Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алиман Дүйшеналиева: «АРБАК ТИКТЕП ТУРГАНДАЙ КОРКТУМ...»

№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл

Алгач сахнага ырчы катары чыгып, анан кино тармагында багы ачылган Алиман аттуу актриса маек төрүбүздө. Бул кыздын ырчылык таланты канчалык деңгээлде экенин “Импульс” тобунда ырдап жүргөндө, ал эми актрисалык шыгын “Гаишниктер”, “Кызыл көйнөкчөн-2” жана казак­тардын “Жаным” сериалынан байкасаңыз керек.

– Алиман, айтылган сааттан кечикпей келдиң, кечигүү деген “оорудан” алыс окшойсуң...
– Бардык учурда таптак жүрөм деп айта албайм. “Супер-Инфо” дегенден кийин аябай даярданып, кечикпөөгө аракет кылдым.
– “Импульс” тобунан кеткенден кийин эле сахнадан көрүнбөй кеттиң. Ырчылыкты жыйыштырдыңбы?
– Чынында, ырчылыкка караганда актрисалыкка баш-отум менен өтсөмбү деп жатам. Ырчылыкка аябай кол түрүп иштебей калганыма келечекте өзүмдү мега популярдуу ырчы катары элестете албаганым да себеп болду. Ал эми “Импульс” менен болгон келишимди узартса деле болот, бирок ал жерде “күйөөгө тийүүгө болбойт” деген пункттар бар. Мен 21ге чыгып калдым. Балким, күйөөгө чыккым келсе, келишимге байланып калышым мүмкүн.
– Анда кел, сенин ырчылык эмес, актрисалык чыйыр жолуң тууралуу сүйлөшөлү. Эсиңде барбы алгачкы жолу киного тартылганың?
– Алгачкы жолу кино ааламынын босогосун 15 жашымда “Теңири” деген тасмага тартылуу менен аттагам. Ал тасмада кыргыздын жаш келининин эпизоддук ролун жараттым. Режиссёру Мария аттуу француз айым болчу. Чынын айтсам, фамилиясы эсимде жок. Кыргызстан башка мамлекеттер менен биргелешип тарткан тасма эле. Ошол тасмага тартылуу маалында Эрнест Абдыжапаров агай менен таанышып калдым. Ошондо Эрнест агайдын “сен мыкты актриса боло турган кыз экенсиң” деген сөзүнөн кийин “мен актриса боло алат экенмин” деген ишеним пайда болду. Биринчи жолу башкы ролум казактар тарабынан тартылган “Жаным” аттуу сериалда Мика деген олигархтын кызынын ролу болду.
– Байкашымча, “стервалардын” ролун мыкты жаратасың. Жашоодо да ошондойсуңбу?
– Мени сыртымдан тааныгандын баары “стерва” дешсе керек. Сыртымдан ошондой көрүнгөнүм менен, сүйлөшө келгенде андай деле эмесмин. Сен айткандай, тартылган тасмалардын көбүндө “стерванын” ролу туш келип калат. Анан тебишип-мушташып эле жүрөм го тасмалардан, ошондон улам да мени көп балдар “стервалардын стервасы” деп ойлошот экен.
– Тасмаларда тегеренип тепкениңе караганда спорт менен машыгат окшойсуң. Анча-мынча тийишкен балдардын жазасын берип койсоң керек...
– Айкидо менен бир аз машыккам. Негизи, спорт менен машыгууну жактырам. Бирок убакыт өтө тар. Ал эми жанагы балдар боюнча, убагында болгон, анча-мынча балдардын жазасын берип койгон учурларым.
– Буга чейинки тартылган тасмаларыңдын ичинен сага эң оор түшкөн ролдоруң болду беле?
– “Кызыл көйнөкчөн-2де” аткарып жатканда өзүм роль жаратып жатканымды туюп турсам да, артымда арбак карап тургандай сезилип, коркуп, жаман болдум. Ошол эле тасмада машинанын артынан чуркаган жерим бар. Жол аябай таштак экен. Жылаңаяк чуркай албай кыйналгам.
– Жаштайыңдан эле чыгармачылыкка аралашып калыптырсың. Кесип тандоого келгенде Улуттук университеттин эл аралык мамилелер факультетин кандайча тандап калдың?
– Жашоо адамды миң өзгөртөт да. Балким, дипломдогу алган кесибимди аркалап да калышым мүмкүн. Бирок азыр актрисалык кесип мен үчүн биринчи орунда.
Ата-энең, бир туугандарың туурасында айта кетсең?
– Атам да, апам да Чүйдөн. Бирок мен Каракол шаарында төрөлүп, 3 жашка чыкканча ошол жакта жашап, анан кайра шаарга көчүп келгенбиз. Атам Каныбек кесиби боюнча – режиссёр, апам Токтокан – актриса, анан Искендер деген менден 7 жаш улуу байкем бар. Атам менен апам Москвадагы
ГИТИСте окуп жүрүшкөндө таанышып, үйлөнүшкөн экен. Кыязы, актрисалык талантым экөөнөн тең берилсе керек. Учурда менин жакындарымдын баары Москвада. Атам “Мосфильмдин” бир долбоорунда жүрөт. Апам өзүнүн кичине бизнеси менен алек. Байкем болсо Орусиянын жараны. 13 жылдан бери ошол жакта ишкердүүлүк менен алектенет. Алар менен күн сайын интернет аркылуу байланышып турам.
– Байкең үй-бүлөлүү да?
– Жок. Азыр “активно” кыз издөөдө. Жакшы кыздар болсо айтып койчу, байкеме жардам берип, эртерээк жеңелүү болоюн, тамаша.
– Бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойгон турбайсыңбы...
– Мектепке киргенче аябай эле тентек, эрке болуптурмун. Эркек балдардан беш бетер чогуу ойногон балдарды сабай берчү экенмин. “Арызданып келген ата-энелерден бир күн куру өтчү эмес” деп апам айтып калат. Ошондон уламбы, ата-энем “кыздай болуп назик тарбиялансын” деп балет мектебине киргизишкен. Балет мектебинде бийлегенден баскан-турганыңа чейин катуу көзөмөлгө алынат да. Анан ал мектеп мени өзгөртүп, созолонгон кыз болуп эле чыга келдим. Балетте 8-класска чейин окудум. Андан кийин Бишкектеги №65-мектепке которулганда чыныгы жашоо эмне экенин билдим да, кайра эркиндикке чыктым. Балдар менен кырылышып, анча-мынча сөгүнгөндү үйрөндүм. Сабактарды калтырып, начар окуй баштадым. Ошентип, кайрадан бузулуп кеттим. Анан Ишеналы Арабаев атындагы университеттин алдындагы лицейге тапшырып, чоңоё түштүм окшойт, ал жактан окууга көңүл буруп, ийгиликтүү аяктадым.
– 21ге чыкканыңды айтып, үй-бүлө куруу тууралуу кептин учугун чубай кеттиң. Апаң сеп даярдап жаткан го?
– Жашырбайм, менин аябай сүйгөн жигитим бар, аты Бакыт. Аны “Босс” деп эркелетип коём, томпошка бала да. Өзү Таластан. Ишкердүүлүк менен алектенип жүрөт.
– Ата-энең менен тааныштырдыңбы?
– Ооба, атам да, апам да болочок күйөө баласын жакшы көрүшөт. Апам мага телефон чалган сайын “кандай жүрөсүңөр, урушпай элесиңерби?” деп сурап турат.
– Качан анан той?
– Ойлонуп жатам. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө эки жылдын тегереги болду. Алдын ала айтпай коё турайын, ким билет, эртең эмне болуп кетерибизди.
– Бактылуу бол! Сага ийгилик каалайбыз.

  • Алиман Дүйшеналиева 1990-жылы 20-майда жарык дүйнөгө келген.
  • “Кыздуу болсоң, атын Алиман кой” деп атасына Чыңгыз Айтматов айткан экен.
  • Досторунун көбү Алиша деп чакырышат.
  • Орус тилинде катыра сүйлөп, кыргыз тилинен кичине кыйналат, англис тилинде эркин сүйлөп, француз тилин үйрөнүүдө.
  • Жөргөмүштү көргөндө дене бою калтырап кетет, ал эми караңгы жерлерден өтүп баратканда жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп калат.
  • Учурда Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти.
  • “Теңири”, “Жаным”, “Уурунун махабаты”, “Гаишниктер”, “Кызыл көйнөкчөн-2”, “Сүйө бил” (“Умей любить”) деген тасмаларга тартылган.

Бахияна Сатылганова
Алимандын өздүк архивинен
star@super.kg


Алиман Дүйшеналиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
26.11.2011. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиша, сага чон-чон игиликти каалайм!!!! Аябай сулуу, жонокой жана маанайы ачык кыз экенсин...:)
SUPER.KG видео
26.11.2011. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле татынакай, жопжонокой кыз турбайбы! Оз жонундо чынды айтып, кулуп, жайнап айтып бердиго! Ушинтип бузулбай, татынакай, жонокой кыз болуп эле жур. Мага ырдаганын, киного тартылышын абдан жагат! 100 упай!
SUPER.KG видео
27.11.2011. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бах бах, тим эле жигиттердин журогуно чок салатко!!! Аккудай болуп созулат!!! Кучактап опкун келип кетет экен......
SUPER.KG видео
27.11.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тимеле татту кыздай болуп, балдардын журогуно чок салдыго...:)Алишка, азамат!!!! Сен учун добуш берем)))
SUPER.KG видео
27.11.2011. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Гаишники" киносун коргонумдо, бул кайсы актриса болду экен деп ойлогон болчумун. Элина Абай кызы экоо жакшы ролду жаратышкан. Ошондо эле ойлоп койгом, жонокой кыз экен деп. Жакшынакай бой-келбети бар экен, жекече жашоосу да озун канааттандырат экен, ыймандуу да корунот, бирок толук эмес. Бул жерден бир гана кемчилигин айта алам, кыска кийимдери анын толук эмес ыймандуулугунан кабар берип турат. Кийим-кече жагынан бир аз ондоолор киргизилсе, абдан жакшы болоор эле.
SUPER.KG видео
27.11.2011. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок, "Импульс" тобунда эротикалык маанайдагы клиптеги ролу ЭН ЧОН МИНУС!
SUPER.KG видео
28.11.2011. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец удачи тебе))
28.11.2011. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылыкты таштап актрисалыкка жактаганын жакшы. Ырдай албайсын,
SUPER.KG видео
28.11.2011. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4onoigondo jakwi roldordu jaratkim kelet,haha
SUPER.KG видео
28.11.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красивая, умная, целеустремленная все при ней, желаю только женского счастья!
28.11.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fekus da tuura/ mamasinan beri orustay boluwup sapsari ekengo. boyonboso aliman dele apasinday bolupkalsa kerek
28.11.2011. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кыз экен "Боссун менен бактылуу бол.Ийгилик сага!
SUPER.KG видео
29.11.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз деген калп эле наздана бербей ток этер жерин айтып суйлосо.Эркек экенсин Алиман!
29.11.2011. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kichine jashynan uluu korunot eken birok talanttuu "Janym" tasmasynda aiabai jakshy atkargan ters rol' bolso da,suigonun m-n baktyluu bol!!!Udachi!
29.11.2011. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фальш фальш фальш

SUPER.KG видео
29.11.2011. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да она вообще красотка!!! Побольше бы таких, как ты, Алиман!!!! Действительно красивых и умных кыргызок, чтоб вызывало чувство гордости... Молодца, девочка!!!!!!!!!!
30.11.2011. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzcha az bilet dep jazywyptyr.nichego podobnogo jakwyna ele suilop jatat,daje na russkom yazyke nemnogo akcent zametila,mojet i mne pokazlos prosto...ne znanie kyrgyzkiy yazyk ne pridast vam krutosti poimite vy uje nakonec...naw yazyk samyi krasivyi dep men da oruscha jazyp salyptyrmyngo)))))
30.11.2011. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы оруспу?
30.11.2011. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын кыргызбайлар бири бирибизди коро албаганды качан таштайбыз. Алиман сен супер актрисага татыктусун ийгилик сага
SUPER.KG видео
30.11.2011. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиздин ролунуз мага абдан жагат бирок коп ролунуз мушташ, дагы башка ролдорду жарта бериниз демекчимин! менин дагы актриса болгум келет!
SUPER.KG видео
01.12.2011. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын онорун оркундой берсин бийкеч аябай суулу экенсин мага жактын
02.12.2011. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай сулуу кыргыз кыздар кобойо берсин!!!!
03.12.2011. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир да кино коро элекмин сен тартылган!!бирок красотка экенсин.оркунун оссун карындаш.
11.02.2012. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз жонундо мен алиман менен илгери суйлошкон,бир баладан укканмын..ото характери начар,кок бет, кыз деп айткан.ошондон кийин мен бул кызды жаман коруп калгам..калп эле антип тигинтип деп жасалма болуп кое беришет мындай кыздар..оздорун бийик сезип мурдун асманга которгон кыздардын бири дал ушул кыз болот..эл козуно жакшы коруно берет..бул оло турган шумшук кыз...
SUPER.KG видео
18.02.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
калп эле жасалма боло берет бул кыз..мага вообще жакпайт.тим эле эл козуно ай,ий,тиги,бул "ой мама лягушка" деп жакшы коруно берет..оло турган шумшук кызда бул хе хе силер еще бул кызды билбейт экенсинер..казактар бул кызды аябай чморить эткен видеосеъмкасы бар менде...озун аябай укмуш сезет тим эле мындан башка кыр-да кыз жок баштанып.казактар жайлаптыр чмосун чыгарыптыр телефонго тартып вуа ха ха ха..
SUPER.KG видео
08.03.2012. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
**krasiva9.umna9* uda4i v li4noi jijni*
SUPER.KG видео
31.03.2012. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красотка эн мыкты жоп жонокой кыз, жылдыздардын баары ушундай болсо!!!
SUPER.KG видео
23.06.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара кыз мен сизди суйуп калдым ,шамалды сайдан Тилек
SUPER.KG видео
25.06.2012. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оюн жакшы экен сулуу кыз
SUPER.KG видео
07.07.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Алиман ийгилик сага буйруса Таласка жене болот экенсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо