Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. БИЛЛ ГЕЙТС

№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл

АЛМА САБАГЫНАН АЛЫС ТҮШКӨНДӨ...
Ошентип, дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек тууралуу баяныбыз да финиш сызыгына келип жетти. Атактуу эркектер тууралуу сериалыбыздын акыркы коногу – аты уламышка айланган Билл Гейтс (суктанткан байлыкка ээ адамдарды Билл Гейтс деп коюшат).
Билл Гейтс 1955-жылы 28-октябрда Сиэтлде (Вашингтон штаты) жарык дүйнөгө келген. Лидерлик сапаттарга ээ болгон ата-энесинен (атасы Уильям Генри Гейтс II абройлуу адвокат, апасы Мэри Максвелл Гейтс бир катар банктар менен улуттук кеңештердин директорлор кеңешинин мүчөсү болгон) айырмаланып, ал кичинекейинде олуттуу, аз сүйлөгөн, жадакалса бир аз түнт да болчу. Бирок Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт боюнча Гарвардга тапшырат. Ата-энесинин планы боюнча, атасына окшоп адвокат болмок. Бирок Гарварддан тапкан бир гана пайдасы – досу, “Microsoft`тун” болочок президенти Стив Баллмерди жолуктурганы болгон.
Билл Гейтстин улуулукка карай сапарынын башталышы деп анын “M.I.T.S.” компаниясына компьютердик программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу сунушу менен кайрылган учурун айтсак болот. Анын идеялары компания менеджерлерин кызыктырып, жаш талант ишке алынат. Ошентип, Гейтс улуу “Microsoft” империясын түзүүгө киришкен. Окуусу экинчи планда калып кеткен. Натыйжада сабакты көп калтырып, жетишпей калгандыктан, ЖОЖдон айдалган. Бирок Билл үчүн чын жүрөктөн баары бир болчу. Анткени ал өз жолун тапкан эле.

ТАЛАНТТУУ АДАМ АР ТАРАПТАН ТАЛАНТТУУ БОЛОТ
1975-жылы Гейтс Пол Аллен менен бирге “Micro-Soft” кийинчерээк “Microsoft” деп өзгөртүлгөн компанияны негиздешкен. Албетте, баары оңой эле болуп кеткен эмес. Алгач далай ирет банкрот болушкан. Билл мырза компьютерлерге программа түзүп чыгуу үчүн канчалаган уйкусуз түндөрдү башынан өткөргөн. Үйүнө барбай, кеңседе түнөп калган күндөрү болгон. Бир жолу Гейтстин кабинетин жыйнап жаткан тазалоочу айым столдун астында уктап жаткан чоочун кишини көрүп коркуп кетет. Ошол чоочун киши – чарчап уктап калган шефи Гейтс эле. Азыр “Microsoft” компаниясы – атаандашы жок компания (атаандаш пайда болушу да чоң күмөн астында). Кызматкерлеринин саны – 89 миң киши. Жылдык акча айлантуусу 62 миллиард, таза кирешеси 18 миллиард доллар.
Жеке жашоосуна келсек, суктанткан карт бойдок 38 жашында Мелинда Френч аттуу бийкечке баш кошкон. Экөөнүн Женнифер Катарин аттуу кызы жана Рори Жон менен Фиби Адель аттуу уулдары бар. 2008-жылдын 7-январында компьютердик программалардын “атасы” “Microsoft`тун” жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. Миллиардер сөзүнө бекем туруп, “Microsoft” корпорациясынын президенттик кызматынан кетип, 2 жылдан кийин компаниянын аткаруучу директорунун да ордун бошотуп берген. Аталган 2 тизгин, бир чылбырды Гейтстин студент кезде тапкан досу Стив Балмер колго алган. Учурда ал «Билл жана Мелинда Гейтс» фондунун жетекчиси жана өзү негиздеген компаниянын эң ири акционери.
“Таланттуу адамдар ар тараптан таланттуу болушат” дегендей, Гейтстин жазуучулук шыгы бар. Анын бир катар чыгармалары (“Ойдун ылдамдыгындай бизнес” китеби 25 тилге которулуп, 60тан ашуун өлкөдө сатылган) бестселлер катары кабыл алынган.

БИР БҮРКҮМ

  • 2007-жылы Гарвард университетинин администрациясы Гейтсти Гарвардды аяктады деп эсептеп, диплом тапшырган. Ушундай атактуу инсанды Гарварддан айдалган десе уят да, биринчи кезекте Гарвард үчүн.
  • 1994-жылы атактуу Леонардо Да Винчинин чыгармалар жыйнагын сатып алган.
  • Кайрымдуулук үчүн миллиондогон акча жумшайт. 1 миллиард доллар кедей, таланттуу студенттердин стипендиясына бөлүп берсе, вакцинацияны өнүктүрүү үчүн 750 миң долларын аяган эмес.
  • 2004-жылы Жорж Буштун (кенжеси) президенттик шайлоо кампаниясына демөөрчүлүк кылган.
  • Журналисттин “Кудайга ишенесизби?” деген суроосуна “Кудай бар экендиги тууралуу бир да фактыга ээ эмесмин” деп жооп берген.
  • Улуу Британиянын Рыцарь-Командор деген империялык ордени менен сыйланган.
  • 1996-жылдан 2007-жылга чейин жана 2009-жылдын жыйынтыгында “Форбс” журналынын рейтингинде планетанын эң бай адамы болуп табылган. Учурда 56 миллиард доллары менен аталган рейтингде мексикалык миллиардер Карлос Слим Элудан (74 миллиард) кийин 2-орунда.
  • Хоббиси – Бридж ойноо.
  • Ал жөнүндө “Силикон өрөөнүнүн каракчылары” (1999) жана “Билл Гейтс – Дүйнөнү өзгөрткөн акылсыз акылман” (2009) аттуу тасмалар тартылган.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(8)
29.11.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna saga "jigitke 70 onor azdyk kylat".
Kajrymduuluk kylgany da eng jakshy.
Respect!!!
30.11.2011. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын бар экенине ишенбеген динсизди "Дуйнону озгорткон эркек" дебей эле "Оз дунуйосу учун кам коргон эркек" деп атаган онураак го дейм.Ушунча компютердик программанын озунон-озу жаралбасын билип туруп,анан Кудайдын бар экенине ишенбеген бул озу накта .... мээ экен.Мен муну эч убакта гений деп атабаймын,ага татыктуу да эмес.
02.12.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talha, Дуйнону озгорткон эркек! айтса болот! өзгөртпөсө сиз ушул жерде ушинтип КОМПЬЮТЕРдин жардамы аркылуу пикир жазбай болчуңуз! Бил Гейтстин , убагында "Ар бир үйдө компьютер болот" деген сөзүнө баары аны оорукчан деп ойлошчу! Болдубу? Болду! Азыр ар бир үйдө компьютер бар и 90% баарында WINDOWS MICROSOFT!
30.11.2011. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай бар ал тируу кудай,сурагыла берилет,издегиле табылат деген,
30.11.2011. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билл Гейтс ал Кудайга ишенет ошон учунда кайрымдуулук фондун уюштуруп келет
03.12.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин столумда турган компютердин программасын ушу акем жасаган екен да ыя !)))рахмат!!
31.01.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat
18.02.2012. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсе АЛЛАХтын окуму менен болот! Билл Гейтс жон гана себепчи!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо