Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАСТИН БИБЕРДИН СҮЙГӨНҮ – СЕЛЕНА ГОМЕС

№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл

Азыр “сени сүйүү ырындагыдай сүйөм...” («Love you like a love song») деп ким гана кыңылдабайт? Келиңиз анда, бул ырды созгон Селена Гомес тууралуу сүйлөшөлү.

Аты-жөнү – Селена Мари Гомес
Туулган жылы – 1992-жыл, 22-июль
Туулган жери – АКШ, Техас
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Репертуарындагы ырлар – «Бардыгы көрүнгөндөй эмес» («Everything is not what it seems»), «Эртеңки күн болбочудай жакшы көр» («Like like there is no tomorrow») жана башка

Селена Гомес италиялык Мэнди Корнетт менен мексикалык Рикардо Гоместин кызы. Мэнди менен Рикардо кызы 5 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Театрда актриса болуп эмгектенген апасы кызын жалгыз тарбиялаган. Ошентип, актриса апасынын жанында жүрө берип таасирленген көрүнөт, чыгармачылык жолун ушул жаатта баштаган. 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” (“Барни и его друзья”) мультсериалына тартылып калат. Мындан кийин дагы “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя” (“Ещё одна история о Золушке”), “Ханбийкелерди коргоо программасы” (“Программа защиты принцесс”), “Ханна Монтана” (“Ханна Монтана”), “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” (“Дети шпионов 3: игра окончена”) жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.
Бара-бара ырчылыкка да аралаша баштайт. 2009-жылдан тартып “Селена Гомес жана сахна” (“Selena Gomez & the scene”) аттуу поп-рок тобун түзүп, өзү анын вокалчысы болуп калат. Алардын дебюттук альбому “Өп жана айтып бер” (“Kiss & tell”) деген аталышта ушул эле жылы чыккан. Селена Гоместин ырлары поп-рок, дэнс-поп, синти-поп стилинде.
Ырчы жаш болгону менен, кайрымдуулук жаатында да таанымал. 2009-жылы 16 жашында ЮНИСЕФтин тарыхында эң жаш ыктыярдуу элчи болот.
АКШда тараган салтка жараша Селена 12 жашында күнөөсүздүк шакегин (кольцо непорочности) тагынган. Бул – турмушка чыкканча кыздык намысын сактоого сөз бергендик. Бирок быйыл ал шакегин чечип салган.
Жеке жашоосуна келсек, 2008-жылы ырчы, актёр Ник Жонас менен жакын мамиледе болгон. 2009-жылы “Күүгүм” тасмасындагы Жейкобдун ролу менен дүйнөгө таанылган Тейлор Лотнер менен сүйлөшө баштайт. 2010-жылы кайрадан Ник Жонас менен жакындашып, ошол эле жылы кайра таарынышып кетишет. Мындан кийин Селена “Жылдыздардын эс алуусу” (“Allstar weekend”) тобунун бас гитарачысы Кемэрон менен жүргөн. Мындан тышкары “Селена актёр Дэвид Генри менен сүйлөшөт экен” деген сөздөр да чыккан.
2010-жылдан тартып Жастин Бибер менен болгон жылуу мамилеси азыркы күнгө чейин уланып келет.
Жастин Бибердин күйөрман кыздары Селенаны “өлтүрүп кетебиз” деп коркутканга чейин барышкан. Ага карабай эки жаш сүйүү мамилелерин элден жашырышпай, ачык эле жетелешип жүрүшөт.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Грек тилинде “селена” деген сөз “ай” дегенди билдирет.
  • Шоколадды жана мангону жакшы көрөт.
  • Баалаган буюму – “Чыныгы сүйүү күтүп турат” (“True love waits”) деген жазуусу бар шакеги.
  • Апасы Селенаны 16 жашында төрөгөн.
  • Гардеробдогу “сүйгөнү” – бут кийимдер.
  • Жаныбарларга болгон сүйүүсүн үйүндө жашаган иттердин санынан байкаса болот. 5 ити бар.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
28.11.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasavisa
28.11.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куколка
а мальчик педик
29.11.2011. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Селена Гомез - певица для подростков
29.11.2011. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Классная пара с Жастином!
29.11.2011. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shluha kakita drujit s bratiwkoy
30.11.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырдайт актрисалык таланты да бар
02.12.2011. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардын жашоосун неге жаза беришет?не биздин жашоодон кызыкпы алардын жашоосу?
03.12.2011. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Samat-91 Жылдыздардын жашоосун жазбай анан кимдин,эмнееее сенин жашоону жазсынбы????Сага кызык болбосо окубай кой!!!!!
08.12.2011. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
меня бесят люди, которые пишут "он педик!" и так далее. если даже это так, то они своим трудом заработали миллионов долларов, у них есть свои виллы, у некоторые свой остров и т.п., а вы сидите дома ничего не знаете и оскорбляете других. каждый человек сам себе хозяин и каждый сам решает каким и кем ему быть, может он хочет педиком стать! и у него есть на это право! Джастин, в 16 лет прославился на весь мир, и я желаю ему успехов во всём! Селя тоже молодчинка!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо