Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улукбек Салымбеков: «ЭМИ РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТКӨРӨБҮЗ»

№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл

Ошентип, “Дордой” ассоциациясынын 20 жылдыгына карата уюшулган мини-футбол боюнча таймаш аяктады. Чемпиондукту “Шер” командасы жеңип, 25 миң сом баш байгени алса, 2-орунду ээлеген "Дордой Секьюрити" 15 миң жана 3-болгон "Кыргыз Телеком" 10 миң сомго арзыды. Мелдеш тууралуу жана башка кызыктырган суроолорубузга ассоциациянын вице-президенти Улукбек Салымбеков жооп берди.

– Алгач көп тармактын өкүлдөрүн кучагына алган “Дордой” ассоциациясынын 20 жылдыгына карата өткөн мини-футбол боюнча кеп козгосок. Кандайча уюштурулуп калды?
– Мындай мелдеш ассоциациянын структураларынын арасында 15 жылдан бери уюштурулуп келет. Максатыбыз – кызматкерлерибизди сергек жашоого үндөө. Быйыл мааракебизге карата көп тармактардын өкүлдөрүнүн башын бириктирип, ачык мелдеш өткөрдүк. Жакшы мелдеш болду деп ойлойм. Байге фонду 50 миң сомду түздү. Сиздердин гезиттин командасы да ойноду. Эми Бишкек менен эле чектелбей, республикалык деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз.
– Мааракеге карата спорттон башка иш-чаралар да өткөрүлүп жатса керек...
– Негизи, “Дордой” ассоциациясынын тарыхы 1991-жылдын 7-декабрында Бишкекте соода комплекстин ачылышы менен башталат. Анан жыл сайын ушул датага туштап түрдүү объектилерди ишке киргизебиз. Быйыл 7-кичирайондо "Cosmo Park" оюн-зоок борборун жана Аламүдүн-1 кичирайонунда менчик балдар бакчасын ачмакчыбыз. Ошондой эле филармонияда концерт өтүп, анда мыкты кызматкерлерибиз сыйлык алышат.
– Өзүңүз спорт менен алектенесизби? Спорт жаатында кандай ийгиликтериңиз бар?
– Кичинекейимде чоң теннис менен алектенгем. 11 жашымда Түркмөнстанга барып, коло медаль жеңип келгеним эсимде. Боюмдун өсүшү токтоп калгандан кийин машыгууларды токтотуп койгом. Азыр футбол ойноп турам. Сууда сүзүүгө кызыгам. Кышында лыжа тебем.
– КРнын Спорт журналисттеринин федерациясын жетектеп келесиз. Федерациянын ишмердүүлүгү жөнүндө да айта кетсеңиз...
– Спорт журналисттеринин федерациясы социалдык долбоор десем болот. Аларга колдон келишинче колдоо көрсөтүп келем. Эл аралык спорт журналисттеринин федерациясына да мүчө болгонбуз. Жыл сайын журналисттерибизди эл аралык конгресстерге жөнөтүп турабыз.
– “Супер-Инфо” гезити 2008-жылдан бери “Жылдын супер спортчусун” аныктап, сыйлык берип келет. Сиздин оюңузча, быйыл жеңишке ким татыктуу?
– Мен футболго жакын болгондуктан, футболчуну колдойм, албетте. Андерсон Виллианды Бразилиядан селекционер катары мен тандап алып келгем. Быйыл “Дордойдун” чемпион болушуна зор салым кошту. Ошентсе да бул сыйлыкты ата мекендик спортчу жеңсе туура болот го деп ойлойм.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
30.11.2011. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ULUGBEKKE iygilik,olkosuno paydasi tiygen sizdei jigitter koboyo bersin,raazichiligimdi,sizge bildirem...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо