Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АШКАБАК ЖЕСЕҢ, ООРУНУ УНУТАСЫҢ

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

Күлчү тууралуу жомок эсиңизде чыгар. Боорукер сыйкырчы көз ачып-жумганча ашкабакты арабага айлантып, Күлчүнү кечеге жөнөтөт эмеспи. Жомокчулар эмнеге дал ушул жашылчаны тандап алышкан? Балким, анын пайдалуу касиеттеринен улам болуп жүрбөсүн.

ТАРЫХЫНАН
Адам баласы алгач ашкабактын данын, көптөн кийин гана этин тамак катары колдоно башташкан. Ашкабак качан, кайда пайда болгон? Бул туурасында адистер «ашкабак Америкада «төрөлгөн» деп айтышат. Бирок ашкабактын бөтөлкөгө окшош түрү биздин заманга чейин эле Азия менен Европада абдан белгилүү болгондугу айтылып жүрөт. Алар аны суу жана шарап куюу үчүн пайдаланып келишкен.
Учурда ашкабакты ашканадан сырткары сулуулук үчүн, ар кандай оюн-зоокторду уюштурууда жана бөлмөлөрдү кооздоо үчүн да колдонушат.

АШКАБАК АШЫКЧА САЛМАКТАН АРЫЛТАТ
Ашкабакта А, B1, B2, B5, E, РР, С витаминдери, кант, кальций, калий, магний, темир жана башка микроэлементтер камтылган. Ал эми даны В1, С, Е, D, РР витаминдерине жана каротин, көмүртек, белок, майга бай. Тибет элдик медицинасында ашкабакты дарылык касиети бар азык катары колдонуп, аны менен боорду, бөйрөктү, гастритти, ашказан жарасын айыктырууда колдонушат.

  • Ашкабактын эти жоон ичегинин сезгенүүсүндө, ич өтүүдө, жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта, циститте сунушталат.
  • Ашкабактын эти организмден ашыкча холестеринди чыгарып, жүрөк ооруларынын алдын алат.
  • Уйку качканда ашкабак ширесине бал кошуп ичүү сунушталат.
  • Ашкабак данеги – чүчөк куртка каршы эң натыйжалуу каражат.
  • Мындан тышкары маал-маалы менен ашкабак данегин жеп турган эркекте бел кубат жаатында маселе жаралбайт.
  • Зат алмашуу бузулганда, боор оорусунда суткасына 0,5 кг ашкабак жеп же 1-2 стакан ширесин ичүү сунушталат.
  • Ким ашыкча салмагынан арылууну кааласа, ашкабактан жасалган тамактар ага эң жакшы жардам берет.
  • Ашкабактын эти күйүккө, тери ооруларына даба.
  • Кош бойлуулар үчүн кусууга каршы натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.

СУЛУУ БОЛГУҢ КЕЛСЕ...
Ашкабактын сулуулук жаатындагы эң пайдалуу өзгөчөлүгү – адамдын, өзгөчө аялдын организмин жашартуучу касиетке ээ болгондугу. Курамындагы Е витамининин эсебинен ал бырыштын пайда болушунун алдын алат. Аны маска катары 1-2 жума пайдалангандан кийин бет терисинин жумшак, жылмакай болуп калганы байкалат.
Жашартуучу маска: Ашкабакты сүргүчтөн өткөрүп, 2 аш кашык боткосуна 1 аш кашык алоэнин ширесин, 1 чай кашык бал кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге 10-15 мүнөт коюп, андан кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет май сүртүп коёсуз.
Кургак терилүү беттер үчүн: Алгач ашкабакты сууга бышырып аласыз. Анан анын 2 аш кашык эзилген боткосуна 2 аш кашык быштак жана 1 аш кашык каймак кошуп аралаштырыңыз. Буга 1 чай кашык бал кошуп койсоңуз да болот. Бул масканы бетке 15-20 мүнөткө жаап, андан соң жылуу сүткө малынган кебез менен аарчып саласыз. 5 мүнөттөн кийин жылуу суу менен бетиңизди чайкап коёсуз. Эгер муз бар болсо, бетиңизди сүртсөңүз да болот.
Майлуу беттер үчүн: Ашкабактын кичинекей бир бөлүгүн сүргүчтөн өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 2 чоң кашык алып, ага 1/4 чай кашык лимон ширесин жана 1 жумуртканын агын кошуп аралаштырып, бетиңизге 15 мүнөт коёсуз. Андан соң жылуу суу менен жүзүңүздү жууп саласыз.
Бетти агартуучу жана сергитүүчү ашкабак данегинин маскасы: Ашкабактын 20 даана данегин чагып, жанчып, үстүнө бир аз кайнак суу куюп, эмаль идиште коюуланганга чейин кайнатып, муздаганча коё турасыз. Андан кийин бетиңизди зайтун майы менен майлап, данек аралашмасын жука кылып жабасыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

АШКАБАК ЧАПМАЙ
АКШдагы Хэллоуин балдар майрамы ашкабаксыз өтпөйт. Ага ооз, мурун, көз жасап, ичине күйүп турган шамды салып, майрамдын көркүн ачышат. Биздечи? Кыргыздар бул жашылча менен ашкабак чапмай оюнун ойноп келишкен. Оюнчулар кезеги менен колдоруна таяк алып, көздөрү таңылгандан кийин, ашкабакты таамай урууга аракеттенишет. Ким көп жолу урса, ошол оюндун жеңүүчүсү болот. Оюн кыраакылыкка, аралыкты байкоого, жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөт.


АШКАБАК АШКАНАДА

КАТТАМА САМСА

Керектелүүчү азыктар:
Кой же уй эти – 300 грамм
Ич май же куйрук – 100 грамм
Пияз – 0,5 килограмм
Ашкабак – 300 грамм
Жумуртка – 2 даана
Каймак же сары май – 200 грамм
Суу – 1 стакан
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Эленген унга жумуртка, туз кошуп, мантыныкындай, өтө катуу эмес кылып камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Камыр тыныккандан кийин 1 миллиметр калыңдыкта жайып, ага каймакты (сары майды) сүйкөйбүз.
3. Анан камырды эки бүктөп, каймактан дагы сүйкөйбүз да, учунан тыгыз кылып орой баштайбыз.
4. Оролгон камырды 2-3 сантиметрден кесип, жакшы жайылышы үчүн 20 мүнөттөй муздаткычка сала турабыз.
5. Бул убакыт аралыгында эт, ич май же куйрук, ашкабак, пияздан туурамжы даярдай салабыз.
6. Муздаткычтагы камырдан алып чыгып жайып, ортосуна туурамжыдан салып, самсаны түйөбүз.
7. Самсанын үстүн жумуртканын сарысы менен майлап, күнжүттүн данынан себелеп, 180 градуста ысып турган духовкага салып бышырып алабыз.

ГҮЛ МАНТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кой же уй эти – 300 грамм
Ич май же куйрук – 100 грамм
Пияз – 0,5 килограмм
Ашкабак – 300 грамм
Жумуртка – 2 даана
Суу – 1 стакан
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач унду жакшылап элеп, ага жумуртка, туз кошуп, өтө катуу эмес кылып камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Камыр тыныкканча эт, ич май же куйрук, пияз, ашкабакты майда туурап, ага татымына жараша туз, кара мурч кошуп, туурамжы даярдайбыз.
3. Андан кийин камырды 1-2 миллиметр калыңдыкта жайып, аны узундугу 10-12, туурасы 6-7 сантиметр болгон кесиндилерге бөлөбүз.
4. Кесиндилердин так ортосуна узатасынан туурамжыны салып, эки жагын бириктиребиз. Эки жагын тең кылып бириктирсеңиз же үстүңкү катмарын бир аз ашырып койсоңуз да болот.
5. Акырындык менен ороп, учун мантынын капталына жабыштырып коёбуз.
6. Анан манты касканга салып, күчтүү отто 40-45 мүнөт бууга бышырабыз.

АШКАБАК КУЙМАГЫ

Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 500-600 грамм
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 100 грамм
Ун – 300 грамм
Көптүргүч (разрыхлитель) – 10 грамм
Суу май
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Ашкабакты тазалап, аарчып, сууга бышырып, эзип алабыз.
2. Кийин жумуртка, ун, кумшекер, көптүргүч жана тузду аралаштырып, ага ашкабак боткосун кошобуз.
3. Андан соң кызыган майга 1 аш кашыктан куюп, эки жагын кызарта бышырып алабыз. Бул таттуу азык болгондуктан, каймак менен дасторконго берсек болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(10)
14.11.2011. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм, алдагы куймакты жегим келип шилекей агып жатыр
15.11.2011. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин дагыыыыыыы
15.11.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин болсо самса же манты жегим келип атыр
15.11.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер жегинер келип атыр жатыр болсо,менин жегим келип атат.
16.11.2011. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, :)))
17.11.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonuun gooooooooooooo
18.11.2011. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да бергиле
19.11.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат кенештер учун!!!!!!!!!!
29.11.2011. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашкабака анча маани бербей жургон экенмин
Рахмат Супер инфо
29.11.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каттама самса жасап койдум жегиси келгендер келип жеп кеткиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо