Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭКИ ӨМҮР БИРДЕЙ СООЛУП...

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

Өз чүрпөсүнөн айрылган эненин кайгысын сөз менен жеткирүүгө мүмкүнбү? Менимче, жок. Ал түгөнбөс арман. Тилекке каршы, таш боор тагдыр алдында баарыбыз тең алсызбыз. 27-август күнү Ош-Бишкек жолунда келе жаткан эки унаа сүзүшүп, 11 адам көз жумган. Алардын арасында биздин каарман Махбурат апанын кызы Атыргүл жана небереси Розакан бар болчу.

Атыргүл кызы Роза менен
өмүрүнүн акыркы күндөрүндө.

АКЫРКЫ ЖАЙ
– Кызым 23 жашында, гүлдөп турган учурунда каза болуп калды. Беш жашар неберемди да жоготуп отуруп калдым. Бардыгынан жаманы, кызымдын эки айлык боюнда да бар эле. Кызым окуусун аяктаган соң каада-салт менен узатып, турмушка бергенбиз. Бир кыз, бир уулдуу болушкан. Жолдошу, балдары менен Бишкекте турчу. Бири-бирин сыйлап, жаман сөздү ыраа көрбөй турган жуптарга биз да, кудаларыбыз да чексиз кубанар элек. Алар бизге конокко келгенде үйдө майрам болчу. Эки неберемди жетелеп алып кызым Баткенге конокко келип турчу. Мен да неберелеримди сагынганда шаарды көздөй жөнөчүмүн. Бул жайда конок болуп, үйгө кетеримде кызым “биз да үйгө барып, өрүк теришип, жеп келели” дегенинен чогуу Баткенге жөнөгөнбүз. Мындай болорун билгенде аны Баткенге алып келбейт элем. Аттиң, кайдан билдим?! Ошентип, август айынын башында Роза менен Бекзатты алып, кызым менен айылга жөнөдүк. Ошол жайда негедир кусалыгым жазылбай бир башкача болуп жаттым. Көрсө, ал жай кызымдын жашоосунда акыркы жай турбайбы.
Уулумду апама (кайненеме) таштайын деп жатам, кызымды бала бакчага берип, иштейин деп чечтим, апа” деп мени менен пландарын бөлүштү эле.
“ деп биз деле каршылык кылбадык. Шаарга кетер күнү кудагыйларым неберем Бекзатты алып калып, Атыргүлдү шаарга узатышты. “Кечинде үйүнө жетип калат” деп биз бейкапар өз оокатыбыз менен алектенип кала бердик.

АЖАЛГА ШАШКАН АЙДООЧУЛАР
– Оштон келе жаткан унаа менен Бишкектен келе жаткан унаа Токтогулдан сүзүшүп, эки машинадагы кишилердин баары каза болуп калышты. Унаада үч студент кыз, айдоочу, кызым, неберем, дагы бир жети жашар бала шаарда күтүп жаткан ата-энесине жетпей калышты. Экинчи унаадагы үч жүргүнчүсү, айдоочусу да мүрт кетиптир. Эки айдоочу тең каза тапкандыктан, бул жерде кимди күнөөлөйм?! Эртең менен эле күлүп-жайнап кеткен кызымдын, неберемдин жанчылган өлүгү күүгүмдө келди.
Кызымсыз күндөр өтүүдө. Эмне кылам? Кантип жашайм? Билбейм... Бул окуядан кийин ооруканага жатып дарыланып чыктым, жүрөктөгү өксүктү эч бир дарынын күчү жеңбейт экен. Жүрөгүмдүн күйүтү дале жалбырттап, кызым менен неберемдин жанчылган денеси көз алдыман кетпей, кыйнап келет.
Канча адам мендей жүрөгү сыздап, жүлүнү какшады экен?! Айланайындар, машина айдап баратып шашпагылачы! Өмүр бизге бир келген белек. Эгерде айдоочулар шашпаганда, жол эрежесин сакташканда мындай кырсык болбойт беле деп ойлоп кетем. Мендей бир да эне зыркырабасын, бир да наристе апасын жоготуп томсорбосун! Айдоочулар, адамдын өмүрүнө кайдигер карабагылачы. Эне катары, аял катары ушуну суранам.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(23)
14.11.2011. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхххх өкүнүчтүү,менин эжемдин досунун сиңдиси дагы,ошол жол кырсыкта каза болуп калды,Мед.Академияда 2 курста окучу,Бишкеке окуусуна келип аткан,кызы каза болгонун уккан апасы,өзүнө келе албай больницада көп убакыт жатты...Сабыр кылгыла баарыныздар.Арты кайрылуу болсун...
14.11.2011. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне учун оз баласын жоготуудан оор эч нерсе болбосо керек. Эже сабыр кылыныз, Арты кайрылуу болуп, жаткан жери жайлуу болсун.
14.11.2011. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кырсыктан кудай сактасын. Айдоочулар чын эле жол эрежесин сактаса, мындай корунуштор азаймак. Айдоочу рульга отуган сон, озунун гана эмес, уунадагы отурган жургунчулордун омуруно дагы жооп бериш керек.
15.11.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочулар жол эрежесин сакташкан!Ал куну аябай кар жаап,жолдор сыйгалак болуп,туман болгон экен....
15.11.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
solnyshko, мен вообще эле айтып жатам.
17.11.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, мен тушундум сени,жон эле ошол кунду айтып койдум даааа
15.11.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А ДЕЙБИЗ БУ ДЕЙБИЗ МАНДАЙЫБЫЗГА ЭМНЕ ЖАЗСА ОШОЛ КУНДУ КОРОБУЗДА................
15.11.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404 мен сага кошулам чын эле айдоочулар ташып бараткан пасcажирлардын да омуруна жооп бериш керек кандай кун болсо да
15.11.2011. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
27-август болсо кайдагы кар, Тоо-Ашууда эмес Токтогулда болуп жатпайбы бул кырсык,чындап эле айдоочулар алыс жолго чыгаарда эсалып уктап анан чыгышса жакшы болмок,кээ бир айдоочулар Бишкектен-Ошко келип эле 1-2 саат уктап алып кайра жолго чыгышат экен.Деги абайлагылачы.
15.11.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Сактансан сактайрмын деген экен кудай" Анысы кандай айдоочулар! Абайлап эрежени бузпай озунордун ж/а унаанын ичиндеги адамдардын омурун ойлосонор.
16.11.2011. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iii jatkan jeri jailuu bolsun...en korkunu4tuu bul duinodo ke4e ele korgon jakyn adamyn bugun joktugu
17.11.2011. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allahım özün cardam bere gör
17.11.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтсазыз апакебай,энеден,бир туугандардан ажырап калыш эн оор.Сабыр кылыныз.Жол журуу да ото кыйын бирок.Айдоочулар абайлап айдасанарчы!
18.11.2011. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат кылыныз! Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!
26.11.2011. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ene sabyr kylynyz, pendechilik ekenda. Jatkan jri jayluu bolsun,
26.12.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jany janatta bolsun!
07.02.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба туура айтасынар айдоочулар эреже сактабайт анткени алар правону сатып алышат окубай эле.Менин жалгыз агамда,авариядан каза болгон,3баласы калды,улуусу 7ж,6ж,4ж атанын мээримин корбой калышты.Ата-энем сыздаган бойдон калышты андан бери 2жыл оту дагы эле унута алышпайт.Анын машинасын сузгон бала 19жаштагы бала эле,анын ата-энеси келип кыргызча эле бутуролу деп жалдырап,чоголошкон эле балдар 18жашка чейин чыканча жардам беребиз дешкен эми алардан дайын жок,жалгыз агам эле,жалгыз жаман экен.
29.03.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат кылыныздар, кудай бизди кантип алып кетишин эч ким билбейт экен, бул -ажал. Мен дагы жолдошумду жакында жоготум, депрессияга тушуп калып 3айлык баламан да ажырадым. Жакын адамды жоготуу кыйын экен.
27.06.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым эч кимди жакын адамдарынан айрылтпасынчы!
02.08.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((( janym ejem seni sagyndym(((((((((
02.08.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bugun senin tuulgan kunun rozaaaaam
02.08.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurikbek, Кайраттуу болунуз!
02.08.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажал айтып келбейт деген ушул да ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо