№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
АНАР КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛАТ?

КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?
Анар ашказан жарасы жана гастрит оорусунан жабыркагандарга сунушталбайт.

ЭМНЕ ЖАСООГО БОЛОТ?
Анарды десерт катары гана жешет деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Себеби ашканада анардан ар кандай даамдарды, кыямдарды, соустарды даярдап, данын тамактарды кооздоо үчүн колдонушат.
АНАР КОШУЛГАН САМСА
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун саны – 6 даана
Майонез – 2 аш кашык
Сыр – 100 грамм
Анар – 1 даана
Каттаманын камыры – 600 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сарымсак – 1 тишче
Татымына жараша туз

АНАР КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Анардын ширеси – 1 литр
Анардын даны – 1 стакан
Кумшекер – 1,5 килограмм
Жаңгак – 2 же 3 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Анардын ширесине кумшекерди кошуп, коюуланганча 20-30 мүнөттөй кайнатабыз.
2. Кайнап жаткан сиропко данды, майдаланган жаңгакты салып, 5 мүнөттөй кайнатып, бууланган банкаларга жаап коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |