Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Санжар Бердибеков: «КОНЦЕРТИМДЕ «ДЕЛБИРИМ» ТОБУ МЕНЕН ЫРДАП ЧЫГАМ»

№194 21-27-июль, 2006-ж.

– Санжар, алдыда бере турган концертиңизди эмне максат менен коюп жатасыз?
– Учурда борбор калаабызга жаштар ар кайсы региондордон окууга тапшыруу үчүн келип башташпадыбы. Ошондуктан, аларды «Ийгилик сага, абитуриент» деген ыр-күлкү концертим менен тосуп алайын дедим. Негизи, бул концерт продюсерим Жаныбек Борбиевдин демилгеси менен уюшулуп жатат.
– Концертиңизден эл кандай өзгөчөлүктөргө күбө боло алышат?
– Өзгөчөлүгү, концертим жалаң кыздар менен биргеликте өтөт. Тактап айтканда, Неля, Бактыгүл Бадиева, Фарида Карбосова, «Делбирим» кыздар тобу жана башка жаш ырчы кыздар катышат. Жигиттерден жалгыз гана өзүм болом. Сатираларымды да кыздар менен биргеликте аткарып чыкканы турам. Алар мен ойлогондой ойноп беришет деген ишеничтемин. Ошондой эле жаш ырчы Бактыгүл экөөбүз өкүл атам Бек Борбиевдин «Сүйүп калба» деген ырын дует ырдап чыкмакчыбыз. Өкүл атамдын мындан башка дагы үч-төрт ырын күйөр­мандарыма сунуштайм. Бул эле эмес, көрүү­чү­лөргө жага тургандай кызыктуу оюндар да бар.
– Бактыгүл Бадиева менен кандайча дуэт ырдап калдыңыз?
– Менин продюсерим Бактыгүлдүн продюсери Назгүл Айдаралиева менен байланышып, өз ара бизди дуэт ырдатуу тууралуу сүйлөшүшкөн экен. Ошентип, Бактыгүл экөөбүз ырдап калдык. Дагы айта кетчү нерсе, «Делбирим» кыздар тобу менен да бирге ырдап чыкмакчымын.
– Бул сиздин канчанчы жеке концертиңиз?
– Бешинчи жолку концертим. Бирок, Рахман Разыков аяш атам:«Бешилик» тобунан биринчилерден болуп Тынар, Рыспек, Таланттар жеке концерттерин берип жатышат» деп айтып жүрбөйбү. Чындыгында, «Бешиликтен» биринчилерден болуп эки-үч жыл мурун мен жеке концертимди берген элем. Муну атаандаштыктан эмес, сөздүн чындыгынан улам айтып жатам.
– Учурда концерттер көп болуп, атаандаштык күч алып турган кез. Концертке эл келбей калабы деп корккон жоксузбу?
– Сахнага чыккандан берки жети жыл ичинде аздыр-көптүр күйөрман топтогондурмун. Ошондой эле ыраматылык атамдын арты менен мени да сыйлаган күйөрмандарым, анан продюсеримдин “Делбирим” тобунун күйөрмандары келишсе, Кудайга шүгүр көп эле көрүүчү топтолот деп ойлоймун.

Маектешкен Рахбар Алымкулова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо