«БАКЫТ ДЕП БАЙЛЫКТЫ ТАНДАГАМ»

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

Негедир жаш кезде жашоо-турмуш оңойдой сезилет. А бирок чоң турмушка аттанып, аны менен чындап күрөшө баштаган кезде “эң туура” деп чыгарган чечимдерибиз ката болуп чыгат экен. Жеңем деп жатып турмуштан катуу утулуп калганым башкаларга да сабак болсун дедим.

“БАЛАМДЫ ӨЛТҮРГӨНҮН КЕЧИРЕ АЛБАДЫМ”
– Жаш кезимде табият берген сулуулугума текеберсинип, көп жигитти кыйнадым. Жигиттер мага канчалык үйүлгөн сайын ошончолук мага алар оюнчуктай көрүнчү. Азыр бир чет өлкөнүн ресторанында тамактанып отурмакмын. А балким, баламды кучактап...
Реалдуулукта жөнөкөй эле кафеде официант болуп иштеп жүрөм. Баягы сулуулугума ашык болуп, “асмандагы айды да алып берем” деп артымдан калбаган мырзалардын бири жок. Алардын деле мага кереги жок. Анткени мындан алты жыл мурун мага керек адамды байлыкка айырбаштап жибергем. Ооба, ошенткем. Анткени мага кедей студент менен жашагандан көрө үй-жайы бар, акча уучтап жүргөн адам менен жашоо артык көрүнгөн. Мага ошол жол ыңгайлуу сезилген. Бирок ал адам мени баалаган жок. Аны менен кошо жеңил жашоонун ырахатын таттым. Жедим, ичтим, саякаттадым, ырахатым үчүн ур-токмок да жедим. Бирок мен күткөн, элестеткен бакыт алыстай берди. Күйөөмдүн ар кайсы токол, ойношторуна чыдап жүрдүм, акыры баарына тең кол шилтедим. Күйөөм баңгизатын да колдонууга өткөндө “эмне болсоң ошо бол, сенин жинди жашооңдо жашагым келбейт” деп кол үзүүгө туура келди. Балким, дагы чыдайт белем, бирок акыркы ур-токмокторунан боюман түшкөн балам үчүн кечире албадым. Кош бойлуу элем, алты айлык болуп калган. Балалуу боло албай жүрүп, боюмда бар экенин укканда аябай сүйүнгөм. Ошого сооронуп жашап кетем деп ойлогом. Бул акыркы чекит болду. Эми менде сулуулугумдан башка баалуу эч нерсем деле калбады окшойт. Жашоомду жаңы барактан баштоону чечип, калаадагы кафелердин бирине официант болуп орноштум.

“КАПЫСТАН ЖОЛУГУУ”
– Кафеге күндөрдүн биринде көзгө түшө турган мырза бир айымды жетелеп кирип келди. Алардын бактылуу экени алыстан эле билинип турду. Аларды көрүп, жүрөгүмдү жалгыздык, кусалык ээлеп алды. Милдетим да, келген кардарларга барып: “Саламатсыздарбы, кутмандуу кечиңиздер менен, эмне каалайсыздар?”- деп миң жолу айткан сүйлөмдү кайталай баштадым. Негедир эч кандай жооп болбоду. Кардарлардын жүзүн карабай эле тейлөө менин адатым эле. Бул жолу башымды көтөрүп, тигини тиктегенге аргасыз болдум. Ал дагы мени тиктеп турган экен. Алмаз! Алты жыл мурун мен чанып кеткен, мага керек экенине карабай башканы тандап кеткен адам.
– Мона, сенсиңби?..
Жүрөгүм дүкүлдөп, демим кысылып кетти.
– Жо-ок, сиз адашып калдыңыз, менин атым Мира... Азыр сизге башка кыз келет,- деген бойдон жанынан кеткиче шаштым.
Эх, сен гана жетишпей жаттың эле, толук бакыт үчүн” деп ичимден Алмазга кыжырым келип жатты. Баарын жаңыдан баштайын дегенде кайрадан сыноого кабылганымды көздөн чыккан жаштар гана сооротуп, денемди муздак тер басты. Катуу өзгөрүпсүң. Алты жыл мурун арыкчырай келген, өзүңө-өзүң ишенбеген жоош жигит элең. А азыр... Бирок мени караган көз карашың дале баягы. Мен да өзгөрүлдүм, азыр мен такыр башкамын. Сен кафеге келип кеткенден бери оюмдан кетпей, түн уйкуман айрылдым. Бир кезде “бедный студент” деп кемсинтсем, эми сен кемсинтерге акың бар. Бирок сен антпейсиң. Сен адамгерчилүктүү, акылдуу адамсың. Жиндиликке, кыйноого туш болгон жылдарымда мага сенин ошол сапаттарың жетпей жүрүптүр. Мен ошого куса болгон экем. Баарын кайрадан эстешке туура келди. Ар бир күнүбүз кубанычтуу эле. Кыз-жигит болуп, жетелешип басканыбыз... Сенин белекке берген кичинекей мамалактарың... Эркелеткениң... Ал гана эмес, акыркы жолугушуу да көз алдымда...
– Алмаз, мен турмушка чыгып жатам... Сен менин кыялдарымды орундата албайсың, ошон үчүн башкага турмушка чыгам. Мени издебе, убара болбо. Баары чечилип калды,- дегем бети жоктук кылып.
– Мона, жаным, антпечи... Мен сени сүйөм...- деп мен түшүп кеткен машинанын аркасынан жаш баладай далбастап, көз жашыңды куюлтуп чуркагансың.
Сенин көз жашыңдын ар бир тамчысына жооп бердим. Атүгүл эки эсе жооп бердим. Күйөөм ойношторунан келип, кайра мени күнөөлөп сабап жаткан учурларда, мен жардам сурап ыйлап жалдыраганымда сенин ошол элесиң тартылчу. Бирок мен сенин жашооңо киришпейм деп сөз бердим. Адашыптырмын...
Сенден качып кутулдум десем, жок, батиримдин дарегин таап алып, күнү-түнү эшикти кайтарып жаттың. Сен мени кечиргениң менен, мен өзүмдү кечире албай койдум. Сенин балдарыңдын, жубайыңдын көз жашына калгым келбейт. Кечир мени!

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(40)
14.11.2011. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bahabala Туптуура айтасын мен сага кошулам!
14.11.2011. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх жаштыкта баары болот сиз сулуулугунузга таянсаныз акчалууну тандап бактысыз болдум десениз.мен байлыктты да тандаган жокмун красавица деле эмесмин жонгана бактысызмын башка тушконду коробуз.
14.11.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор ошон учун эч качан бироонун конулун калтырбай,ыйлатпай аяр мамиле кылуу керек.
14.11.2011. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundai ele tagdyrga kabylgan bir ayaldy taanyim. Al dagy oshopndoi bednyi student jigitin grajdandyk brakta jashap jurup, birok bai ozuunon uluu kishige kyzdyk tiktirip turup tiyip algan. Birok azyt balasy tubasa ooru, al emi bai kuyoosu bolso bashka ayalga ketip kalgan. A bayaky student jigiti azyr ayabai chon kyzmatta ishtegen, iygiliktuu kishi bolgon. Ushundai bardyk nersenin balansy saktalysh kerek, bolboso jashoo ulanbai kalmak.
14.11.2011. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш пешене бир жагы эми адашпаганга аракет кылып жигитиндин жашоосун бузба.бироонун бактысына бактылуу боло албайсын.
14.11.2011. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чын эле турмуштан алынганбы?
14.11.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ооруп кетет ,ушундайларды окусам..
14.11.2011. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э достор бир акылмандан козу жумуулар астында балдары бизге кандай насаат бересиз деп сурашканда -акылман карагылачы оозумду аппакай тизилген тишим бар бекен десе балдары бири да жок дейт , анда соогу жок жаман тилимчи деп сураса тилиниз ордунда дейт, анда Акылман ,бул турмушта тиштей каттуудан коро тилдей жумшак болсонор гана коп жана тынч омур суросунор деген экен анысынарындай ийкемдуу болгулачы кыргыз кыргыз учун бири-бирибизди колдойлу балдарыбыздын келечеги учун!!!!!!!
15.11.2011. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аркы дуйнодо эсеп кысап болот деп уксанар керек. эсеп кысап бул дуйнодон эле башталат.
15.11.2011. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esep kisap bul duynodo da bolup turat....bolboi kalgandari..esebi oto chondoru arki duynodo oto adilettuuluk menen joobun alat....2 duynonun bakiti iymanda gana...
15.11.2011. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чындыкпы достор же жон эле чыгармабы????
15.11.2011. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ААаааа чон кыз эгер реалдуу жашооодо ошондой болсо жаман элн болуптур.бирок сен акылдуу кыз окшойсун баарын жакшылап ойлон.Жигиттинден качып корунбо башка бироого турмушка чык
15.11.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surottogu ozu bolso jaksinakai eken eger azirkisi bolso znachit jaw kezinde chin ele suluu bolso kerek daaaaaaaaaa oilontup koidy degi
15.11.2011. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жон эле чыгарма болуш керек озун сабап баласын олтуруп койгон адамды сотко бериш керек болчу тем более доказательство бар
15.11.2011. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун байлыкка эч качан кызыкпагыла. Байлык эч качан бакыт болуп бербейт. Буттан жыгылган турат,тилден жыгылган турбайт деген макал бар. Ошонун сынарындай ,суйлогондода ойлонуп суйлош керек. Эркек баланы коз жашы жаман болот. Кыздарга айтарым эч качан балдарды ыйлатпагыла.
15.11.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да окуп жатып журогум кысылып кетти... Пендебиз да эртен эмне болоорун билбейбиз. баарын эле по расчетту дей бербей журокту да угуш керек достор!
15.11.2011. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jawoodo kim kana adawpait. Adawkandyn aiyby jok degendei tagdyrym nege uwundai debei jakwy nerselerdi jaratkandan tilep jaman kyal joruktu ondop jakwy jawoogo umtuluw kerek. Jawoo kyzyk baary aldyda ylaiym baktyn a4ylsyn.
16.11.2011. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким тагдыр ушундай учурлары менен кызыктуудур.
16.11.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таала озунун жакшы коргон пенделерине сыноо коп берет дейт. Ошондуктан мындан ары 7олчоп бир кесиниз...
16.11.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх сууйу!суйуу деген автоматтын огундай тарс деп тийип, адилеттин турундой турдонуп, ысыктыгы ысык лагмандай болуп туруп, акыры ашлянфудай муздап калат деген ошол.
16.11.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mykyw сен мазактап атасынбы же мактанып атасынбы ? а сен чон кыз башка шаарга кетип кал
17.11.2011. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа мендн дагы ушул болду!суйгонумо ишене бербеди окшойт,улуураак балага турмушка чыгып кетти,ошондо гана кулак тубумдо шыбырап айткан ар бир жакшы созу калп экени журогумду муздатты!!!аттин эмне деген ой менен кеттин экен,же жаш дединби?же колунан эч нерсе келбейт дединби! быйыл коз жарат деп уктум,ал мумкун менин наристем болмок бирок тагдыр ушул экен! аман эсен тороп бактылуу болушуна тилектешмин!
17.11.2011. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaa pe4aaal'no devo4ki tak ne postupaite vam urok eto !
18.11.2011. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо кызык нерсе да...
18.11.2011. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андай мындай деп соз айтканга акым жок, болгону бактылуу бол...............
18.11.2011. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адамдын оз бактысы оз колунда экенин коп учурда байкабайбыз......эмнеге?????????????????
18.11.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, кыз жигит болуп жандаганда эки жактен бир бирини угуш керек. Бой которгондорду минтип эле таразалап койот.
19.11.2011. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин суйуу атын таттуу,даамын ачуу татканга,Жолун узак татаал тагдыр басканга.Бактылуулук,жетишкендик бул"Ислам".Ушул жолду туура тандап тапканга!
19.11.2011. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кур байлыкты издебегин бакыт деп,Жаман конбо эл мээнетин алдап жеп.Андан коро элин учун!кызмат кыл,Ушул досум сага айтаар акыл кеп! бул баардыгыбызга тиешелуу.(айрыкча бийлик тоболдоруно)
20.11.2011. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун бул жалган жашоодо,туура тандоону билишибиз керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо