NE-YO

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

“Сулуу желмогуз” (“Beautiful monster”) деп кыңылдап ырдап калган жаштарды азыр да жолуктурса болот. Ал эми анын аткаруучусу рэпер, ырчы Не-Йо кимди гана кызыктырбайт? Кара торусунан келген бул жигит стили жана ырлары менен кыргыз кыздарынын да жүрөгүндө.

Толук аты-жөнү – Шаффер Чимер Смит
Туулган жылы – 1979-жыл, 19-октябрь (кээ бир маалыматтарда 1982-жыл, 18-октябрь деп айтылып жүрөт)
Туулган жери – Арканзас штатынын Камден шаары
Не-Йо – ырчы, ырлардын автору, продюсер, рэпер, бийчи, актёр

ЖЕТИМ ӨСКӨН ШАФФЕР
Атактуу рэпердин атасы афро-америкалык, апасы афро-кытайлык, экөө тең музыканттар болгон. Атасы апасын көп сабагандыктан, алар Не-Йо кичине кезинде эле ажырашып кетишкен да, Шаффер апасынын колунда калган. Мектепте окуп жүргөндө эле Шаффер “Кызгануу” (“Envy”) деген топтун мүчөсү болгон. 2000-жылы топ жоюлуп кетет. Бирок Не-Йо ыр жазып, композитор болуп, өзү кызыккан иштерди аткаруу менен алек болуп жүрө берет. Ошондо эле атактуу ырчылардын көбүнө ыр жазып берчү. Ошол учурда жакын досу аны продюсер Антонио Рейд менен тааныштырат да, ал экөө келишим түзүшөт. Ошентип, жаш талант чыгармачылыктын катаал жолуна аттанат. Анын биринчи дебюттук ыры “Туруу” (“Stay”) деп аталат.

НЕ-ЙО “МАТРИЦАДАГЫ” НЕОГО ОКШОШ
Ал эми Не-Йо деген лакап атты Шавн Миллиган аттуу досу ойлоп тапкан. Анын айтымында, Неонун ролундагы Киану Ривз матрицаны таамай көргөндөй эле, Шаффер музыканы таамай көрөт жана жакшы түшүнөт. Ал эми “йо” деген атынын экинчи бөлүгүн хип-хоп маданиятына көбүрөөк жакын болуу үчүн ырчы өзү кошуп алган.
“Ал чын эле “Матрицадагы” Неого окшош”,- дейт анын досу.

ЭКИ БАЛАНЫН АТАСЫ
2005-жылы Не-Йонун сүйлөшкөн кызы төрөп, атын Чимер аташкан. Ошондо гана Не-Йо ата болгонуна ишенген эле. Кийин бала өзүнүкү эмес экенин билип, рэпер катуу жинденген. Азыр ал баланын апасы менен алдады деп соттошуп бүтө албай жүрөт.
Монита Шоу аттуу актриса Не-Йо-нун учурдагы сүйүктүүсү экенин билебиз. 2010-жылдын 12-ноябрында Монита Не-Його Мэдилин Грейс Смит аттуу кыз төрөп берген. Ошондо Не-Йо чыныгы ата болуу бактысын жашырбай мындай деген: “Мен буга чейин да сүйүп көргөм, албетте. Бирок балалуу болуу башкача сезим экен. Мен мындай сезимге буга чейин кабылган эмесмин. Биринчи жолу сүйүп калгандай болуп турам”.
Ал эми ушул жылдын 9-октябрында Монита Не-Йодон экинчи баласын төрөгөн. Анын атын Масон Эван Смит деп аташкан. Не-Йо менен Монита жакында үйлөнө тургандарын жарыялашкан, бирок тойдун качан болору белгисиз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Ne-Yo

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
12.11.2011. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек атабеков ушунун ырларынын обонуна коп салып ырдайт
SUPER.KG видео
15.11.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантливый исполнитель. ООООчень нравится и сам он, и его песни!
18.11.2011. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin kyzdardyn jurogundo bizdin ele myrzalar bolush kerek dep oiloim.
SUPER.KG видео
18.11.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ne-Yo Эё зажигай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо