№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
Сулуулар сынагы менен коштолгон жылдын жыйынтыктоочу “Супер-2011” концерти 12-13-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда өткөрүлмөкчү. Эскерте кетсек, “Супер сулуу-2011” сынагында 15 финалчынын арасынан суурулуп чыккан сулуу кыштын ызгаар суугунда экзотикалык өлкөнү көздөй эс алууга сапар тартат. Кыздардын келбетине, ажарына, баскан-турганына жана өзүн алып жүрүүсүнө ар кандай чөйрөдөн чогулган калыстар тобу баа бермекчи. Ошондуктан бийкечтердин азыр толкунданып, сынакка даярданып жаткан кези. Алар төмөнкүдөй тапшырма менен тандалышат:
1. Саламдашуу, өзүн тааныштыруу.
2. Купальникчен чыгуу.
3. Чыгыш бийин бийлөө.
4. Кече көйнөгүн көрсөтүү.
Кыздарды даярдоо түйшүгүн “Дизайн мода” моделдик агенттигинин окутуучусу Бермет Курманбекова менен шоумен, бийчи Бакыт Байсариев моюнга алышкан. Азыр алар кыздарга дефиле жана чыгыш бийин бийлөө боюнча сабак өтүшүүдө. Эгер бийкечтердин чимириле көз жоосун алган бийин жана сулуу жүзүн өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, анда концертке азыртадан камына берсеңиз болот. Ал күнү “Супер сулуу” наамына ат салышкан ай чырайлар сиздер үчүн талантын тартуулашат.
Жылдын мыкты шоусун өткөрүп жибербеңиз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |