Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурзат Токтосунова: «МЕН ЫЙЛАБАЙМ, ЖАШОО УЛАНА БЕРЕТ»

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

Кайсы жерде жүрбөсүн, Нурзат Токтосунованы жаркылдаган маанайда көрчү элем. Бүгүн Нурзаттын ар бир кадамын кыйналып араң таштап, оор үшкүрүп, көздөрү жашылданганын көрүп, мен да буулугуп отурдум. Жашоонун мындай адилетсиздигине, адамдардын акмакчылыгына капа болдум. Анткени...

– Кандайсың, Нурзат, катуу сыркоолоп, операциядан чыгыптырсың. Эң башкысы, башың аман. Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?
– Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Үйдө 24 саат бою жата берсең, “эмнеге менин тагдырым ушундай?” деп өзүңдү кемирип-жей берет экенсиң. Өзүң көрүп тургандай, кыбырасам да бүгүн сыртка чыгайын дедим. Баскан сайын кыйналып турсам да, элге аралашып алаксышым керек болуп калды.
– Кой эми, үшкүрбө, билем, кошул-ташыл болуп турганын. Кечээ эле курулган үй-бүлө бир заматта урап калса...
– Ошол, жашоо улана берет экен. Мага Жараткан оору, үй-бүлө аркылуу сыноо салды. Бирок кандай сыноо болбосун, акыры эки көзүбүз жылтырап, денебизде кан жүгүрүп, тирүү болгондон кийин көтөрөт экенбиз баарын. “Эмнеге мен ушундаймын, эмнеге мага эле бүлө курууда мындай сыноолор түшөт?..” деген ойлор эзип, бул жашоодон кечип кетким келген да мүнөттөр болду. Кирип кетейин десең жер катуу. Мындай ойлордон апаң, жакындарың сактап калат экен. Апам башымдан сылап: “Кызым, сен мен үчүн жашачы! Мен сени ушинтип ыйлап турсун же сыгыла берип оозу-мурду кыйшайып калсын деп жарык дүйнөгө алып келген эмесмин. Жашоонун өзү – өрт. Ошол өрттү кечип, жеңип жаша. Мага сенин эч нерсеңдин кереги жок. Сенин басып жүргөнүң эле олжо. Жаша, кызым, мен үчүн, бир туугандарың үчүн!”- деп далымдан жөлөп тургузду. Ансыз деле далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келген апамдын мен үчүн да ыйлап турганына абдан ыза болуп, жанымды коёрго жер таппай калып жаттым.
– Күйөөң менен “күнөө сенден кетти, менден кетти” деп ачык сүйлөшө элексиңерби?
– Экөөбүз тең ойлогон эмеспиз, чогуу жашообуз мындай аяктаарын, башталбай жатып бүтүп каларын. Ал да “бактылуу болом” деген, мен да “бактылуу болом го, акыркы барган жерим ушул болсунчу” деп баргам. Башын жерге салып “мындан ары жашай албайбыз” деди. Көрсө, аларга ооруп калган келиндин кереги жок экен. Мен ага эч кандай жаман сөз айткым келбейт. Бактылуу, бала-чакалуу болсун! Бул күндөр да өтөт. Болгону, жүрөктөн кеткис так калат. Ал такты кетирүү эч мүмкүн эмес, көргөн сайын эстейсиң. Ооруканада жатып, бир чети оорудан, экинчиси моралдык жактан жараланып, эмне кылып жатканымды деле туя албай турганда көп кишилер келип меникинен да оор тагдырларын айтышты. Элде айтууга ооз барбаган тагдырлар кездешет экен. Бирок эл көзүндөгү адам болгондон кийин мен үчүн моралдык жактан катуу сокку болду. Же жеке жашоону жашырып-жаба албасаң.
– Тагдырдын тамашасы деп коёбуз. Ал адам кечирим сурап келсе кечире аласыңбы?
– Жок, мен ал кишиге жашоомду кайра ишенип тапшыра албайм. Бир гана айтарым, бактылуу болсун! Мен да маңдайыма жазганын көрөм, ал да өз жашоосун улай берсин. Мени менен бир ашуудан чогуу ашпай, кайра артка чегинип кеткен адамды кечире албайм!
– Ал жигиттин артыңдан жакшы эле чуркап жүрүп алганын уктум эле...
– Мага айтпай туруп үйүнө алпарып, жоолук салып алды эле. Эми ал мындай болду эле, тигиндей болду эле деп айтпай эле койгонум туура окшойт. Бирок мен ал адам үчүн чыгармачылыгымды да таштаганга даяр болчумун... Ооба, менин деле ага чейин турмушум болгон, анын деле биринчи турмушу, кызы бар. Кандай адам жаңылбайт? Ошол жаңылган нерсени оңдоп кетсе, көч улана бермек. Анын жамандыгынан же менин жамандыгымдан ажырашып кеттик деп айтпайм. Турмуш-шарт ошондой болду.
– Көздүү мончок жерде калбайт. Кел, келечекти ойлоп көрбөйсүңбү. Дагы деле колуңду сурагандар сап-сап болуп тизилет чыгар...
– Жагдай ушундай. Буга чейин жалгыз артып келген жүктү мындан ары деле өзүм көтөрөт окшойм. Эми бул темага кайрылыштын өзүнөн корком, чынында.
– Сабырдуулугуңа баа берип турам жанатан бери. Ыйлап, кайра эле жылмайып жатасың...
– Мындай окуяга жолуккан бир топ адамдын оюна өч алуу келсе керек. Жакын досторумдун көбү “атын эле айтып койчу, ордуна отургузуп коёлу” дешти. Бирок өч алганда эмне? Ар бир адамдын күнөөсүн, катасын Кудай таразалайт. Себеби мындай нерсе менин жашоомдо көп болгон. Ошол эле сахналаштарымдын арасында мени жамандап, көрө албай, кээде чакырылгандардын тизмесинен чийдирип салган учурлар болгон. Бирок көп убакыт өтпөй эле өздөрү ошондой кейипти кийип калышканына күбө болгом.
Бир жолу бир кесиптешим мени абдан жамандап алпаруучулукту алып, анан аябай калың элдин алдында жаңылып кетип уят болгон. Ошондон кийин досторумдун бири тамашалап “Нурзат, сен каргамак тургай жаман көрүп койгон адам кайра сенден кечирим сурап келет” деп калат. Ооруканага жатардын алдында да бир жакшы долбоорду алпарууга даярданып жаткам. Анан уюштуруучулар чалып: “Эми ким алпарат? Сен бирөөнү сунушта”,- дешкенинен мага ич күйдүлүк кылып жүргөн адамдын атын атасам таң калып жатышпайбы, “тобо, сенден ушул адамдын атын атайт деп күткөн эмесмин” деп. Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт дегендей, бирде болбосо бирде учурашууга туура келет. Ошондуктан мага жамандык кылган адамдарга мен жамандык каалабайм.
– Байкашымча, төшөктөн башыңды көтөрө электе телефон чалуулар, чакыруулар болуп жатыптыр. Алардан баш тарткан жоксуңбу?
– Ооба, азырынча жакындарымдан башкалардын менин бул абалым тууралуу маалыматы жок да. Ошол себептен баягы Нурзаттай көрүп эле чалып жатышат. Эми алдыда боло турчу жакшылыктарга чакырууну четке каккан жокмун. Буюрса, дагы бир-эки жумада өзүмө келип, сакайып кетермин. Өзүмдү өзүм кармайын деп жатам. Көрүп эле жүрбөйбүзбү, берилген сыноого чыдай албай сынып калгандарды.
Бир жолу көлдө апам менен жүргөндө бир аялды көрүп аябай зээним кейиген. Өзүн карасаң жакшынакай эле аял экен. Бирок кыйкырып ырдап, өзү менен өзү сүйлөшүп калыптыр. Анан ооруканада жатканымда ошол аял эсиме келип жатпайбы. Эстеп алып аябай жаман болуп кеттим да, кой дедим. Жашоодо адам кейпинен кетип калыш бат эле. Ага өзүңдүн алсыздыгың себепкер болот экен. Ошон үчүн мен эч качан мүңкүрөп, ыйлап жатып албайм. Жашоо улана берет.
– Өзүң айткандай, жашоо токтоп калбайт, улана берет. Эртерээк сакайып кет. Мындан ары баары сен ойлогондой болуп, тегерегиң тегиз, баскан жолуң даңгыр болсун.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(114)
16.11.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оорунуз оор болбой женил болуп айыгып кетишинизди каалайм,биринчиден айыксаныз экинчиден бактылуу болсонуз учунчудон апаныздын алдында жаркырап журо беришинизди каалайт элем
16.11.2011. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбоңуз бул күндөр да өтөөр-кэтээр!
Өзүңүздүн ден-соолугуңузду карап чет жерге барып эс алып келиңиз!
16.11.2011. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтсам ушул кыз мага жакпайт, тили эле болбосо башында эмне бар экенин бир кудай билет,
21.12.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bagdat, men saga koshulam...
17.11.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба Кудаа Каалса баары жакшы болот,эн биринчи сабырду болуш керек.
17.11.2011. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam! Tuura, Allahym suigon pendesine synoo beret! Altyn bashynyz aman bolsun! Allahym daiyma koldop jursun! Aidyn jarymy karangy bolso, jarymy jaryk! Buiursa baary jakwy bolot!
17.11.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзатка кооп кайгырба баары жакшы болот. Адам баласына ар кандай сыноолор болот. Ошол сыноолордон татыктуу отушун керек. Мен сага ишенем сен баарын женип чыгасын. Сен бактылуу аял болооруна ишенем. Бар бол! Бай бол! Бактылуу бол!!!
17.11.2011. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат сен татынакай акылдуу кызсын,мен сени баалайм.Тагдырдан эч ким качып кутула албайт,мындай нерсе элдин башында да бар.Сен эч качан кайгырба.Сен дагы кудайдын жараткан пендесисин,сага да бир кун кудайдын боору ооруйт.Мумкун келечегинде жакшы нерселер кутуп тургандыр ошондуктан алга карай умтула бер Нурзат!Бактылуу бол.
17.11.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат, кыргыздар "бокту чапсан-бетине чачырайт" деп коюшат. Жамандарга тенелбей, алдыга умтул. Туура, куйоонду кечирбешин керек, анткени "бир сатып кеткен адам-кийин дагы сатат"
17.11.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман ойлордон алыс болуп, жакшы ниеттерге кобуроок ыкта.
17.11.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын журогумдон нурзатка ден соолук каалайм.Алдыда жакшы кундор кооп болсун бирок...жакшы кыз жаман баланы тандабайт деген соз бар.коп нерсе адамдын озунон болот.акыры куйоосунун кандай адам экенин билиш керек болчу менимче таанып журсо.билбейм.менин атым да нурзат.бул кыз менен бетме-бет суйлошкум келет.
17.11.2011. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай оору менен ооруп калдыныз????Эмне айыкпас оорубу????Кудай сактасын,андай болсо деле,акыркы кунго чейин жанынызда боолушу керек......ооруну деп ажырашалы десе ,анда даже не стоит о нем думать...бакыттабы,оорудабы бири бирин колдоо керек.....
17.11.2011. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат эже эмне болгон болсо да озунузду кармап кучтуу болунуз. Акыры баардык нерсе адамдын ниетине байланыштуу болот деп коёт эмеспи.Жакшылыктан умутунузду узбонуз. Сизди жанындай коргон апаныз,туугандарыныз,куйормандарыныз дайыма сиз менен!
17.11.2011. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат садагасы эч капа болбо.Жашоодо мындан дагы оор сыноолор болот.Эртенки кундон умутун чон болсун.Сен жашсын.Жашоо али алдыда.Жараткан мындай сыноону которо билген кишиге берет.Мындайда озуно озун жолок таяк болушун керек.Озуно озун куч кубат берип акыл эсинди топтоо керек.[Биз учун айтып коюш оной].Бугунку кечти батырып эртенки кундон кудайым ырыскы берерин суран.Ар бир аткан тан сен учун,мен учун,биз учун кандай ырахат.Жашоо озу кандай керемет.
17.11.2011. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл бир жерде сенин мээримине зар болгон наристе сени кутуп жаткандыр.Ошол наристе сенин оор кундорунду артка калтыраар кундор келет.Кудайым да баарын ченеп, баарын калчап жаткандыр.Кыз багып алсан озундой жаркылдаган,мандайы жарык адам болоор.Сенин жолунду жолдойт,анан озуно шерик,сырдаш да болот.Ишенерин да жалгыз ошол болот.{эркектерге ишенбе.}
17.11.2011. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги кандай сынар?Создун намектан зле билсенер боло.Соссуз турдо эле бул жерим деш керекпи.
18.11.2011. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал Сейдакматованын келини болду деп уккан элем,ошол чындыкпы?
21.11.2011. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erbolkaliya,киного тартылышкан http://www.super.kg/article/?article=10816
18.11.2011. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат,атына затын жарашкан кызсын,эч капа болбо баары жакшы болот коросун кийин эстеп кулорсун
18.11.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында кыз кишиге жашоонун мындай сыноосу катуу эле тиет, а тем более сиз элдин кишиси болсонуз. Элдин оозу элек деп коет эмеспи, андайларга конул буруштун кереги жок, ит уро берет, кербен журо берет. Кыздын чырагы кырк уйдон дейт эмеспи,алдынызга жакшы пландарды коюп, баш отунуз менен ишке киришиниз, Кудай баарын таразалап, ар ким озуно тиешесин алат..Мандайга жазганы ушул экен, чыданыз бул кундор да отуп кетет..........Сиз жалгыз эмессиз, сизди, сизздин чыгарманызды сыйлаган кыргыз элиниз бар
18.11.2011. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп кайгырба жашоо кеде ушундай болот, аа мурунку күйөн ЛОХ экен. Сен андан ары жашонду улант
18.11.2011. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында эле оор тагдырга туш болупсуз, сабырдуулугунуз менен чыдамкайлуулугунуз баардык нерсени артка чегинтет. Эн башкысы ден соолугунуз бекемделип, сакайып кетиниз. Коздуу мончок жерде калбайт.
18.11.2011. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuugandar baktyluuluktu Allahtaaladan gana tileibiz.Sulaiman too degen syiaktuularga emes.
19.11.2011. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деги ким билет эмне болуп ооруптур
19.11.2011. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саткынчы эркек озу да оорукчан акыл эси кем мерес андай адам акыры бир кун соо болгонунда деле сатмак кутулушун менен акылы жайында адай ишке барбайт дагы эрте сакайып кет качан кимге тиерин азыр кимге кызык окудук коро албаган кор сокур ден соолук калганын озуно койдук
20.11.2011. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо баласыз болуп калабыз деп кетип калган го куйоосу, анда ортодо суйуу жок болчу окшойт башынан эле, менин курбу кызымдын женеси м-н байкеси 7 жыл баласыз жашап, акырында искусственное оплодотворение кылып, азыр эки эгиздуу(бир кыз, бир бала)болуп бактылуу.же болбосо суррогатное материнство дегендей, элдер 21-кылымды жашайбыз го.
Нурзат айыгып кетиниз, баары алдыда.
20.11.2011. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashooda ar kandai nerseler bolot,men bir nerseni tushunboi turam,emnege bul jonundo eldin baaryna jaryja kyldy,kuioosunon och alganyby,sen kunoolu men kunoolu dep aitpaim deptir,mintip gasetaga chygargany sen kunoolusun degeni da,menin ojum ushundai...
20.11.2011. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмушта ар кандай ситуациялар болот экен, баарына сабыр кыл балким ушул нерседен отуш керек беле, же бул кудайдын да бир сыноосу балким алдыда сен кутпогон жакшы нерселер болот. негизи коп ойлонбо, эркектер баары мээси жок.
21.11.2011. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Эркектер баары мээси жок" дегенге мен кошулбайм. Эркекти бактылуу кылганда, бактысыз кылганда аялдын колунда!
28.11.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундор ото берет, бирок убакыт женет деп коет го, бул кундор да ортта калат, бактылуу болунуз!!!!!!!
21.12.2011. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chto-eto? piar? mest muju? net blizkih druzey, s kotorymi v tesnom krugu mojno vse obsudit? ochen glupo s ee storony tak affiwirovat svoyu lichnuyu jizn, na to ona i lichnaya... a 4 muja, hahaha, eto govorit tolko o ee tuposti, a stroit iz sebya ;|... oy bednaya ovechka, elder, davayte pojaleem ee vse vmeste ;DDDDD....
09.10.2012. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kany77, ал эл алдындагы кыз,сага окшогондордун бири эмес экенин унутпа!
17.10.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат, чын журоктон аялзатка тиешелуу болгон бакытты каалайм.Кандай ак тилегин болсо, баардыгы орундалсын, алтындай болгон апан сенин бактынды коруп, бактылуу болушун жараткандан тилейм. Бактылуу бол!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо