Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлзада Рыскулова: «МИЛИЦИЯНЫ КӨРГӨНДӨ ЖАН АЛГЫЧТЫ КӨРӨГӨНДӨЙ КОРКОР ЭЛЕМ»

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

“Мен кыргыздын кызымын...” деп ырдап, стили, патриоттук ырлары жана өзгөчө үнү менен элге таанымал болгон ырчы – Гүлзада бизде конокто.

КОМУЗДА КОЛ ОЙНОТКОН ГҮЛЗАДА

  • 1980-жылдын 14-мартында төрөлгөн.
  • Тоо гүлдөрүн жакшы көрөт.
  • Аспаптардан комузда кол ойното алат.
  • Өтө кайраттуу. Кандай гана кыйынчылык болбосун жеңип кетет.
  • Сайма саюу жагынан да мыкты.
  • Ырчынын эң башкы колдоочусу – анын стилинин автору Гүлжан Иреш аттуу айым.
  • “Ырчы болом” дегенде атасы каршы чыгып, эжеси колдогон.
  • Калп чындыкка айланган жерде өзүн абдан ыңгайсыз сезет.
  • Акыркы жолу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын барактап чыккан.
  • Ырчы “тилектер кандай жол менен болсо да ишке ашат” дегенге терең ишенет.

– Саламатсыңбы, Гүлзада? Алгач сенин элден өзгөчөлөнгөн стилиң туурасында баарлашсак. Байкашыма караганда, сен сахнада гана эмес, жашоодо да кыргыз колоритин сактайт көрүнөсүң...
– Ооба, колдон келишинче “кыргыздын кызы” деген атка татыктуу болууга аракет кылып келем. Бул менин жан дүйнөмө жакын. Жайкысын узун көйнөк, чыптама кийип, чачымды экиге өрүп алсам, кышкысын минтип кыргыздын оймолору түшүрүлгөн кийимдерди кием. Буга көпчүлүк суктануу менен карашат. Ал эми ырдоо стилим болсо, мага табияттан берилген талант. Менин үнүм аркылуу байыркы кыргыздын үнү, кайрыктары ойгонду.
– Байыркы кыргыздын үнүн элге жеткирүү үчүн сахнага кантип келип калдың?
– Ырларымды элге жеткирүү мен үчүн өтө оор болду. Шахзаада Авсаматова деген курбу кызымдын сөзүнө жазылган “Мен кыргыздын кызымын” аттуу ырды жаздыргандан кийин, ар кайсы радио, теле, гезиттерге чуркай баштадым. Бирок алгач “бул эмне деген ыр, эмне деген үн?” деп мени кабыл алышкан жок. “Макул” деп ырымды алып калат, бирок радиодон беришпейт. Бир канча телеге тартылуулар болуп, жыйынтыгында эфирден чыкпай калып жүрдүм. Ар кайсы эшикти сүзүп жүрүп, кагуу жеп калган учурлар көп эле болду. Көрсө, ал кезде лирикалык ырларга көбүрөөк басым жасалчу экен. Көп өтпөй каргашалуу Апрель, Июнь окуяларынан кийин патриоттук ырлардын “козголоңу” башталбадыбы. Ошондо гана менин ырыма талап пайда болуп, элге тарап кетти.
– Ырдоо стилиңе байланыштуу кандай сын-пикирлерди угуп келесиң?
– Кудайга шүгүр, жалаң гана жакшы пикир угуп жүрөм. Менин ырларым менен үнүмдү жактырбагандар өзүмө айтышпайт да. Андайларды жалпы кыргыз элине каршы чыккан инсандар катары баалайм. Анткени менин ырым, үнүм мага таандык эмес, элдин үнү, ыры. Ырларымды жакпайт дегендердин жан дүйнөсүндө кыргыз элине болгон сүйүүсү ойгоно элек демекмин. Менин күйөрмандарымдын баары чыныгы патриоттор. Муну менен сыймыктанам.
– Жакында эле “Евразия жылдызы” сынагына катышып, кыргыздын намысын коргойм деп чамынганыңды уктук эле...
– Ооба. Ал сынакка Кыргызстандан Гүлжигит Калыков аттуу жигит бармай болду. Ал деле татыктуу, ийгилик каалайм. Болгону, менин күйөрмандарым тарабынан “таймаш учурунда добуштарды элге ачык көрсөтсө болмок” деген нааразычылыктар түштү. “Биз дагы бир топ добуш берген элек” дешүүдө.
– Күйөрман демекчи, кыргыз кызы Гүлзаданын күйөрмандары туурасында айта кетсең...
– Чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым Кудайга шүгүр, көп эле. Мен дайыма кыргыз кызынын жүзү болуп, патриоттук негиздеги ырларды аткаргандыктан, күйөрмандарым да мага патриот кыз катары гана мамиле жасашат. Аша чапкан, жинге тийген жоруктарга барган адамдарга жолуккан жокмун.
– Балдай таттуу балалыкка кайрылбайлыбы...
– Мен Өзгөндүн Чымбай деген айылында туулуп-өскөм. Атам –Жетимиш кесиби боюнча эсепчи, апам бала бакчада тарбиячы болуп көп жылдар эмгектенишкен. Беш бир туугандын экинчисимин. Бала чагымдан эле чыгармачылыкка жакынмын. Тоо-ташта, токойдо, жолдо ырдап эле жүрөр элем. Анан да балалык дегенде эле атам алып келип берген ак улакты эске салам. Аны менен кошо сүзүшүп, кубалашып ойноп жүрчүбүз. Кызыгы, кийин ал чоңойгондо сүзөнөөк эчки болуп калып, биздин короону ит ордуна кайтарып калбадыбы. Киши келсе эле “ай, эчкиңерди карап тургулачы” дешчү. Артынан чуркап келип эле сүзүп алчу. Айтор, балалыгым эң таттуу өткөн.
– Мектепте кандай окудуң?
– 6-класска чейин куурчак ойнодум. Апам “балам, сен чоңоюп калбадыңбы” дей бергенинен улам токтотком. Чоң энем жыгачтан куурчак жасаганды үйрөткөн эле, ошону жасап алып, кийинтип, ага үй куруп эле убара тарта берчүбүз. Мектепте жакшы окудум. Эсте калганы, ар дайым география менен адабияттан берген мугалимдерим сабакты менин ырым менен башташар эле. Бой жете баштаганда ырдабайм деген күндөрүм деле болгон. Бирок мугалимдер “сен ырдабасаң сабакты баштабайбыз” деп туруп алышчу.
– Бой жетип, мектепти аяктагандан кийин турмуштун шары кайда алып жөнөдү?
– Каныбек деген агайымдын жардамы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык бөлүмүн аяктадым. Кичинемден эле ырчы болом деп тиленип, музыкалык билим алганым менен, тагдырдын буйругу экен, Орусияга көпчүлүктүн шарында мен да аттандым. Ал жакта соода тармагында иштедим.
– Эл-жерден алыс жүрүп, бир топ эле кыйынчылыктар баштан өтсө керек?
– Албетте, ал жакта эки жарым жыл эмгектендим. Ошол убакыт аралыгында элге, жерге болгон сезимдерим мурдагыдан да курчуду. Милиция кызматкерлери документтерди аябай катуу текшергендиктен, алардан жан алгычтай эле коркор элем. Бир күнү бир эже “эмне анча коркосуң? Алар сенин жаныңды албайт, акчаңды алат” дегенинен, анан ойлонуп калдым. Бир жолу орус улутундагы бир киши кыргыз кызды сабап таштаганын көрүп, ал кызга болуша калам деп мен да анча-мынча соккуга учурап калгам. Ошол күндөрдү эстесем, азыр да жаман болом. Кийинчерээк соода тармагы мен үчүн эмес экендигин түшүнүп, чыгармачылыкка бет алдым.
Мына эми, бир аз да болсо ой-максаттарым ишке ашып, Орусиядагы кыргыз боордошторго өз талантымды тартуулоо максатында мамлекеттик дирекциянын демилгеси менен кетип баратам.
– Жеке турмуш туурасында кеп козгойлу...
– Жеке турмуш жаатында айтсам, азыр чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен кез болгондуктан, турмуш куруу темасын көп деле ойго албайм. 22 жашымда турмушка чыккан элем. Тилекке каршы, 2 жылдан кийин пикир келишпестиктерден улам үй-бүлө очогубуз өчүп калды. Бирок ага мен азыр өкүнбөйм. Себеби Мейкин аттуу уулдуу болдум. Уулум учурда 3-класста окуп жатат.
– Жалгыз бой энеге бала тарбиялоо кыйынга турса керек?
– Ооба, ошентсе да балама колумдан келишинче жакшы тарбия бергенге аракет кылып келем. Мейкин аябай жакшы ырдайт. Бирок “чоңойгондо ырчы болгум келбейт” деп айтат. Ой жүгүртүүсү өзгөчө. “Жердин ортосунда эмне бар?”, “Жерге окшогон дагы башка планета барбы?” деген сыяктуу татаал суроолорду көп берет. Эмнеси болсо да акыл-эстүү бала болуп чоңойсо экен деп тилейм.
– Тилектериң ишке ашсын. Маегиңе чоң рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Маек - Гүлзада Рыскулова:"Уулумдун атасы менен келише алган жокпуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
18.11.2011. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ordu ordu menen suylogon, suluu, ayabay patriot eje eken, klipteri ancha suluu ekeni bilinbeit birok minday ayabay chyrayluu eje eken, talanty ozgocho, baalaim, oymoloru ayabay jakty, iygilik sizge.
SUPER.KG видео
18.11.2011. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен билгенден эже кичине кезинен эле ырдачу. Ал эми чыгармачылыгына чон- чон ийгилик,бар болунуз,бактылуу болунуз.
SUPER.KG видео
18.11.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер эне деген ырыныздын клипы аябай жакты. Коруп алып толкундо менен бирге козумо жаш алдым. Анткени мекенимден алыста болгонум учун, оз айылымды коруу суйунуу менен толкундону жаратпай койгон жок.Талантыныз оркундоп оссо берсин!!! Сизди урматтоо менен )))Жороева Омуркан Абдумуталиповна.
SUPER.KG видео
19.11.2011. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн таланттуу ырчы кыз! ырларын угуп эргуу алам. Чет элде иштегендиктен башка улуттагыларга да клиптерин корсотуп сыймыктанып журом. Чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
19.11.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
каникейдин стили ужас а гулзада болсо нукура кыргыздын кызы ийгилик сизге
SUPER.KG видео
19.11.2011. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыкка ийгилик. Созсуз Кыргызды эне тилди,каада салтты данктап дуйнолук дээнгелдеги ырчы болгула.
SUPER.KG видео
19.11.2011. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжекеси сиздер аябай сонун майек куруптурсуздар, жакшы суйлойт экенсиз,стилиниз да аябай сонун!!! Ал эми Каникей кимге жагат билбейм анын да озунун куйормандары болсо керек лично мага жакбайт,ал кишинин озунун идеясы жок чет олкону туурап ырдайт ))))).
SUPER.KG видео
20.11.2011. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай туугандар экоо тен(Каныкей да,Гулзада эже да)кыргыздын кызы,экоо тен таланттуу деп эсептейм,экоону тен абдан баалайм,урматтайм.Келгиле ушундай таланттарыбызды колдойлу,колубузда турган алтындар булар!
SUPER.KG видео
20.11.2011. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan tatunakai eken anan urlary da sonyn! Ishinizge uigilik kaalaim! Kanykei dagy talanttyy kyrgyzdyn urchy kizi.
SUPER.KG видео
20.11.2011. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Гульзада айым, сиз бул гезитке берген маегинизде менин унумду, менин ырларымды жактырбагандар кыргыздын душманы, алардын мекенчилдик сезими осуп жетиле элек дептирсиз. Менимче бул оюнуз туура эмес, себебиар ким табитине жараша ырды угуп, баалай билет. Бир эле сиздин ырды угуу менен адамда мекенчилдик сезм жаралбайт да. Сизден башка деле ырчылар бар мекен жонундо ырдаган. Бирок алар кокурок чийип мактанган жери жок го. Дегинкиси эле бардык эле адамдын журогундо мекенчилдик сезим бар.
SUPER.KG видео
20.11.2011. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте мен сиздин ырынызды угуп, онорунузду бааладым. Бирок дагы айтам. Бардык эле адам оз тармагы боюнча Кыргызстандын онугушуно салым кошуп келет, анын бары Мекенге болгон суйуудон улам болот. Ал эми бир ыр ырдап койсо эле мен мекенчилмин деген бул жон гана популизм деп эсептейм. Ошондуктан, онор адамдары бул улуттун жузу деп эсептелингендиктен, мындан ары малымат каражаттарына маек беруудо бир аз ойлонуп суйлосонор. Ойду тоону эле доодурой бербей. Негизгиси талантын оркундой берсин.
SUPER.KG видео
20.11.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tattu,сиз антип бирону билбей туруп куу ж.б создор менен айпаныз да же сиз ырчы менен байланышыныз барбы?мага ырчынын уну жакты аябай жакшы ырдайт экен.албан,албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
SUPER.KG видео
20.11.2011. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жакшы абдан. озгочо Жамгыр токтуну ырдаганы жакты мага
SUPER.KG видео
21.11.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орду менен суйлогон,суйлогон созу орундуу экен.Бирок мага ырлары да стили да анча жага бербейт.Сизге аял затына тиешелуу болгон бакыт таалай каалаймын!


21.11.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оркунуз осо берсин Гулзада эже ийгилик сизге!
21.11.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну сонун го, озгондун кыздары орт келет деген чын,гулзада, кенже жана мен деп койбоймбу.
21.11.2011. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин мукам унунуз жана стилиниз мага жагат. Дегеле " КЫРГЫЗмын" деп ырдаган ырчылардын баары жагат. Сиз сый-урматка татыктуусуз. Сизден коптогон сонун ырларды кутуу менен бирге ийгилик каалайм !
21.11.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульзада озу азамат кыз экен, таланты да, аракети да бар. Бирок озунун устунон коп иштеш керек экен. Онор адамдары элдин жузу болгондуктан оз пикирлерин коомчулукка билдируудо бир аз ойлонуп, суйлосо, себеби маегинде менин ырымды баалабагандар кыргыздын душманы дептир, адмдын мекенчилдиги Гульзаданын ыры менен олчонбойт да. Мекен жонундо Гульзададан башка ырчылар деле ырдайт го. Ар адам мамлекетке оз иштеген тармакта салым кошот. Себеби мунун бары Мекенге болгон суйуудон улам болот.
21.11.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан бул жаатта Гулзада озунун устунон озу иштеш керек. Гульзадага чейинки ырчылар деле Мекенчилдик жонундо ырдаган бирок, алар аны тануулап, болбосо кыргыздын душманысынар деген эмес да. Бул Гульзададагы оору копчулук ырчыларда бар. Бир аз эле элге жагымдуу ыр ырдап койсо эле кокурок чийип мактанышып калат. Мен патриотмун деп. Андай эмес да. Патриот деген наамды эл берет да. Ошондуктан онор адамы болгондон кийин ар тараптан онуккон билимдуу болушу керек.Онорун оркундой берсин Гульзада.
21.11.2011. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгоруптур. Бир нече жыл мурун таанышкан элем. Колунан комузун тушурбой ырдай берчу, ырчы болом дечу. Айтканына жетип келе жатат. Сага ийгилик каалайм.
22.11.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обону кайсы бир ырдыкы озбектердики болсо керек эстей албай жатам мындан да укмуш патриоттор кыргыздын душманы дебей эле ырдап журушотго эптеп бир ырды уурдап алып патриот боло бербечи суранам
22.11.2011. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura 220888 ushundai negativdi jazyp emne kylasyng? ozungdun kolungdan emne kelet saga okshogondor turmushta ozpoit otvechaiu
SUPER.KG видео
22.11.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо аябай сулуу экен,суйлогон созу дагы орду менен,кыскасы жакты!!!
SUPER.KG видео
23.11.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзаданын стили башка Каныкейдики башка эч окшобойт!Гулзада сага чон ийгиликтерди каалайм,азаматсын анан бирок орЛамент эмес орНамент экенин билип жур синдим,же болбосо патриот кыз экенсин кыргызча эле "оймолору,саймасы"десен эч жанылбайсын.
23.11.2011. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, короалбас болбочу. Озун эмне кылып койдун Кыргызстан учун
SUPER.KG видео
30.11.2011. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзада эже сиз супперсиз чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
30.11.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da betiniz jakty ekinchi betiniz abdan jagat
SUPER.KG видео
07.12.2011. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзада жакшы кыз экен. Бактылуу бол!
SUPER.KG видео
19.02.2012. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
казактардын популярный сайтына Гулзада эженин "мен кыргыздын кызы" атту клибин жуктоп койсом казахи офигели,бир эле айдын ичинде 1 748 000 минден ашык адам клибин коруп,алардын жарымы 5 деген баа берип 800 го жакын коментарий калтырышкан алардын бироосу да жамандашпаптыр мен суйунуп жатам.а бизчи?!болгону 30 дай коментарий жарымынар жамандапсынар,оз кызынарды колдобогондон уялбайсынарбы.Гулзада эже азаматсыз мен да сизди казактарга кошулуп колдойм.иштеринизге ийгилик!биз сиз менен сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
14.06.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кызы экенине шек жок. Ты супер!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо