Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Малика Дина: «КЛАССТАШТАРЫМДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛГАН»

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын кичинекей кызы Малика Дина эсиңиздеби? Азыр ал кыз чоңоюп, сулуу бийкечке айланган. Маек-төрүбүздө Малика Дина.

Аты-жөнү – Акулова Малика Дина
Туулган жылы – 1995-жыл, 19-декабрь
Туулган жери – Орусия, Москва шаары
Учурда – Бишкек шаарындагы №67-мектепте 11-класстын окуучусу, жеке ырчы
Жактырып жеген тамагы – Оромо
Апасы Динара Акулова Маньто деп эркелетет.

– Кандайсың, Малика?
– Жакшы. Рахмат.
– “Курстарым бар, бошобой жатам” деп деги бизге жете албай койдуң го. Кайсы курстарга барып бошой албай жүрөсүң?
– Сабактан кийин сууда сүзүүгө, коньки тебүүгө жана бийге барам. Анан дагы “Бишкек сулуусу” сынагынан жеңип албадым беле. Ошол боюнча декабрда Англияга кетем. Ага да даярданып жатам.
– Англияга барып эмне кылат экенсиң?
– Бир ай англис тилин үйрөнүп, анан ал жактан же бул жактан англис тилинен сынак берип, Англия же Американын бир университетине тапшырсам болот.
– Жакшы экен. Кел, эми сенин кичинекей кезиңе көз чаптырып өтөлү.
– Кичинемде бир жерде тура албаган шок кыз болчумун. Шок болгонум менен, тыкан, тилди уккан кыз элем.
– Кимге окшошсуң?
– Көптөр “атаңа окшош элең. Чоңойгон сайын апаңа окшошуп баратасың” деп айтышат. Кичинемден апам менен чоңойгондугум үчүн атама көп деле маани бербейм. Мурда “атаңа окшошсуң” дешсе таарынчумун. Анткени атамды көрчү эмесмин да. Ал кандай адам, ким экенин жакшы билбейт элем. Атамды көргөндө гана эмне үчүн элдин антип айта берерин түшүндүм. Көрсө, чын эле окшош экем.
– Атаң менен сүйлөшүп турасыңбы?
– Көптөн бери сүйлөшө элекмин. Атама анча деле жакын эмесмин. Ичимде ага болгон жылуулук жок. Эгер апам менен жарашса же “мени менен жаша” деп айтса деле мен аны менен жашай албайт болушум керек. Жолукканда деле менин атам болсо да, башка адамдай сезилет. «Менин атам» деп боор тартпайм. Жөн гана атам экенин жана ага окшош экенимди билем, болду.
– Апаңдын кийимдерин киесиңби?
– Апам деген модница да. Кийимдери жагып калса, алып алам.
– Ал кийимдер сага чак келеби?
– Шымдардан башкасы чак келет.
Сени көбүнчөсү “кичинекей болсо да, өзүн чоң кыздардай алып жүрөт” дешет...
– Өзүмдүн жашымдан улуу көрүнөрүмдү танбайм. Гастролдордо жүрүп, жалаң улуу адамдар менен иштешип калгандыктан го.
– Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда деп айтып келесиң. Азыр 15-16 жаштагылардын турмуш курууга ашыгып жаткандарын көрүп жатабыз. Турмушка чыгууга даярсыңбы?
– Жо-ок. 15 жаштагы кыз кантип турмушка чыкмак эле? Акылы жоктор эле чыкпаса...
– Эмне жөнүндө кыялданасың?
– Апам мени менен сыймыктанышын, менин айымдан бети кызарбашын каалайм.
– Классташтарың менен мамилең кандай?
– Жылдыз, Азиза деген курбуларым мени дайыма колдоп турушат. Башкалар тууралуу эч нерсе айта албайм. Алар мен жөнүндө көп сөздөрдү айтышат. Эмне үчүн антишерин түшүнбөйм. Балким, алар да ушундай көңүл бурууларды каалашаттыр. Иши кылып классташтарымдан көңүлүм калган.
– Элге көп аралашасыңбы?
– Көбүнчө көпчүлүккө аралашып жүрөм да. Мектепке барып, окууну бүтүрөйүн деп, апама кубаныч тартуулоону каалаган кадимки эле адаммын. Кээде “Малика, сен коомдук унаа менен келдиңби?” деп сурап калышат. Мен болсом “мен адам эмесминби?” деп жооп берем. Же эмне, маршруткалардын тышына “ырчыларга киргенге болбойт” деп жазып коюптурбу?
– Жылдыз «оорусу» менен таанышсыңбы?
– Ой, аны менен ооруп алып эмне кылам? Аз-аздан көтөрүлүш керек. Шыр эле “вов” деп чыгып алгандар катуу кулайт.
– “Бой көтөргөн кыз” деп көп айтышса керек...
– Ооба, көп айтышат. Керектүү учурларда андай сапатым бар. «Стерва көрүнөсүң» деп да айтышат. Бирок тышкы көрүнүш менен сынаган болбойт да.
– Айылда жашап, мал багып, талаага иштеген тың кыз болгонуңду элестете аласыңбы?
– Элестете алам. Анткени апам ошондой эле тың кыз болуп чоңойгон. Ал турмуштар тууралуу көп айтып беришкен. Спокойно эле элестетем.
– Ырчылыкты улантасыңбы же кайсы кесиптин ээси болууну пландап жатасың?
– Билбейм. Каныңда бар нерсени таштай албайт экенсиң. Балким, өмүр бою ырдайттырмын. Балким, ырдабай калам. Ким болорумду азыр чече элекмин.
– Бир кездерде үйүңөрдө жашап, апаңдын кызы болуп чоңойгон Гүлмира эжең менен мамилең кандай?
– 6 жылдай болуп калды, аны менен сүйлөшө элекмин. Таап калсаңар, мага да айтып койгулачы. Ал акылдуу адам болсо, анда жок дегенде бир ирет апама келип, абалын сурап коёт эле. Таап, аны менен сүйлөшүп, эмне үчүн мындай болгонун билгим келет. Кыйын учурда колун сунган адамдарга ыраазычылык билдиргенди да билиш керек.
– Сүйүү тууралуу сүйлөшпөйлүбү?
– Ой, менин азыр андай нерселерге убактым жок.
– Балким, кичине чактагы таттуу убактар эсиңде калгандыр?
– Бала бакчада Эдик деген бала бар болчу. Апам мени бакчага алып барганда ал чуркап келип бетимен өөп кайра качып кетчү. Ошол нерсе дагы эле эсимде. Ал бала кийин биздин мектепте окуп калды. Параллель класста окуйт. Кызыгы, азыр деле ал мага кичинекей баладай көрүнөт.
– Маегиңе рахмат. Өркүнүң өссүн!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Малика Дина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(124)
SUPER.KG видео
24.11.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коралбастык эмес,энесине окшоп,кызы да керсейгени керсейген,сулуу деп айтуга кыйын,мындан сулуу кыздар канча,аларды апасы Динара Акулова эместа,ошол учун алар уталбайт,а бул кыздын уну жок,апасыныкындай,балким Кристина Орбакайтедей болуп кийин бара бара уну ачылар,а бийлегени атас абдан жакшы бийлечи,ошонун гены болуш керек,а баарынан да Динара Акулованын элге алып чыккан дал ошо жолдошу болчу,Абдумалик Шерматов.
SUPER.KG видео
24.11.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ачылбай атат гоооо...
25.11.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apasynyn kolokosundo jurboi ele, atasy da apasyda talantuu insandar, balkim bul kyzdanda birdeke chygaar
25.11.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз екен бактылуу болсун
25.11.2011. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жондон жон эле классташтары жаман корбойт да!косягы бар!
26.11.2011. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul jok ele dialog, a ozunun suilogonun korgondo oshondo kandai ekenin bilse bolot
SUPER.KG видео
26.11.2011. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурун бир газетада Динара Акулованын интервьюсунда"бир уй-булоодо бир эле ырчы жетишет деп айтакан создору бар эле "кыздарымдын ырчы болушун каалабайм" деген сыяктуу создор жазылган эле эми Динара эжебиз айткан созунон кайткан окшойт
26.11.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага оомат
26.11.2011. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец малика, атасынын апасын сабап кыйнвгвн учурларын коргондон кийин атасынан конулу калат да, дагы жакшы атам деп айтып атат. Ийгилик сага!
SUPER.KG видео
26.11.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
V7 hi! Men ichim da, syrtymda kuigon jok. Iygilik Malikaga. No, Miss Bishkek bolgonu podazritelno... Andan da tatynakai kyzdar bar bolchu.
"Talanty bar, taanyshy jok da al baikush kyzdadyn!" Makul emi..
SUPER.KG видео
27.11.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маликаны мен жакшы тааныйм, ал бооруке,абдан жонокой кыз. Коп изденип,талыкпай эмгектенет.Кичинекейинен тартып канчалаган ийримдерге катышып журот. Малика жан дуйносу сулуу.
SUPER.KG видео
27.11.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы екен
27.11.2011. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
info ошончо маанилуу жооптордун арасынан классташтарымдан конул калган деген жерин макалага тема кылып коюпсуздар,кордунуздорбу эми косягы бар да ошол учун классташтары жактырбайт деп комент жазып жатышат.
27.11.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетте бир ырынан башка ырын таба алган жокмун,же бир ыры мене эле ырчымын дейби.Бул жерде кобунчо эле"атан жок болсо сен жаралмак эмессин" деген создор жазылган экен,мен айтаар элем ар бир адамды Кудай жаратат,екинчиден Ата деген озунун аталык милдетин аткарса гана"ата"деген созго татыктуу болот.Мен ойлойм азыр Маликага ырчылык кесипти эмес башка кесипти тандаса жакшы болот го деп
SUPER.KG видео
28.11.2011. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bu kyzga kiyim jetpey kalgan go jarym jylanach.
SUPER.KG видео
30.11.2011. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kepka kiiip tywkon syrotun ozu bir joly kordu beken?
SUPER.KG видео
05.12.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кандай десек да ал оз жашоосун уланта берет, ага эч кандай тоскоол боло албайбыз, бирок биз эркектер шилекейибиз агып, ашык болуп кала беребиз....
SUPER.KG видео
03.01.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жашоодо узун бойлуу, татынакай эле кыз! Мисс болгонго татыктуу эле
SUPER.KG видео
10.02.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика Дина мага абдан жагат .Кичине кезимен бери жакшы коруп келем.
SUPER.KG видео
18.02.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mekteptin okuuchusu turbaiby!bul klubtan bashy chykpait emteden.ekinchi badyeva bolo turgan kyz!Dinara eje katuraak karmasa bolmok.Malika estyy kyz bol!!!udachi!!!
SUPER.KG видео
17.03.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ееееее-моеееееее в 16 лет и уже нарощенные ногти и ресницы))))))) а что будет когда ей будет 26?
SUPER.KG видео
25.03.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуулугуна коз тийбесин
SUPER.KG видео
01.04.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи
15.04.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын айтсам суйууп калдымго
SUPER.KG видео
18.04.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мисс бишкека наамын атасы менен мамасы эле сатып бердида
SUPER.KG видео
12.05.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу эмес бирок жылдуздуу адамды озуно тартат. Ийгилик дейли.
05.07.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу, жашнакай кыз болуп калыптыр
SUPER.KG видео
09.12.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динаранын эле копиясы экен, Байтылуу бол!
16.08.2013. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх.. сулуу кыз болуп чонойупсунгоо ийгилик сулуу...каттуу айткандарга капа болбо Малика ...мен сени суйом...
SUPER.KG видео
17.08.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер бул кызды боексуз корсок, эсибизден танабыз го дейм
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо