Арсен: «КАРА КӨЗ КЫЗДАР МЕНЕН «ООРУЙМ»

№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл

Жакында “Кыргыз сахнасынын секс-символу ким?” деген сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө чыгармачыл кыздарыбыздын көбү ырчы Арсенди белгилешкен эле. Арсен өзү бул тууралуу эмне дейт болду экен?

– Арсен, кичине кезиңди эске салып өт­пөйсүңбү...
– Кичинемде эрке, кежир элем. Толук бала болгондуктан, айылдагы чоң апалар өбө берип, бетим шилекей болуп эле жүрчүмүн.
– Жумуш кыл десе качып кетмейиң бар беле?
– Ооба. Тамдын башына эч ким деле чыкчу эмес. Бир иним экөөбүз чыга турган жерин таап алганбыз. Жумуш кыларга келгенде ошол жакка барып уктап, анан келмей.
– Канча бир туугансың?
– Карындашым, иним бар. Иним өгөй атамдын баласы. Ал 6-класста окуйт.
– Атаң каза болуп калып, кыйын турмушту башыңдан өткөргөнүңдү айттың эле...
– Атам спортчу болгон. Кийин банкта жетекчи болуп иштептир. Жүргөн жеринде лидер болчу экен. Мен 5 жашымда ал киши каза болду, андан кийин апам өзүнчө кетип, мен чоң энемдин колунда жашап калдым. Эки жылдан кийин чоң энем каза болуп, кийин атамдын байкеси кайтыш болду. Менин оюмча, биздин үй-бүлөгө көз тийип кеткен. Атам да, байкем да каза болуп калгандыктан, мен атам тараптан эң улуу бала болуп калам. 16-17 жаш курагымда эле атам курактуу адамдар менен катташууга туура келди. Кичинекей болуп туруп чоң жумуштар менен алектенип, той болобу, жамандык болобу, баары менин башыма түштү. 3 гектар жерди өзүм жалгыз иштеткен күндөрүм да болду. Төө буурчак экчүмүн. Кара жумуш кылып, кетмен чаап чоңойгом десем, “койчу, сен ак колсуң го...” дешет досторум.
– Апаң менен мамилең кандай?
– Апам менен чогуу жашабайм. Бирок барып турам. Кандай болсо да апа деген апа да. Жүрөгүмдө жалгыз апам гана бар. Мен деле баарын түшүнөм. Кудайдын буйруганы ушундай экен. Эч нерсени өзгөртө албайсың.
– Кимисине окшошсуң?
– Атама куюп койгондой окшошмун. Бирок атам мага караганда “красавчик” болчу. Мүнөзүм апамдыкына окшош. Атам катуу киши болчу. Ал мүнөзү карындашыма өткөн.
– Атаңа арнап ыр жаздың беле?
– Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы келет. Ошондо чын жүрөктөн жасайсың. Ошол убакыт келгенде мен да атама арнап ыр жазам.
– Арсен студент кезде кандай болчу?
– Бишкектеги Финансы техникумунда окугам. Группада бир-эки бала менен эле сүйлөшчүмүн. Элестетсең, бир жыл чогуу окусак да, группамда эч ким мени таанычу эмес экен. Ырдай баштагандан тартып 100 пайызга ачылдым. Эл менен сүйлөшүп, тамашалашып, ар кимди шылдыңдап жинди болуп жүргөн күндөр экинчи курстан башталды.
– Жатаканада жашоо сонун өтсө керек?
– Ар кимден тамак сурап эле жүрчүбүз. Тамактарыбыз болсо, аны бекитип коёр элек. Анда мен кыздар менен да сүйлөшпөчүмүн. Бир жолу досум экөөбүз кыздар менен таанышып калдык. Досум кыздардын бирөөсү менен кучакташып өбүшүп жатса, мен өзүмчө эле уялып, кетишим керек деп качып кеткем. Азыр ошол досум “сен такыр башкача болуп кеттиң” дей берет. Азыр эч нерседен тартынбайм. Кылыктанган сулуу кыздарды көрүп, көзүм ачылгандай эле болду.
– Кыздар тууралуу айтып калдың, качан той жейбиз?
– Чындыгында, көп кыздар менен сүйлөшөм. Бирок бир кыз менен да олуттуу түрдө мамиле түзө элекмин. Көңүлүмө жаккан кыз жок. Буйруган күнү үйлөнөм.
– Кандай кыздарды мээлеп жүрөсүң?
– Кыпкыргыз кыздарды. Көздөрү капкара кыздар менен “ооруйм”. Анан да назик, токтоо, түшүнүктүү, акыл-эстүү, өзүн тың алып жүргөн. Экөөбүз отуруп сүйлөшкөндө 10 саат болсо да убакыт бат эле өтүп кете тургандай кара көздү эңсеп жүрөм.
– Жакында биздин гезит жүргүзгөн сурамжылоо боюнча шоу-бизнестин айымдары секс-символ деп сени көрсөтүштү. Чын эле сексуалдуусуңбу?
(Күлүп). Эл ушундай деп тандап жатса, балким, сексуалдуумун. Мага ошол сурамжылоо өтө жагымдуу болду.
– Негизи эле сахнанын секс-символу кандай болушу керек?
– Ырдаганы, үнү, өзүн алып жүргөнү келишкен жентльмен болушу керек. Өзүмдү антип эсептебейм.
– Күйөрмандардын жоругу барбы, эс­течү?
– Өткөндө бир соода борборуна барып ырдаганбыз. Бир кыз келип, “ме, мобуну көрдүңбү, ушул номерге чалсаң” деп чөнтөгүмө кагаз салып койду. Бир чети күлкүм келди. Менин түшүнүгүмдө, ырларымды жактырган адам келип учурашып, жай сүйлөшөт. Ал эми телефон номерин берген адам, ал жөн гана мени менен таанышып, сүйлөшкүсү келген кыз го дейм. Көңүлүм болбогондон кийин чалып эмне кылмак элем?
– Бирок биз ушинтип тамашага салганда “чоң кыз, сиз менен жолугам, макул” деп чалынгансың. Чын эле ошентип чалган кыздар болобу?
– Ооба, ал тамаша тор эсимде. Ошондо бир кыз менен сүйлө­шүп жүргөм. Гезитти окуп алып “кыз­дардын бардыгы менен ушинтип сүйлөшөт турбайсыңбы” деп таарынып, аны менен сүйлөшпөй калдым. Жолдо баратсам да “кечинде “опасный” жигитмин” деген бала го” деп кобурашып калышчу. “Кечинде “опасный” турбайсыңбы” деп чалгандар болгон. Мен тамашалап койгом деп кутулгам.
– Таластыктар мактанчаак келет дешет. Сенчи?
– Таластыкмын. Бирок таластыктар обу жок мактанбайт. Болгон нерсени сүйлөйсүң, ошол башкаларга мактанып жаткандай сезилсе керек. Дос балдарымдын баары таластыктар. Алардын жанында мен мактанчаак эмесмин (каткырып).
– Карап көрсөм ырларың­дын баары эле кайгылуу...
– Мен да ыр жыйнак даярдай баштаганда анализдеп көрсөм, баары эле кайгылуу экен. Мындай ырларды ушул ыр жыйнак менен жабам. Экинчи альбомго шаңдуу, башка форматтагы ырларды жазам. Украинадагы бир студия менен сүйлөшкөм. Буюрса, ал жакка барып башкача форматтагы ырларды жаздырам деп жатам.
– Азыр боёнуу эркектерге да мүнөздүү болуп калды. Бул жаатта өзүңө кандай кам көрөсүң?
– Карабайсыңбы, тырмактарга кам деле көрбөйм (колдорун көрсөтүп). Жума сайын мончого барам, массаж жасатам. Ошол жетет мага.
– Эмнени кыялданасың?
– Маданият – элдин күзгүсү. Элдин баары маданияттуу болуп, сапаттуу музыканы түшүнсө экен дейм.
– Бирок өзүңдүн музыкалык билимиң жок, ээ?
– Кудай буюрса, Роза Отунбаева жайында Айбек экөөбүздү Лондонго музыкалык окуу жайга жибергени жатат. Барып келсек, мындан да жакшы ийгиликтерге жетишебиз.
– Достор менен кайда эс аласыңар?
– Досторумдун көбү үйлөн­гөн. Үйдө отуруп, жай сүйлөшүп эле эс алабыз.
– Достордун жолугушуусу ичимдиксиз өтпөйт да...
– Ырчы десе эле баары ичет деп ойлошот, бирок андай эмес. Кээде болушу мүмкүн. Мына, Омардын туулган күнүндө баарыбыз ичтик.
– Ырчылыктан башка эмне иш кыласың?
– Эч нерсе кылбайм. Күчүмдүн баарын ырчылыкка жумшап, ой-максаттарымды ишке ашыргым келет.
– Маегиңе рахмат. Максаттарың орундалсын.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Арсен:"Кара көз кыздар менен "ооруйм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
25.11.2011. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi jany alparuuchugo, unu jakshyken. Baarynarga iyigilik bolsun!!!!
SUPER.KG видео
25.11.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силерге жакпаса башкларга жагат да по этому не надо так строго судить))))))
SUPER.KG видео
25.11.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оригинальное место для встречи....башкалардан айрымаланыптыр....арсен озу да ачык шайыр болгонгобу...репортаж да кызыктуу....алып баруучуга дагы да иштеш керек демекмин...каталары бар...уну "звонкий, чистый" экен
SUPER.KG видео
25.11.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен, саган ийгилик чыгармачылыгына. Оркунун оссун! :)))))))))))))))))))
SUPER.KG видео
25.11.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шанырандаган соооонун бала экен, гыгыыы деп кулуп койгону жакты )))
SUPER.KG видео
25.11.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
svoeobraznyi pevets! uvajayu ego tvorchestvo i jelayu uspehov!
SUPER.KG видео
25.11.2011. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жонокой жигит экен.албан-албан ийгилик.
SUPER.KG видео
26.11.2011. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul jigit azamat da, yrlary maga abdan jagat, unu ozgocho bir sonun, elde jok!!!
SUPER.KG видео
26.11.2011. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсендин үнү соонун,ырлары дагы сонун!Азаматсың!Сага жеке жашооңдо БАКТЫЛУУЛУК,чыгармачылыгыңа ИЙГИЛИК каалаймын!
SUPER.KG видео
26.11.2011. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсенди биринчи жолу кордум аябай жонокой шайыр жигит экен,унуда укмуш жакшы ырдайт экен. Арсен Москвага келчи жаны жылга бизге белек болуп.
SUPER.KG видео
26.11.2011. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kaisi kyz menen suylsoho berem degeni jakshy go,Omar ekoo mene suylsohkon kyz ukmush kyz go hahahaha, azamat iygilik!
SUPER.KG видео
26.11.2011. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men jaktyryp kaldym okwoit:((( jerdewim eken
SUPER.KG видео
26.11.2011. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красава!!!!!
SUPER.KG видео
27.11.2011. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eki toonun bawin ensegen e4ki bolgon turbaibi tigi kiz :)) Kaaappp... biroosu menen ele jurso bolboit bele?!
SUPER.KG видео
27.11.2011. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Оригинально выразился
SUPER.KG видео
28.11.2011. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин мурунку жигитиме окшош экен анын да аты арсен болчу. байкуш камалып кеткен сон суйлошпой койгом. ошол жигитимди эстеттин арсен, уну да сеникиндей. сага ийгилик жана бакыт каалайм
28.11.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит да ушу... Супер ырчыга татыктуу 100%.:)
SUPER.KG видео
28.11.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен красавец !Так держать!
28.11.2011. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай тоголок жигит экен, ырчы болбой эле кой бакса жарашчудай, мейли эми ырчылыгын оркундой берсин.
SUPER.KG видео
29.11.2011. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Бирок ушундай унун менен азан айтсан же суроолорду кырааты менен окусан укмуштуудай болмок го.
SUPER.KG видео
30.11.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ддааа, хороший парень!!!
30.11.2011. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG de ushundai yrchy barby?
SUPER.KG видео
02.12.2011. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен азаматсын!!!
SUPER.KG видео
16.12.2011. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иййй,унунонго унунон! азаматсын,красавчик!
22.01.2012. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen u r sexxxyyyy))))and handsome)))
SUPER.KG видео
25.01.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен красава!!!
SUPER.KG видео
18.06.2012. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба абдан жакшы ырдайт экен.сага ийгилик Арсен
SUPER.KG видео
18.09.2012. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat arsen alga
SUPER.KG видео
13.01.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охх обожаю АРСЕНА, действительно сексуальный, голос необычный, люблю песню "чувства мои" респект тебе. мммааахххх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо