Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАГДЫР ОЮНУ

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Ии, ботом, анчалык не болуп кетти?
– Аскарың келди. Акталып келди...
Колунан табагы ыргыган апасы бурула берип босогодо өзүн күнөөлүү тиктеп турган уулун көрдү.
– Апа!- деп басып жыгылды Аскар.
Апасы ыйлаганга да, кубанганга да шайы келбей уулун кучактап катып калды. Аскар ата-энеси менен учурашып болуп, төргө отурду. Ошондо гана болуп жаткан окуяны кызыга тиктеп турган балакайды байкады.
– Ата, бул кимдин баласы?
– Албы? Ал – менин неберем, сенин уулуң... Ушундайбы, Аскат? Атоов деп койчу... Атага салам берчи...
– Кандайча? А Мариям? Мага ал башка өлкөгө кетип калган деп айтышты го...
– Кеткени чын, балам,- деп күрсүнүп алды Токтосун аба. – Бирок сөөгүбүз ыраазы. Бизге эрмек болсун деп бул жаманды таштап кетти. Не дейт элек, батабызды берип узаттык. Бир айлык немени адам кылабызбы деп коркконубуз да чын. Же жакын жерде врач жок. Бирок убагы келген маалда кемпир экөөбүз баланы эмдеткени алып барып турабыз...
Атасы эмне деп айтканын Аскар андан ары уккан жок. Болпоюп өзүнөн көзүн албай турган балакайды кантип колуна алып, бооруна кысканын билбей калды. Наристеден жыпар жыт бур дей түштү. Аскат эч чочуркабай, жатыркабай атасынын төшүнө башын коюп, куду бир нерсени билгендей терең улутунуп алды.
– Карасаң деле, улутунганын...
– Ата бекен ал...
– Ата сага эми машина сатып келет...
Кемпир-чалдын кубанычында чек жок эле.
Алардын сагынычы тарагыча бир топ мезгил Аскар үйүндө болду. Топоюп кийинген уулун ээрчитип алып суу жээктеп басканды өнөкөт кылып алды. Анан да уулу бир нерсе түшүнө тургансып сүйлөшө берчү.
– Аскат, эми сени эч качан жанымдан чыгарбайм. Апаң болсо, үчөөбүз эч качан айрылышпайт элек. Бирок ал жеңил ойлуулук кылыптыр. Жок эле дегенде бир жарым жыл күтө албаган экен. А мен ага ушунчалык ишенчүмүн, уулум. Жыгылсам таяй турган, оорусам дартыма даба боло турган, капа болсом жоошута турган адамым ошол деп ойлочумун. Апамдан кийинки эле ыйык аялзаты – мен үчүн сенин апаң эле. Көрсө, мен билбепмин. Адамдар ар кандай болушарын, көзүңдү тиктеп туруп эле башкача ой кыларын, жамандык менен жакшылык ээрчише жүрөрүн билбепмин. Бирок бир нерсеге ыраазымын. Ал мага сени белек кылды. Ал эми өзү... Апаң эми өз жолу менен кетсин!
Мындай учурда Аскат атасынын эмне деп жатканын түшүнбөсө да, быйтыйган алакандары менен жүзүнөн сылап, наристелик жүрөгү менен боор толгоп кетчү.
Ата менен бала ошол жолугушкандан баштап жүрөгү бирге эле. Уулун биринчи жолу бооруна кысып, наристе жытын искеген мүнөттөн баштап Аскардын жүрөгүнүн жарымы уулу эле.
Ата-энесинин көңүлүн кыйбай аларга таштаганы менен, тез-тез каттап турчу. Тез эле Саматтын таанышы аркылуу бизнес жаатына өттү. Иш билгилиги менен тез эле бутуна турду. 5 жылдын ичинде бизнес жаатындагы эң белдүү адамга айланды, саясатка аралашты. Коомчулук аны новатор депутат катары кабыл алды жана элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Бирок анын көшөгө артында калган көп иштери билинбей кала берди. Алардын катарында анын жеке адамдык тагдыры да бар эле...
Өмүрүнүн бул барагын Аскар таптакыр жаап салган. Анткени Мариямга болгон ызасы күчтүү эле. Көп жылдар “аял деген ушул экен да” деген ой менен үйлөнүү тууралуу да ой кылбады. Жөн гана мамиле куруу үчүн, көңүл ачуу үчүн гана аялзаты керек сыяктуу болгон эле. Өзүнөн ошол сезимдерди кубалаганы менен, тээ көңүлүнүн түпкүрүндө сүйгүсү келгенин сезчү. Аскар өтө чоң сүйүү үчүн жаралган адам болчу. Кээ бир адамдар болот, жөн гана жашап жүргөнүнө, бирөөнүн күйөөсү, баланын атасы болгонуна ыраазы. Турмуштан андан ашык да нерсе күтпөсө керек. Аскар андай эмес эле. Ал өтө чоң сүйүүнү күтүп, бирок ошол нерсеге туш боло албай, ал эми түпкүрдө бир сезим аны коё бербей кыйнап келди. Эл көзүнө кудуреттүү, бай адам өз дүйнөсүндө ушунчалык бактысыз жана бечара эле. Аидага да жаңылып үйлөнүп алганын тез эле туюп, бирок артка кайтканга кеч болуп калган. Эми Азиреттин пайда болушу эбак эле көкүрөгүнөн кууп салган Мариям деген аялдын бар экендиги аны алдастатып салды. Көз алдында өзүн таң кала тиктеген Азирет...
А Азиреттин абалы андан да оор болчу. Аскардын үйүнөн чыккан соң баш оогон жакка басып кете берди. Тагдырдын мындай бурулушун күтпөгөн жаны дендароо. Алдынан бүжүрөп келе жаткан абышканы да көрбөстөн жөөлөп кетти.
– Эй, көзүңө карасаң боло...- деди жек көрө тиктеген ал.
– Кечиресиз...- деп күңкүлдөгөн жигит андан ары жолун улады. Эптеп Бема “убактылуу жашап тур” деген батирге жетти да, керебетке сулк кулады.
Эмнеге апам менден мунун баарын жашырды? Эмне, ушунчалык жакын адамым да мени ушундай алдашы мүмкүнбү? Эмне болуп кетти? А балким, бул түшүмдүр? Оо, Кудай, түшүм болуп калса кана?” деп жатты.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(17)
21.11.2011. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info сиздерден сураныч бир аз кобуроок жазыныздарчы.
21.11.2011. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куткондон башка арга жок достор.
21.11.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кунду аябай кутом аз жазбагылачы
21.11.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч! Кобуроок жазгылачы!!!
21.11.2011. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобурок жазгылагы деген сайын аз жазылып жатабы.
21.11.2011. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууфф эми кызыгына келгенде бутуп калды гоо ыя.
21.11.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч! Көбүрөөк жазгылачы!!!
21.11.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу чыгарма бутобу озу, сандан-санга азайтып жазып атасынар, сураныч кобцроок жазгылачы???
21.11.2011. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума кутуш керек
21.11.2011. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"кобуроок жазчы"деп суранбай эле койгула,без толк.
21.11.2011. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп-коптон жазгылачы?
21.11.2011. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdi kyinap yrahat alyp olturgandyrsyn eee Agata kristi?
21.11.2011. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Az azdan ele zhazgylachy, okup zhetishpej zhatam. ;)
22.11.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир санында кобоймок турсун азайып баратат окшойт.Кобурооктон жазгылачы
25.11.2011. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узунураак жазгылачы, кыжаалат болмой болдук кутуп атып кийинки санды
25.11.2011. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан буторунон кабар берип койгулачы...Жылдын сериалы деп ушуну айт!!!
26.11.2011. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyrmyshta yshynchaluk kuzyk nerseler koppu
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо