1925-жыл
Дүйнөдө:
-
Орус элин, орус токоюн, кайыңдарын өзгөчө даңктап ырга салган улуу акын Сергей Есенин дүйнөдөн кайткан. Өзүн-өзү өлтүргөн бул акындын өлүмүнүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Айрым иликтөөчүлөр акын өзүн-өзү өлтүрбөй эле киши колдуу болгон деп да жүрүшөт.
-
АКШнын Иллинойс, Миссури жана Индиана штаттарында болгон аябагандай күчтүү торнадо 695 адамдын өмүрүн кыйып, 2027 адам оор жаракат алган.
-
Ыйык сахнада жараткан кайталангыс образдары менен дүйнө элин таң калтырган балерина Майя Плисецкая жарык дүйнөгө келген.
-
Америкалык атактуу актёр Энтони Хопкинс төрөлгөн.
Кыргызстанда:
-
Кара Кыргыз автономдук облусу Кыргыз автономдук облус болуп өзгөртүлгөн.
-
Чехословакиянын коммунист жумушчуларынын демилгеси менен Пишпек шаарында “Интергельпо” интернационалдык кооперативдик шериктештик түзүлгөн.
1937-жыл
Дүйнөдө:
-
Жалпы союздук компартиянын борбордук комитетинин июль айындагы атайын токтомунан соң СССРде кандуу репрессиянын арааны ачылган.
-
Америкалык атактуу актриса Жейн Фонда жарык дүйнөгө келген.
-
Тарыхта өчпөс болуп ысмы калган Ирактын экс-президенти Саддам Хусейн Аль-Тикрити дал ушул жылы Багдадга жакын жерден орун алган Тикрит шаарчасында төрөлгөн.
-
Учурдагы Олимпиадалык кыймылдын негиздөөчүсү, француз барону, коомдук ишмер Пьер де Кубертен каза тапкан.
-
АКШнын Түндүк-Батышында Огайо, Миссисипи дарыяларында суу ташкындап, миллиондогон адамдар үй-жайы жок калышкан.
-
Экинчи ирет бүткүл Союздук калкты саноо өткөзүлгөн. СССРдин калкынын саны 170 миллионго жеткен.
Кыргызстанда:
-
«Эл душманы» делинип камакка алынган Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев өңдүү кыргыздын алгачкы интеллигенттерин каралоо күчөп, алардын абактан аман чыгышарына үмүт калган эмес.
-
Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.
1949-жыл
Дүйнөдө:
- Улуу Британиянын Кембридж университетинин кызматкери Морис Уилкс эң алгачкы EDSAC программаланган компьютерин иштеп чыккан.
- Эквадордогу жер титирөөнүн кесепетинен Пелилео шаары түп орду менен кыйрап, 6 миң адам каза таап, 20 миң адам жабыркап, 100 миң адам үй-жайсыз калган.
- Түндүк атлантикалык согуштук-саясый келишим – НАТО түзүлгөн.
- Германия Федеративдик Республикасы жана Германия Демократтык Республикасы түзүлгөн.
- СССРде биринчи ирет атомдук бомба текшерүүдөн өткөрүлгөн. Текшерүү Казакстандын Семипалатинсктеги аскердик полигонунда өткөрүлгөн.
- Атактуу орус ырчысы Алла Борисовна Пугачёва жарык дүйнөгө келген.
- Америкалык атактуу актриса, эки Оскардын ээси Мерил Стрип төрөлгөн.
- Бул дүйнө жүзүнө дагы бир атактуу Голливуд актёрун жарыкка алып келген. Ал – атактуу актёр Ричард Гир.
Кыргызстанда:
1961-жыл
Дүйнөдө:
-
Адамзаттын тарыхында биринчи ирет адам баласы космоско учкан.
Француз полициясы Улуттук боштондук кыймылына каршы француздук саясатка нааразылык көрсөтүп, тынч демонстрацияга чыккан алжирлик 30 миң жаранды уруп-сабап таратышкан. Каршылык көрсөткөн бир тобунун сөөгүн полиция кызматкерлери Сена дарыясына көпүрөдөн таштап жиберишкен.
-
Батыш менен Чыгыш Берлиндин ортосуна айтылуу Берлин дубалы тургузулган.
-
Тристан да Кунья аралында жанар тоо атылган.
-
СССРди отуз жылдан ашуун башкарып, 1953-жылы каза тапкан Сталиндин сөөгү Мавзолейден чыгарылган.
Кыргызстанда:
1973-жыл
Дүйнөдө:
-
АКШ жана анын союздаштарынын аскердик күчтөрү Түштүк Вьетнамдан толугу менен чыгарылып бүткөн. Ушул жылдан тарта 29-март – Вьетнам согушунун ардагерлеринин күнү деп белгиленген.
-
Атактуу француз сүрөтчүсү Пабло Пикассо көз жумган.
-
Жакынкы Чыгышта Израиль менен араб коалициясына кирген өлкөлөрдүн ортосунда согуш башталган. Бул согушка Алжир, Сауд Арабиясы, Тунис, Судан, Иран өңдүү өлкөлөр тартылган.
-
Чилиде аскердик төңкөрүш болгон. “Пиночеттин төңкөрүшү” аталган бул окуяда аскер офицерлери бийликти басып алып, өлкөгө диктатордук режим орнотулган.
-
Мексиканын Түштүк-Чыгышында жер титиреп, 700 адам каза тапкан.
-
Индияда, Пакистанда нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптоолор болгон.
1985-жыл
Дүйнөдө:
-
КПССтин Борбордук Комитетинин кезексиз жыйынында М.С.Горбачёв КПССтин БКсынын генкатчысы болуп шайланган. Дал ушул киши СССРдин тарыхында эң акыркы генсек болуп калды.
-
Мексиканын Мехико шаарында катарынан эки ирет жер титиреген. Күчү Рихтер шкаласы боюнча 7-8 баллга жеткен зилзаладан улам 5526 адам каза тапкан.
-
Колумбиядагы Невадо дель Руис жанар тоосунун атылышынан улам 25 миңге чукул адам каза болгон.
-
Орусиянын Иркутск шаарында жүк ташуучу Ан-124 учагы жаңыдан абага көтөрүлгөндө кыймылдаткычтары иштен чыгып, көп кабаттуу үйдүн үстүнө кулаган. Натыйжада, эки көп кабаттуу турак-жай жана балдар бакчасы иштен чыгып, 72 адам каза тапкан.
Кыргызстанда:
1997-жыл
Дүйнөдө:
-
Бүткүл дүйнө элин кайгыга салып, боорукерлердин, кайрымдуулардын ханышасы Мать Тереза каза тапкан.
-
Өзгөчө кайрымдуулугу жана ханзаада күйөөсүн чанып кеткендиги менен атактуу болгон ханбийке Диана жол кырсыгынан каза тапкан.
-
Улуу Британия ханышасы Елизавета II интернетте падышалык расмий сайтын ачкан.
-
Камчаткада күчү 5-8 баллга жеткен зилзала болгон.
-
Чоң Антиль аралдарындагы Монтсеррат аралында жанар тоо атылып, анын айынан бүткүл арал күлгө айланган.
Даярдаган Шаиста Шатманова