БАХ-Х, БААРЫБЫЗ СҮЙГӨН БАНАН

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

“Кокос жейбиз, банан жейбиз” деп ырдаган мультфильмдин каарманы эсиңизде болсо керек. Экзотикалык өсүмдүк болгон банан тууралуу, анан да ошол өсүмдүктү Кыргызстанда өстүргөн Жаңылбү эже жөнүндө баяндагыбыз келди. “Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат” дегендей, чын дилден эмгек кылса, минтип Кыргызстанда экзотикалык жемиш да өсөт.

БАНАН ТУУРАЛУУ
Банандын мекени – Түштүк-Чыгыш Азиянын тропиги, Малай архипелагы. Эл аралык илимий аталышы – Musa. Дүйнө жүзүндө беш жүздөй түрү белгилүү. Тропиктик өлкөлөрдө кеңири өстүрүлөт. Дүйнөдө көп колдонулуучу азыктардын арасынан күрүч, буудай жана жүгөрүдөн кийинки төртүнчү орунду ээлейт. Көпчүлүк бананды дарак деп ойлойт. Чынында, ал – чөп. Банандын тамыры күчтүү келип, кыска өзөктүү жана жалбырагы түтүктөй чырмалышып өскөндүктөн, даракты элестетет. Алтыдан жыйырмага чейин жалбырагы болот. Анын жалбырагы көп кабатка оролуп, катуу болуп түтүктүн формасына окшоп калат. Жаш жалбырактар түтүкчөнүн ичинде пайда болуп, өсүп чыгарда сырттагылары куурап түшүп калышат. Банандын бийиктиги экиден он эки метрге чейин жетет. Ал гүл ачууга даяр болгон кезде кыска өзөгүнүн учуна узун гүлдүн сабы чыгат. Бир түп банан 300дөй мөмө байлап, ал 50-60 килограммга жетет. Жылына 1 гектар жерден 4 тоннага чейин мөмө берет. Мөмө берип бүткөндөн кийин өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүгү куурап калат.

“ГҮЛДӨР МЕНИ СТРЕССТЕН ЧЫГАРАТ”
"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургуну үйүндө кадимки бананды өстүрөт экен" деп угуп, барып көрүп келүүнү чечтик. Үйдү таап барып, келген себебизди түшүндүргөнүбүздө Кабылбекова Жаңылбү эже “эки күн мурун кар жаап, банандардын жалбырактарын бутап койдум эле. Силердин келериңерди билгенде бир жолун таап банандардын үстүн жаап, жалбырактарын кеспей турмак экенмин” деп капа боло түштү. Ошентип, багбандын баянын кызыгуу менен угуп отурдук.
– Бул жаатта эч кандай билим алган эмесмин, соода тармагында иштегем. Эки иним тең жол кырсыгынан каза болуп, оор стресске кабылдым. Жашоого болгон кызыгуум жоголуп, өзүмдү таппай калдым. “Адам гүлдөрдөн энергия алат” деген чын окшойт, үйдө өстүргөн беш-алты гүлүм бар эле, ошолордун жанына келсем эле жеңилдей түшөрүмдү байкап калдым. Ошондон баштап гүлдөргө кызыгуум күчөп, ар кандай гүлдөрдү өстүрө баштадым. Аябай көңүлүм чөгүп турса да гүлдөрдүн жанына келсем, өзүмчө эле бактылуу болом. “Апа, бул гүлүңүзгө жаңы бутак чыгыптыр” деп балдарым сүйүнчүлөп келишет. Кайсы гүл сууну көп талап кылат, кайсы гүл күндү же көлөкөнү жактырат, ысыкты сүйөбү же сууктубу сыяктуу нерселердин баарын баамдай баштадым. Кантип көбөйтүү жолун издеп, саткан гүлдөрүмдүн акчасына кайра эле башка гүлдөрдү алып келем. Көбөйткөнгө оңой болгон гүлдөрдү ар кимге бере берем. Жакында абысынымдын баласы түрк лицейине окууга кирди эле, демөөрчүлүк катарында бир машина гүл алып барып бердим. Менде сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн фикус, цикас, монстр, тахира сыяктуу көп түрү бар. Мисалга, мобу араб курмасы, эмки жылы мөмө берип калат болуш керек. Ал эми бул пальма кивиге окшош мөмө берет экен. Мындан сырткары “таарынчаак гүл” деп атап алган мимоза гүлүм да бар. Аны чертип койсо, жалбырактары төмөн карап, бир аздан кийин кайра көтөрүлүп калат. Жанараак коңшуларым кызыгып көбүрөөк “таарынтып” коюшту эле, жакшы көңүлү ачылбай жатат.

“ПРЕЗИДЕНТТИН АРКАСЫНДАГЫ БАНАНГА КӨЗҮМ ТҮШҮП...”
– Бизде Өзбекстандын телеканалдары жакшы тартат. Бир жолу алардын президенти Каримовду көрсөтүп жатканда анын артында турган банан дарагын көрүп калдым. Көзүмө аябай сонун болуп көрүндү. Тынч албаган жаным банан өстүргүм келди. Базардан банандын данегин алып келип, бирөөгө айтыштан уялып, өнүп кетеби деп уругун көөмп койдум. Күнүгө келип аңдып коём же анымдан дайын жок.
Базарга барып калсам, биринчи эле гүл базарга барам. Бир күнү да Кара-Суу шаарынын базарына барып калып, бир өзбек аялдан банандын көчөтүн сатып келдим. Үйгө алып келип отургузуп койдум, бир күнү төрт жалбырагы чыгып калыптыр, лотереядан машина утуп алгансып сүйүндүм. Банан тез көбөйөт экен, түбүнөн көчөттөрү чыгып, күзгө чейин эле бою чоңдору менен теңелип калат. Чыккан көчөттү алып койсоң, ордуна кайра башкасы чыга берет. Чоң банан дарагынын түбүнө ондой көчөт чыкса, кичинерээктеринин түбүнөн үч-төрт көчөт чыгат. Чыккан көчөттөрүн тууган-урук, коңшу-колоңдор келип, сатып алып кетип жатышат.
Мен убагында миң сомго алган көчөттү 250-300 сом, чоңоюп калгандарын миң сомго чейин алып кетишет. Топурак жакшы болушу керек, мен малдын кыгын жерге көмдүрүп, бир-эки жыл таштап коём. Ал чириген соң теңин ошол кыктан, теңин топурак кылып отургузам. Өтө күчтүү кылып койсо да болбойт, себеби көтөрө албай жалбырактары саргайып кетет.

“БЫЙЫЛ БАЙКАП КӨРӨЙҮН ДЕП СЫРТКА КАЛТЫРДЫМ”
– Бананды мурун күн ысыганда сыртка отургузуп, суук түшө баштаганда чакага отургузуп үйгө киргизип койчу элем. Быйыл сыртта калтырууну чечтим. Жакында кар жааганда жалбырактары карды көтөрө албай сынып кетти. Ошондо төрт түптүн үчөөнүн жалбырактарын бутап, өздөрүн жылуу кылып ороп, бирөөнү үйгө киргиздим. Бизде банан мөмө байлаганы менен, көгөргөн бойдон бышпай калат экен. Ушунча жылдан бери өзүм да мөмөсүн татып көрө элекмин. Жемиши жалбырактарынын ортосунан чыгат. Мурун жөн гана экзотикалык өсүмдүк катары көрүп келсем, жакындан бери ого бетер кызыгуум артып, кантип бышыруунун жолдорун издештире баштадым.
Жакында айыл өкмөт да угуп келип, “жер бөлүп бергенге жана теплица курганга жардам берем” деп убада берди. Эгер ошондой болсо, банан өстүрүп, бышырганга мүмкүнчүлүк болмок. Өзүм аларды оңой эле көбөйтүп алмакмын.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Эстониялык Майт Лепик үч мүнөттө он банан жеп, банан жеш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ал убакытты үнөмдөш үчүн банандарды кабыгы менен жеген. Ылдам банан жеш боюнча дүйнөлүк рекорд – саатына 81 банан.
  • Кээде бананды “банан пальмасы” деп туура эмес аташат, себеби пальмалар түркүмүнө бул өсүмдүк кирбейт. Ал ботаника боюнча лилия, орхидеялар кирген түркүмгө кирет.
  • Банан сары гана болбостон, кызыл да түстө болот. Ал өтө назик келип, ташыганды көтөрө албайт. Сейшелдеги Мао аралы алтын түстүү, кызыл жана кара түстөгү банандар өскөн дүйнөдөгү жападан жалгыз жер.
  • Дүйнөдө жыл сайын орто эсеп менен 100 миллиард даана банан желет. Угандалыктардын ар бир жашоочусу жылына 220 килограмм банан, ал эми америкалыктар 12 килограмм жешет.
  • Банан жүрөк-кан тамыр ооруларына, артритте жана нерв системасын калыпка келтирүүдө жардам берет. Фосфордун көптүгү мээнин иштешин жакшыртат, ошондуктан окуучуларга, студенттерге көбүнчө пайдалуу. Бала эмизген энелер үчүн да банан пайдалуу, себеби сүттүн сапатын жакшыртат.
  • Өтө арыктарга, кант диабети менен, боор жана ашказан-ичеги оорулары менен ооруган адамдарга бананды азыраак колдонуу сунушталат.
  • Жаңылбү эженин багбанчылык өнөрүнө баракелде деп кош айтыштык. Эми тилеги ишке ашып теплица курулуп калса, эже өстүргөн банандан да ооз тиербиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(26)
21.11.2011. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбубу эже ишинизге ийгилик, буюрса теплицадагы банандарыныз бышып, сатууга алып чыгыныз.
21.11.2011. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озбекстанды эмес кыргызстанды байыталы
21.11.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erbolkaliya, Жанылбу эже Озбекстанда эмес, Кыргызстанда эле остуруп жатат бананды. Ал жон эле телевидениеден банан осуп турганын коруп кызыгып калганын айтты. Макаланын маанисине карап пикир жазыныз.
21.11.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арбаныз эже айкан убадасына туруп айыл окмоту жардам берсе экен.
21.11.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо банан оссо башкасы да осот эми киви ананас коксту да остурунуз
21.11.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу СУПЕР Жанылбубу эже жана анын банандары жонундо банан бышкандан кийин да жазып койсонор мумкун болсо . Дарактын башынан банан узуп жеген сонун болсо керек . Бышпаса да сулуулук учун мен да эгип коргум келип жатат. Жанылбубу эже ишинизге ийгилик жана банандарыныздын бышышыны каалайм !
21.11.2011. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошко барганда коруп келбесемби банан осконун.
22.11.2011. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege aryktarga az jesh kerek? Sebepterin jazyp koyunuzchu suranam. Botkin bolup oorugam, arykmyn, kancha banan jese bolot kununo? Amerikada jashaym, al jaktyn banadary Kyrgyzstandagyday emes, daamy ancha emes
22.11.2011. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбу эже, азаматсыз ! Озунузду озунуз стресске алдырбай жакшы иштер менен алектенип, жашоодон умут узбогонунуз жакты ! Ишинизге ийгилик !!!
22.11.2011. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз.кудайым кааласа отуз-адырга барып банан кочотун алып келем.мен да экким келип жатат.
03.02.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigitt, албетте келиниз.
22.11.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жөрөлгө экен эже ишиңзиге ийгилик. Окуп кубанып калдым бизде ушундай мээнеткеч адамдар көп болсо гана.
22.11.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул еженин кылганы тарыхта калат. Ишинизге ийгилик. Тигеген тилегинизге жетиниз.
22.11.2011. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар Жаңылбү эжеден сабак алуулары керек экен.
Жаңылбү эже кыздарыңыз көп элеби?
23.11.2011. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87,
Пайда чыга турган жакка куйоо бала болгун барбы :-))). Андан коро пайдасыздарды алвп ошолордон пайда чыгарсан сооп болот....
03.02.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87, Жанылбу эженин 3 кызы (Гулзада, Перизат, Асель), 2 небереси (Элзара, Тилек)бар.
24.11.2011. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Адамдан айла качып кутулбайт" дегенди "кыргыздан айла качып кутулбайт" деп которуп алышкан экен... чынында эле ошондой болуп калыптыр, адамдардын оюна келбесе керек эле бизде банан осоору,.. Ишинизге ийгилик эжеке...
25.11.2011. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда ысыкколду тегерете банан-пальма кылып жашылдандырса болот экен... эх!!! кана эми ошол кол жеегиндеги бош жаткан жерлерди келечекте мен башкарып калсам,кичинекей бейиш кылып салмакмын. Россияда сочиде кочосундо оскон пальма ысыкколдо оспой эмне. бирок буйруса пландар бар,убакыт ото берсинчи... буйруса эн кооз,кымбат отельдер жана укмуш природалуу жай болот колубуз.
29.12.2011. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirka, тилегине жет
26.11.2011. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4chu Banan imish tolko Kyrgyzstanda emes al nerse bizde turmushubuzda aldynky orundardy berbegen un mai guruch jugoru kartoshka degender bar biz banandy keeeede bazardan ,teleden ele korobuz kayaktagy nerselerdi jaza beresinerda realduu makalalardy jazsanar... Infochular.
03.02.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekten, eger iwene albai jatsanyz. Kelip oz kozunuz menen korup ketiniz...
26.11.2011. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raxmaaat sizge janulu eje
27.11.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып суйундум,негедир аябай толкунданып да чыктым,эмнеси болсо да журогубуз кыргыз деп согот да,рахмат эже ийгилик.
28.11.2011. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Жанылбу эже, сизге айыл окмот эмес, мамлекет конул буруш керек го?
11.12.2011. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Koldo jashasam ebak ele banan jana bashka tropikalyk osumduktordu osturup,ekspertiza kyla bermekmin.Koldo barda koldonup aluunu da bilsek.Biz jak Narynda prosto aba-yrajy kataal jana suuk bolup jatpajby.Birok,menin apam perezti osturot,soonun osot kazyryp.
03.02.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздарга чон рахмат комментарийлериниз учун. Апам окуп алып аябай кубанды. Ошко келгениниздерде албетте уйго келип, сыйлуу коногубуз болунуз. Сиздер учун ар дайым эшигибиз ачык. Урматым менен Жанылбу эженин кызы Асель.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо