«АЛАКАНГА АКЧА САЛ» ДЕШЕТ ЦЫГАНДАР

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

“Жолуңду ачып берем, келе гой, сулуу” деп жолуңду тосуп тура калган цыган аялдар көп. Алардын алдамчылык “баштыгына” түшкөндөр андан да арбын. “Цыган айткан экен, чын эле ушундай болду” деп айтканы так келгенде таң калгандар да жок эмес. Айрымдары көз боёмочулук менен сызга отургузуп кеткен учурлар да кездешет.

ТҮБӨЛҮК ЖЕР КЕЗЕРЛЕР
Цыгандар 6-кылымда Индияда пайда болгон дешет. Болжол менен 1000 цыган Индиядан түбөлүк саякатка чыгып, алардын тукумдары жер кезүүнү ушул кезге чейин улантып келишет. Маалыматтарга таянсак, дүйнөдө 10 миллиондой цыган бар. Өз мамлекети жок. Бирок көчүп-конуп жүрүп калк катары атын жоготушпаганы да таң калычтуу. Алар – өзүнүн тилин, динин, мыйзамдарын жана ички иерархиясын бекем сактаган эл. Дээрлик көпчүлүгү христиан динин тутушат. Арасында католиктер, буддисттер ошондой эле мусулмандар да бар. Шайыр жана эркиндикти сүйгөн цыгандар бийлөө, ырдоо жана төлгө салуу, уурулук, көз боёмочулук менен алектенип жан багып келишет.
Төлгөчүлүк энеси кызына өткөрүп берген мурас катары кабыл алынат. Академик же профессорлук эмес, чебер төлгөчүлүк – цыган айымдардагы эң жогорку жөндөмдүүлүк. Алар алтынчы туюму күчтүү гана болбостон, адамдардын психологиясын да мыкты өздөштүрүшөт. Цыган аялдарын физиогномист деп атоого болот. Адамдардын жүзүнөн эмнеден жабыркап, кандай көйгөйлөргө учурагандыгын, учурдагы абалын айтып берет. Көп учурда гипнозду да колдонушат.

“ЖОЛУҢДУ АЧАМ”
Кыргызстанда да цыгандар аз эмес. Калаабыздагы “Ош базар”, ЦУМ сыяктуу коомдук жайларда цыган төлгөчүлөр көп отурушат. Кыз-келиндерди “келе гой, кел, жолуңду ачып берем” дешип, кээде ой-боюна койбой азгырып кетип жатканын көрүп жүрчүмүн. Ошондуктан алар көп отурган “Ош базарына” сапар алдым. Күркөлөрдүн ичинен парда тартып думбалап алышканы кызык туюлду. Босогодон эле цыган аял “жолуң жабык экен, ачыш керек” деген жагымсыз кабардан баштады.
– Канча?- дедим сынамакка.
– Мен акча алам, бирок бул өтө кымбатка турат.
Журналист экенимди, цыган калкы тууралуу маалымат алышым керек экенимди айтканымда “бул сага кымбатка турат” деп сынай тигилди. Кардар катары мага кызыгуусун жоготтубу же алданбасымды билдиби, бат эле башкаларга алаксып кетти.
Бул жерде цыган төлгөчүлөрдүн саны арбын экен. “Төлгөчү аялдардын башчысы Зина, бул жердеги жашы да, карысы да ушул аялга баш ийет. Андан кийин Люба деген аял” деп "Ош базарында" иштеген кыргыз төлгөчүлөр айтып беришти.
Цыган төлгөчүлөр ЦУМдун тегерегинде да отурат. Биз барганыбызда бир кемпир отуруптур. Ары-бери өткөндөргө жылмая күлүп жанына чакырган цыган кемпир бир нече кыз-келинге төлгө салып жибергенин байкап турдук. Биринин артынан бири келип, аркы-терки төлгө салдырып, төлгөчүнүн иши жүрүп жатканын байкадым. Жанына барсак “келе гой, кел, сени алдыда жакшы нерсе күтүп турат” деп чакырып калды. “Сага көп жолу көз тийген, сүйүүңдөн айрылгансың, көп адамдарды жоготконсуң” деп алаканымды көрүп, ар нерсени айта баштады.
– Келе акчаңды, сал алаканыма, анан төлгөмдү баштайм...
– Бирок мен сүйүүмдөн айрылган эмесмин да...
– Ээ, айрылгансың. Жакшылап эстесең... Кана, карта менен ачайынбы же колуңду карайынбы?
– Акчам анча деле көп эмес, болгону элүү сом.
– Такыр жокпу, жакшылап карачы...
– Жок, чын эле. Болгону ушул болуп жатат.
– Мм, анда мейли, 50 сомду бере бер. Бирөө менен таанышасың, алдыда чоң сүйүү күтүп турат...
– Анан...
– Бирок сенин жолуңду ачыш керек экен. Анда сени мындан да чоң жакшылыктар күтөт...- деп баратып, жанымдагы курбумду да “кел, алаканыңды көрсөт ” деп кызматын сунуштады. 50 сомдун лимити ошону менен бүттү окшойт деп четке жылып калдым.
– Жок, рахмат,- дегенине карабай ага да жабыша баштады.
– Сумкаңды ач, эмнең болсо бере бер.
– Эмнемди берейин, эч нерсем жок...
– Кымбат кремиң же кымбат атырың болсо деле болот, бере бер. Ооз боёгучуң болсо деле бере бер, мага белек кыл.
– Бул жерде көптөн бери турасызбы?- дедим мен.
– Көп жылдан бери иштейм.
– Канча жылдан бери?
– Мен 20 жылдан бери иштейм. Күнүгө эртең мененки 11ден түшкү 3кө чейин элге жардам берем. Кардарларым абдан көп.

Мындай окуялар көп эле жолукса керек. Кызыгы, цыгандардын курмандыгы көбүнчө кыз-келиндер болот экен. Таң калууну жараткан цыгандарга кийинки сандарыбызда да кайрылабыз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Ар бир мамлекет цыгандарды өлкөдөн чыгарып салганга аракет кылган. Алардан кутулуу максатында 148 мыйзам иштелип чыккан. Массалык түрдө 1939-1945-жылдары көп кырылган. Гитлердин буйругу менен Германияда жашаган 500 миң цыгандан 50 миңи гана тирүү калган.
  • Кумарлуу цыган кыздары тууралуу тасмалар да көп тартылган. Мисалы, “Кармелита”, “Есения”, “Цыган кызы Аза”, “Табор асманга кетет” жана башкалар.
  • Ич ара чырларын “цыган соту” карайт. Ал жерде уруунун башчысы, карыялар адамдардын тагдырын чечишет.
  • Цыгандар фламенко бийи менен, скрипачтары менен белгилүү.
  • Цыгандардын элдик гимни, желеги бар.
  • Дүйнө жүзүндө цыгандардын жалгыз музыкалык драмалык театры Москвада жайгашкан. Ал "Ромэн" деп аталат.

Мальвина Уметбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(20)
21.11.2011. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир жолу цыгандарга кармалып калдым....."Жок" деп басып кетип атсам,колумду кармап,мен жонундо айта баштады эле,эсим ооп калды,бирок коп нерсени туура айтты...анан конулунон чыгарып акча бер деди....карасам 50 сом бар экен майда,ошону бердим,кийин жолунду ачышын керек,деп бир нерселерди окуп,дагы акча бер деди...Башка акча бергенге жалко болду,анан жок десем,колундагы кумуш шакекти бер деди....анан мейли деп берип койдум....Ошол темир менен жамандыктардын баардыгы,чыгып кетсин деп....
21.11.2011. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерселерге ишенбесем да,корком мен кеткенден кийин бир нерсе кылып жолумду байлап коет деп........
21.11.2011. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
solnyshko, Адамдардын ушинтип корко турганын, тынсыздана турганын билишет, ошондон пайдаланышат.
21.11.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ишенбейм алар коз боочу да болгону
21.11.2011. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкты айткандары да болсо керек . Бирок андайлары аябай эле аз болсо керек . Мен эч качан цыгандардын кызматынан пайдаланбайм.
21.11.2011. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sygandar dep atyna jarasha zaty go. Bulardyn joryktary joldo kalsyn.Algach mendagy shaarga stydent bolyp kelgen ychyrymda byr sygan yktatyptyryp apam bergen altyn soikony chechyp ketken.Oshondon kyiyn sygandardy alystan korsom ele byrylyp kacham.
21.11.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да километр айланып качам.
21.11.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A men teskerisinche kop wildin kilchu elem. Okuunu butkondon beri sirtta jurup alis bolup kaldim. Mektepte okup jurgon kezimde kundo Kiyal sooda borborunun janinan atayin otchumun. Tigilerdi aralay jay. Anan kobunese kyzdar alardin sozdoruno iwenip kaliwat. Otup baratip toktotup jatiwkan bolso, iwenbegile, alar jalgan aytiwat dep kobun kutkarchumun... Owonduktan meni korgondo jaman korup, alis kachiwchu Sygandar...
22.11.2011. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оуу окуп жургондо жинди кылат элем цыгандарды,жолумдан чыга калган цыганга ал айтканча биринчи мен айтып коет элем кел жолунду ачып берейинби акчан барбы деп кыйкырсам качып кетишет суйлонуп.
22.11.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да Цумдан кармап алып акча сурайт жок десем , жолумду торойт, анан бар кет деп туртсом, мени кайра туртот ошентип согушуп кете жаздаганбыз, парковкада иштеген балдар куткарып калган мени.
23.11.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehhh musulman bir tuugan, biz musulmanbyz j-a Allahtan bashka ech kim bizdin joldu achyp bere albait.mynday kalp bolbogon absurd nerselerge ishenip, ar kaysy nersege syiyngan bul Allahka shek keltiruu bolup sanalat. urmattu musulman bir tuugan Allahtyn bar eknedigin j-a Allahtan bashka ech kim, ech nerse jol achyp,bizge bakyt bere albastygyn unutpaily.Allah jurogubuzgo yiman,jashoobuga bakyt bersin.
23.11.2011. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй сулуулар алар кудай беле алардын айтканы эч качан туура эмес болгону сенин жашооно дал келип калган,цыгандар колунду кармашка бактынды ачып берем же дагы бир нерсе десе айтыш керек,*менин атым ким экенин айтсан анан ишенем деп *ошондо кором колунду кой бербегенин
24.11.2011. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ei bir tuugandar ushul sygandarga ishenesinerbi.kachan kimdi baktyluu kylyp jolun achyp bergenin uktunar ele.Allahtan bashka ech kim baktyluu kyla albait.Bir gana Allahga ishengile,Allaga kop-kop shygyr aitkyla.
25.11.2011. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kelechekti Allah gana bilet..alarga iwengender Allaha werik kowkondoi kunoo kiliwat...andiktan alis bolunuzdar...Allaha iwenmindi kumonsurotpo...iyman gana saktap kalat adam zatin..boluwuincha alis kachnizdar....
25.11.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар алсызбыз! Ошондуктан кимди гана болбосун психологиялык жактан алсыратып каалаганыңды кылсаң болот. Бул үчүн өтө чоң тажрыйба керек. Тажрыйбаң болсо баарын баш ийдирип алууга болот.
26.11.2011. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alardy Sygan jana Lolu dep koyushat alardyn ulutu jok olkosu jok aga okshogon dini jok eli jok buzukulardy olkobuzdon aidap chygysh kerek tuugandar.
26.11.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто они гипнотизируют переспрашивают все и обратно все рассказывают или некоторые бывают хорошими психологами но это редкость, не все они такие...
26.11.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а те которые стоят на улицах нашего города не фига они не знают!!!
26.11.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ачыктарга такыр ишенбейм. Эгер чын эле жол ача турган болсо алар оздорунун жолун ачып жакшы жашоодо жашашмак, ысык-суукта кочодо отурбай. Козу ачыктарга тыюу салган мыйзам жазышса болмок биздин улуу урматтуу депутаттар!
26.11.2011. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдындагы боло турган нерсенди туура айтып койушат бирок ырым-жырымы кабыл болбойт дешет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо