Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТАМАШОУНУН» ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

12-13-ноябрда “Тамашоу” күйөрмандарын Спорт Ордосуна чогултту. Айрым беделдүү командалар кызыктуу оюн көрсөтө албай арманда калышса, Студенттер Лигасында ойноп, жаңы эле кошулган командалардын ити чөп жеди. Тамашаларга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Чыгыш бийин "тыткан" жана орусча билбеген ""KG 77нин" жигиттери

ЖКнын депутаттары ортосунда футбол боюнча таймаш болуп өттү. Адаттагыдай эле жеңилип калган тарап “голдорду кайра санап чыккыла” деп талап кылууда.
“Моника Беллучи”

Шайлоодон кийин Таласта өпкөсү жок койлор туула баштады.
No name

Пластикалык операциядан кийин Шарипа эже эми Шакира эже болуп калды.
“УКГ №5”

Кыргызстанга келген туристтер “Дордойдон” кийинип, Кызыл-Аскерден чечинишет.
City Bombs

Тамеки чегүү – ден соолукка зыян. Андан көрө насыбай чегиңиздер.
Nomads” (Казакстан)

Кийинки тамашабыз Аскар Акаев жөнүндө болмокчу. Акаев дейм да. Ий, байкуш, мени эстеп жатса керек...
“Ак-Өргө city

Колуна ромашка кармаган кыз.
18 жашта: – Сүйөт, сүйбөйт, сүйөт, сүйбөйт...
27 жашта: – Урат, урбайт, урат, урбайт...
50 жашта: – Турат, турбайт, турат, турбайт...
“2-рота”

Роза Отунбаеванын телефону шыңгырап калат: “Роза гүлү тартып мени өзүнө...”
Роза Отунбаева: – Алло... Ии, эмне, кабинетимди көчүрүп жатасыңарбы? Тиги креслого тийбегиле, ал – кожа, өзүм сатып келгем... Шкафтын ичинде “Тамашоунун” дисктери бар, ага да тийбегиле. Аларды көрүп бүтө элекмин. Кабинет таптаза бекен, ээ? Ооба, мен келгенде баары баш аламан, чаң болчу, бүт өзүм тазалагам... Айтып коёюн, бир гана кабинетти эмес!
“Чез”

“Урмат-Ордо-Усенов” мейманканасы –жайлуу төр, таластык атмосфера жана келген конокторго Неля эжеден бешбармак.
City Bombs

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийлик пикетсиз, митингсиз тынч жол менен өткөрүп берилгени турат. Мунун баарына Роза Исаковна Отунбаева күнөөлүү.
“Жигиттер”

Кечээ Эрмек Нурбаев жол эрежесин бузгандыгы үчүн аны ГАИ кызматкери кармап алып, “Тамашоунун” концертине эки билет сураган. Бүгүн уялбай өзү эки орунда отурат.
KG 77”

Америкалык ырчы Pitbull Кыргызстандан кандек таап алыптыр...
NutsТан”

“Дордой” базары – Google, анткени баарын табууга болот. Ал эми “Ош базарын” mail.агент деп койсок болот, анткени бардык ушак ошол жакта.
IUK


“КИМ ТАПАН?” ОЮНУНДАГЫ ЖООПТОРДОН

– Калыстар тобунда отурган­дардан эң сексуалдуусу ким?

– Рысбек (Жабиров) байке, «Супер-Инфонун» «Эң сексуалдуу мырзасына» илинбей калып, «Супер-Инфого» таарынычыңыз барбы?
“Достук”

– Эмне, өзүңүзгө ишенбей жатасызбы?
KG 77”

– Аш бергенге баш берсин, ал эми гөш бергенге эмне берет?

– Калла берсин...
“Жигиттер”

– Шакарап берсин...
“Ак кеме”

– Шөөла, шөөла, шөөланы көөла. Ушинтип да суроо бересиңби? Суроо бербей өл, аа...
“КГБ”

– «Тамашоунун» башчысы Эр­­мек­тин чачы качан түшө баштайт?

– Үйүңүздө мындан башка көйгөй жокпу?
No name

– Биттери митингге чыкканда...
“Чез”

– Кыргыздарды карышкырдан көп эт жейт дешет, эмнеге?

– Биз эт эмне экенин билбейбиз, өрүк эле жейбиз.
“КГБ”

– Билбейм, биз, казактар, диетадабыз...
“Эксклюзив” (Казакстан)

– Эмне, карышкырлар айттыбы ошентип?
“Жигиттер”

– “Саяктар” командасы “Боз сал­­кынды” шылдыңдап “Көк салкын” деген тасма тартышыптыр. Силер кандай тасма тартат элеңер?

– “Аят-2ни” “Уят-2” деп тартмакпыз.
“Местныйлар”

– “Быйыл сөзсүз ажырашам”.
“Достук”

– “Кызыл көйнөкчөндү” “Кызыл купальникчен” деп.
KG 77”

Лунара Бекиева
tamasha@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
21.11.2011. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oiii azamattar tamashouchular!!!birinchi kunu bardym ayabai jakshy boldu!!!!!!!!ak-orgo sity azamatsynar!!!!!
21.11.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул оюнду Ош шаарында да откорсо жакшы болмок . Мага аябай жагат. Ошого оз козум менен коргум келип журот.
21.11.2011. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто болсо абдан сонун болмок менда барып эсимен танганча кулуп жыргап келмекмин
21.11.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен 2 жолу тен билет алдырып коюп баралбай калдыыыыыыыыыыыыыым
21.11.2011. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кызыл койнокчон" же "кызыл купальникчен"!Уахахахахахах))
22.11.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты Super,Ак-өргө Sity Молодец!!!
24.11.2011. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
noname azamatsynar
24.11.2011. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG iygilik sizderge!!! silerdi iylaym!!!
25.11.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tamashochularga soz jok!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо