№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл
“Тамашоунун” тамашакөй жигити, узундун кыскасы, атка жеңил тайга чак Азамат жана тилинен чаң чыккан көгүлтүр экрандын жылдызы Назира Айтбекова “кесибин алмаштырышты”. Болгондо да эки жылдыз «Дордой» базарында чай сатуучу болушту.
Ошентип, Азамат менен Назира базарда чай сатуунун түйшүгүн жон терилери менен сезип көрүштү.
Азамат: «Бул кесип деле оңой эмес экен. Айрыкча арабалар менен сүзүшүп, жөөлөшүп жатып эле чарчадык. Андан да тизилген манекендерди кулатып алып, уруш жеген учурубуз болду»,- десе, Назира: «Мага жакты, суук күндө элге ысык чай, кофе саткан. Сооп иш да»,- деп жылмайды.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
talanti kuchtuu jigit