№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
«Обондордун пири – Рыспай» дешет анын ырларын эргип угуп, талантына таазим кылган адамдар. Чын эле көөдөндөгү букту, жүрөктөгү ак сүйүүнү даңазалап, аккордеон менен ырдаган Рыспай Абдыкадыровду кайсы кыргыз баласы билбесин? Эгер өнөрпоз тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Улуу таланттын элесине арналып жыл сайын ар кандай ыр-сынактар өткөрүлгөнү жалпыга эле маалым болсо керек. Быйыл да Рыспай Абдыкадыров атындагы фонд 26-ноябрда Улуттук филармонияда Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына карата жогорку деңгээлдеги концерт өткөрөт. Концертке Рыспай аганын ырларын аткарып лауреат болгон ырчылар катышат. Мына, өзү өлсө да, анын ырлары өлбөдү деп ушуну айт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |