак куусу Айжамал Кабылова Москвадан келип, туулган жерине, элине жана сахнага болгон сагынычын таркатып жүргөн кези.

– Айжамал, Кыргызстанга биротоло качан келесиң?
– Жакында кайнимди үйлөп, той бердик. Анан той бүткөн­дөн кийин Азамат “элиңди-жериңди сагындың, жаңы жылга чейин бул жакта жүрө тургула. Жаңы ыр жаздырып, клиптерди тарттырып ал” деп калтырып кетти. Бул жакка биротоло келем деп айта албайм. Ырыскыны кайсы жакка чачса, ошол жакта жашайт экенсиң. Анын үстүнө Азаматтын Москвадагы жумушу жакшы. Өзүнө да жагат. Ошол себептен азырынча Кыргызстанга келе турган ою жок. Анын үстүнө 11-классты бүткөндөн тарта эле чет жерде жүрүп калып, бул жакка иштегенден канааттанбайт.
– Жумушу жакшы дегениңе караганда, жолдошуң чоң кызматта го?..
– Америкадан колго жасалган, кымбат баалуу эмеректер келет. Ошолорду документтештирүү менен иштейт. Жолдошум иштеген фирманын эмерек саткан дүкөндөрү бар. Аларды кыдырып жүрүп, бизде да жакшы идея жаралды. Бишкекке балдарга арналган бир дүкөн ачсакпы деп жатабыз.
– Чыгармачыл адамды бала менен үйдө отуруу бир топ эле буулуктурат болуш керек...
– Ой, көзүмдөн жаш тегеренген учурлар көп эле болот. Чынында, бала менен үйдө отуруш кыйын экен. Анын үстүнө мен балдарымды бала багуучуга ишенип таштап кете албайм. Аябай баласаакмын, бирөөгө каратыштан кызганам. Болгону, уулум Темирланды төрөгөндө апам эки айга келип каралашты. Ошондон бери эле эки баланын түйшүгү мененмин. Бук болгондо Азаматка тултуңдап, балдарды урушуп калам. Мындай учурда жолдошум шаар айлантып, көңүлүм эмнени каалап турса, ошону жасоого аракет кылат.
– Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Силердечи?
– Тфү-тфү-тфү, ушуга чейин казан-аяк кагыша элек. Болгону, экөөбүз балдар үчүн чыртылдаша кетебиз. Кызым Жыпара менен Темирлан бир нерсе талашып чырылдашып калса эле Азамат уулуна болушуп, Жыпараны урушат. Мен болсо “кызыма тийишпе, кызым да мен үчүн кичинекей, өзүм тарбиялайм” деп болушам.
– Москвада батирде туруп жатасыңарбы?
– Азырынча кайнежем болуп эки бөлмөлүү батирде турабыз. Үй сатып алалы деп издештирип жатабыз. Москвадан үй алыш оор. Анын үстүнө Азаматка оңой менен бир нерсе жакпайт.
– Жолдошуңдун бул жакка келейин деген ою жок болсо, чыгармачылыгың кантет?
– Эми шарт ошондой болуп жатат. Жолдошум “сени деле түшүнүп жатам. Кичине чыдап тур, бутубузга турушубуз керек. Өзүң башында айткансың, биринчи орунда үй-бүлө деп” деп айтып калат.
Жылына бир жолу келип, чыгармачылыкка кайрылып турсам деле мен үчүн чоң “заряд” болот. Бирок ушул жолкусунда келгенде чыгармачылыкта чогуу иштешкендерге абдан таарынып, нааразы болуп турам. Адамгерчилик жоголуп бараткандай сезилди. Себеби Москвадан бул жакка келерде “жакында барам, жакшы ыр болсо жазып берсеңиздер” деп чыгармачылыкта чогуу иштеп жүргөн бир топ адамдарга кайрылгам. “Болуптур” дешкен, келсем, эч нерсенин дайыны жок. Мына, келгениме эки ай болуп жатат. Телефон чалып байланышып, жолугалы десек жолуккулары келбей же мага ыр жазып бергилери келбей жатабы, билбейм.
– Мындай мамиледен улам сага бут тосуу болуп жатат деген ой келген жокпу?
– Анысын айта албайм. Азыр бардыгы келип эле акчага токтолот экен. Антейин десең, менде акча маселеси жаралган жок. Ошол эле мурда-кийин жакшы иштешип келген аранжировкачы Мирлан Ниязовго “мага бир жакшы ыр жазып берчи” десем, эч эле шашпайт. “Сен мени жарга такап жатасың, мага убакыт керек” деген шылтоо айтып туруп алды. Билбейм, балким, илхамы, көңүлү келсе жазып калар. Таарынып, кайра Москвага кете берсемби деп, бирок сахнага болгон сагынычым токтотуп калды. Өзү да эки жылдын жүзү болуп кетпедиби, “Жыпарым” деген ырды ырдагандан бери чыгармачылыгым токтоп турат.
– Ортодо Гүлшайыр эже менен кичине таарынышып жүрдүңөр эле, азыр мамилеңер кандай?
– Жакшы элебиз. Келгенден кийин учураштык. Бизди жакшы кабыл алды. Ортобузда эч нерсе болбогондой эле. Эми баягы кыргызда “туубаса да тутунган” деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, баары бир балдарыбыз да.
– Бул жактагы ырчылар Орусияга гастролго көп чыгышат. Алардын концерттерине барып ырдап турасыңбы?
– Ал жакта бир гана жолу концертке чакырылдым. Анын да аягы шылуундардын айынан комедияга айланып кетти. Силердин гезит деле жазып чыкпадыбы, Омардын Москвада болбой калган концертин. Концертке эки күн калганда Акжол деген бала чалып, “сизди таппай жүрүп араң таптык, концертке катышып бериңизчи” деп ой-боюма койбой суранганынан баргам. Омар, анан Эрнис Бөрүбаев эле келиптир. Баягы афишадагы жайнаган ырчылардын бири жок.
– Сахна сулуулукту, жаштыкты талап кылат эмеспи. Ошол нерселерди сактап калууга кандай далалат кыласың?
– Ий, түшүнүп турам, эмнени кыйытып тур­ганыңды. Мени көргөндөр “толуп кетиптирсиң” деп айтып жатышат. Үйдө, балдардын түйшүгү менен жүрсөң, форманы сактоо деген нерселер унутула түшөт экен. Сахна үчүн өз калыбыма келүүгө чамам жетет. Сахна чындыгында жаштыкты талап кылат, бирок Пугачёва деле ырдап жүрбөйбү.
– Фонограмманы жоюу тууралуу мыйзам долбоору каралган турат, жандуу ырдагандан коркпойсуңбу?
– Бул идея мага да жакты, коркпойм, тескерисинче, колдойм. Ырчы болгондон кийин жок дегенде той-топурларда жандуу үн менен ырдап турсаң кандай жакшы?! Азыр биздин эстрадада жылдыздар өтө көбөйүп кетиптир. Таланты бары деле, жогу деле жүрөт. Мурда “өзбектерде эмне көп, ырчы көп” деп айтылып келсе, азыр биз ошол кейипти кийип калыппыз. Фонограмма жоюлса, чыныгы таланттар иргелмек.
– Сапар менен «Күттүм сени» аттуу ырды жакшы ырдаптырсыңар...
– Бирок бул ырга менин ичим толук чыккан жок. Клипке да аябай даярдангам. Анан мына Москвага учам деп жатканда студияга барып, калп айтпасам, 15 мүнөттүн ичинде өзүмдүн куплеттеримди ырдап салып кеткем. Сапарга “чыгарбай тур, мен келгенде кайра ырдайын” десем, “жакшы чыгыптыр, чыгара берели” деп шаштырып туруп алды. Билбейм, элге билинбеши мүмкүн, бирок ырчыга өзүңдүн кетирген кемчиликтериң билинип калат.
– “АГК” тобунун жеке концертин берейин деген пландары барбы?
– Жакынкы пландарыбызда жок. Бирок концерт тууралуу ойлорубуз бар. Буюрса, жаңы ырлар менен жаңы жылдык кечелерге катышабыз. Азыркы учурда баарыбыз эле бала кучактап, кичине колубуз байланып, убакыт тар болуп турат.
– Бала-чака демекчи, дагы төрөйсүңбү?
– Эки балам удаа төрөлдү. Кичине эс алайын деп жатам. Кудай берсе, дагы уул-кыздуу болгум келет.
– Алыс жерде жүрүп, шоу чөйрөдө жортуп жүрчү ушактардан да алыс болуп калсаң керек?
– Ушак кайсы жерде болбо, айтыла берет. Азыркыга чейин “күйөөсү түрк экен” деген ушак уланып эле келе жатат. Ооба, Азаматтын генинде түрк каны бар. Ошонун ийне-жиби чубалып бүтпөй койду.
– Маегиңе рахмат. Сахнаны көп сагынтпай тез-тез чыгып тур.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Айжамал Кабылова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(111)
09.11.2011. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазгуль азаматсын Туп элинин сыймыктанган кыздарынан бол, иштерине ийгилик
SUPER.KG видео
09.11.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжамал абдан таланттуу кайталангыс талант. Сындабай эле койгулачы, баары жайында. Суйлогону озунуку ушундай. Мына мисалы алып баруучу кызды айтса болот, оозун чоюп иттей жасалма суйлоптур.
Медиа-портал
09.11.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mou alip baruuchubuz takyr ele onolo albai koidu, munu menen ten jaryshka tushkondor ebak ele araba mn koyongo jetti, a bul alip baruuchubuz tajriyba toptoso dele degile koyondu ensebei choyoktop ele jurot...
a Aijamaldyky bolso emi makal bar go kyz jerge siygende anan erge tiygende bir kozu butot degen, oshondoi ele boluptur..bul kopkonduk da ubaktynchalik...andyktan Aijamalga kop jestoko aytpoo kerek, antkeni yrdap koygon yry bar elde, a alip baruuchunun emnesi bar?????
Медиа-портал
09.11.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tabiygat, силердин антип бироону басынтканга эч кандай акынар жок го дейм!
SUPER.KG видео
09.11.2011. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кто кто но ушул Айжамал озун жазавай эле койсо болот эле .
SUPER.KG видео
09.11.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москвага 1 жыл барып алып эле болбой калган го кыргызча суйлой албайм типа деп.
09.11.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгочо ажардуу, адамды озуно тартып турат. Уну да озгочо кооз. Ылайым ырдагысы келип, ырга толуп турсун деп каалайм. Ыр деген дагы команда менен келе турган нерсе эмес да. Каалаарым журогунун куусун жазып бере турган обончулар коп болсун, журоктон чыккан журокко жетет дегендей. иши кылып ийгилик каалайм, дагы бир кыргыздын сыймыктанчу кыздарынын бири.
SUPER.KG видео
09.11.2011. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
султан садыралиев эмне кылган буга
SUPER.KG видео
10.11.2011. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кантет. бул ото еле томонку корунуш. соз жок. тантырайт
10.11.2011. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suroolor kyzyktuu emes bez perchinok
SUPER.KG видео
10.11.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айжамал Кабылова кыргыздын эң таланттуу кыздарынын бири. Мындай үндөр чанда болот. Суйлогону мурда эле ушундай болчу, жапжакшынакай эле суйлопататго. Болгону маекти ызы-чуу жерден алып, уккан кишини чарчатып салат экен, тынчырак жерден суйлошушсо болмок.
SUPER.KG видео
11.11.2011. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jasap suilogonu jinimdi keltirdi, bolgon bolgondoi ele suloso bolmok
SUPER.KG видео
11.11.2011. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага Айжамал эженин ырдаганы,уну,журуш турушу абдан жагат!!! Жасалма суйлобой эле балким озу ошондой суйлойттур!Биз кайдан билдик?)) Ажими эжеге уй булолук бакыт,чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!! Мен сиздин чыгармачылыгынызды абдан баалайм!!!
11.11.2011. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал эжеке сиз мага жонокойлугунуз менен жагасыз!!! Мен сиздин талантынызды абдан баалайм!!!
12.11.2011. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар кызык! Сынчынын сынар отугу майрык дейт ар бир адам сын айтканда ойлонуп айтса.Алып баруучунун суроосуна карата жооп,колунардан келсе силер да мактангыла мактанаар нерсенер болсо! Айжамал азамат, талантын ташкындасын,уй булон менен бактылуу бол!
12.11.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamdar awuk4a ele sunday beriwet anunda oz 4egi bolot emespi,ananda ozuno birin4i karaw kerek dep oiloymun.Ayjamal ejege dagu da bolsooo kooop iygilikterdi kaaalaymun.uy dep ele otura berbesten adam balasu koldon kelse baaarun kuluuusu kerek.biz sizdi jakwu korup suylaybuz.
12.11.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне жакшы нерсе айтышса эле мактанат деп чыга калышат, созсуз жаман нерсе айтыш керек беле, качан ич куйдуулукту токтотобуз ыя?? эн сонун!!!!!эмне кыргыздые пугачеванын богу да кымбат бп калды беле,силерге окшогондор кыргыздын жузун каралайт. акцент мн суйлосо да кыргвз ун журогундо акцент жок!!!
13.11.2011. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshynakaj,jonokoj ele ajym Aijamal eje.
Koroalbastardyn byljyr sozdoruno konul bolboj ele kojunuz!
Alga!
14.11.2011. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай азаматсыз Айжамал эжеке,Отузадырдан болсонуз жердеш экенбиз даа,
14.11.2011. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jagat Ayjamal chyndygynda talanttu, koro albagandar jaza beriset da.Talanti joktor dele ozdorun korgozup sahnada juruspoibu.Alar menen seni salistirganga bolboit. Sen oso turgan adamsin oson uchun uydo olturbai chiga ber.Maktangan irchilardi mkoro elek ekensiner oorunduu ele inter-u beriptir.Chygarma-k iygilik saga.
SUPER.KG видео
18.11.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КОЙчу Айжамал кылыктанбай суйлочу!Баштагы мурункудай эле болуп!БИрок чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
25.11.2011. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгоруп кетиптир мурдагы симпатичная Айжамал жокко
25.11.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоонор тен очки тагып алыпсынарго эмне учун?
SUPER.KG видео
26.11.2011. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал сени Гулкайыр Садыбакасова эле кой ай деп алып жургон тура.аябай кылыксыз турбайсынбы.
SUPER.KG видео
30.11.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
moskvada jashasa ele ushintip chanjirap kalish kerekpi,
SUPER.KG видео
25.01.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы таланты бар болсо, озун алып журууну дагы билиш керек, интервью берип жатканда орустар айткандай ото эле искуственно болуп калыптыр, ушул маекти канча адам корот, керек болсо чет олкодогу кишилер дагы корушот, интервью берердин астында кичине жакшы создорун даярдап алып чыкса жакшы болмок, кыргыздын кызы учун мен уялдым. Эгер таланты бар адам ушундай суйлосо анда кыргыздын таланты жоктору кандай суйлойт билбейм.
SUPER.KG видео
07.05.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим Айжамал эжооооооу
SUPER.KG видео
14.06.2012. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Берген суроосуна ылайык жооп берди .а суйлогону балким озу ошондой суйлойт .Кийингенине тан калсанар бала менен кандай кийиниш керек айлонуп жазгылачы.
SUPER.KG видео
24.03.2013. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жасалмараакко дейм,прям жашоосундагыдай эле суйлосо ушул создорду жакшы болмок,а так айжамалдын ырдаганы супер!!!ийгилик сага!!!
SUPER.KG видео
27.11.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ойооо эмне эле деп жаза бергенсинер, кыргыздарда бироо осуп келе жатса соссуз бутунан тартып туруп алабызда. Айжамалга жана Жазгулго ийгилик жана ийгилик.
SUPER.KG видео
25.05.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айжамал эже сиздин ырларыныз аябай жагат.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо