Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Апам жапкан нанды сагынам Гүлшан Молдоева: «АПАМ МЕНЕН КОШТОШО АЛБАДЫМ»

№474 2-8-декабрь, 2011-жыл

Эне... Үч тамгадан турган бул сөздө не деген мээрим жатат?! Бул жолу биз көгүлтүр экрандын жүзү болгон Гүлшан эженин кымбаттуу энеси тууралуу сөз кылмакчыбыз. Гүлшан эже апасын эстеп, ичиндеги сагынычын айтат.

“ТАЕНЕМ ҮРКҮНДӨ БАЛДАРЫН САКТАП КАЛГАН”
– Балалыгым Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Биз 11 бир тууганбыз, 7 кыз, 4 уул. Ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү ата-энеден биз дагы ошол сапаттарга эгедер болуп чоңойдук деп ойлойм. Апам жөнүндө кеп кылардан мурун таенем жөнүндө айткым келет. Анткени биздин тарбиябызга таенемдин да салымы зор. Өзү ушундай мээнеткеч аял эле, башынан көп нерсе өтүп, турмушка бышкан экен, эми ойлосом. Үркүн убагы болуп, кытайлар кыргыз кыздарын бир чака буудайга алмашып, ачкалыктан каза таап жатканда бүтүндөй үй-бүлөнү сактап калганын көп айтчу. Эл үрккөндө таенем үй-бүлөсүн алдыга салып ийип, өзү артынан туз-майын белине түйүп ала кеткен экен. Кийин түндө, элдин баары уктаганда балдарынын оозуна майдан, туздан салып койчу экен. Элдин баары ооруп турса, таенемдин балдарынын өңү жакшынакай. Буга таң калып, кызыгып, “балдарыңды эмне кылып багып жатасың?” деп сурашчу экен. А апам төрт уулдун кенжеси, жалгыз кыз болгондуктан, атын Кенжекан коюшуптур. Таенем айтып калчу, “Кудайдан “кыз бере көр” деп суранып жатып араң жеткенбиз” деп. “Кыз катуу сүйлөбөйт, кыз деген назданып жүрүш керек” деп көп айтчу таенем. Анын кир жууганына айылдын баары таң калчу. Шейшептерди беш-алты сыйра чайкап, анан аны катуу силккенде “тарс-тарс” деген үндөр чыгып турчу. Кирди жайганда да өзгөчө жайчу, аны жөн эле жайып койбостон, кооздоп жайып чыкчу. Мындай эненин колунда өскөн кыз, албетте, турмушта тың чыгат экен.

“АТ АРАБА МЕНЕН АЛЫП КЕТКЕН”
– Апам 19 жашында турмушка чыгыптыр. Атам экөө бири-бирин жактырып жүргөн экен. Кийинчерээк атам досу экөө ат арабасын аябай жасалгалап келип, алып кеткен экен. Апам жалгыз кыз болгону менен, катуу тартипте чоңойгон. Бирок өзү эркелеп өспөсө да, бизге болгон мээримин төккөнгө аракеттенчү. Мүнөзү жумшак, бирөөгө катуу сүйлөп же көңүлүн калтырганы эсимде жок.
Апам өзү тың аял болгондуктан, чачына ак түшүп же бүкүрөйүп таяк деле кармаган жок. Ооруп же кыйналып жатам деп такыр айтчу эмес. Кашы-көзү кара, баскан-турганы шамдагай, дене-мүчөлөрү келишкен, сулуу аял эле.

“АПАМ БЕРЕКЕЛҮҮ ЖАН ЭЛЕ”
– Мектепти аяктап, шаарга окууга өттүм. Окуумду да ийгиликтүү аяктап, радиого практикант диктор болуп орноштум. Ошентип иштеп, биринчи маянамды аларым менен үйгө жөнөдүм. Анда чай деген нерсе өтө тартыш эле, жакшы чайдан алып, апама бир чоң жоолук, көйнөгүнө ылайыктап мата, атамдын башына ак калпак, үстүнө көйнөк, жолдон дагы таттуу майда-чүйдө алып бардым. Ошондогу апамдын сүйүнгөнү азыркыга чейин көз алдымда. Кийин апам “сенин белектериңди айылда бир ай майрамдаганбыз” деген. Айылга барган сайын апам жемпиринин бир жеңин кийбестен, бир бутун кийбестен алдыбыздан чуркап тосуп чыкчу. Апамды эстегенде дароо эле буркураган чайы келет. Андай чайдын даамын эч жерден таба албадым. Ал эми сүрсүгөн эттери менен чучугунун даамы башкача болчу.
Жаны тынбай күн менен чогуу туруп, караңгы түнгө чейин оокат менен алышчу. Тамак-ашка кенен, колунан берекеси ашып-ташып турган аялдардын бири эле. Атам да апамдагы ушул сапатын абдан баалачу. Кээде конокко барып калганда дасторкондун үстү жайнап, жакшы даярдалбаса, атам андан ооз тийбей койчу. “Пейили тар экен, апаңардай болуп эле баарын жадыратып жасабайбы” деп сүйлөнүп да калчу. Түнгө чейин колунан жип-ийнеси түшпөй сайма сайып, кийиз жасачу.

“МАГА КЕЛЕ ЖАТЫП ЖҮРӨГҮ ТОКТОП...”
– Апамдан кыштын ызгаарлуу күндөрүнүн биринде айрылып калдык. Анда мен кичүү кызымды төрөгөнүмө 20 күн эле болгон. “Кызыңды көрүп келем, буюрса, келем” деп ниеттенип жаткан. Тилекке каршы, мага жетпей калды. Көзү барда “ий, ушу мен ооруп-сыркоолобой, бала-чакамды кыйнабай, тынч эле кетсем экен” дей берчү. Апамдын ал тилеги орундалды окшойт. “Кичине сасык тумоолоп калды” деп эжемдер айтканынан “шаарга жөнөтүңүздөр” дегем. Мага келем деп аябай камданыптыр, жолдон Балыкчыдагы эжемдикине кайрылып, ошол жактан жүрөгү токтоп калыптыр. Ошентип, апам менен коштошо албадым. Азыркыга чейин негедир апамды күтүп, жок экенине эч ишенгим келбейт.
Бул жашоодо ыйык бир гана – эне, ошон үчүн көзү барда сыйлап, жылуу сөзүбүздү айтканга жетишсек дейм.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
06.12.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Гүлшан эже, сиздин дагы жүзүнүздөн ар убакта энелик мээрим төгүлүп турат.
Апалар ар дайым аман болсун, алардын кубанычы ар биирибиз үчүн чексиз бакыт...
07.12.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макаланы окуганда козумо жаш тегерене тушту. Негизи эле эне баланы бири-биринен ажыратпаса экен. Мен да кудай сактасын, апамсыз жашоомду элестете албайм, ушул кунду ойлосом эле жашка муунуп ыйлап жиберем. Ошон учун кундо уктаар алдында атам менен апамдын омур жашын тилеп жатам. Корсо ата-эненин ордун тоулктап,алардыкындай мээримди эч ким чача албайт. Гулшан эжени бул жерден эне катары корбостон, эмнегедир жаш наристедей аяп кеттим.
07.12.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба мен да окуп озумдун алтын апамды эстеп буркурап олтурам. Бул дуйнодо эч нерсеге алмашкыс асыл апам!эже айткандай уйго барганда бир бутун кийип бирин кийбей айланып, кагылып кучактап жытташчу кундор буган жок тагдыр тура айла жок баш ийип олтуруп калам.
07.12.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой чын эле козго жашайлана тушту.......мен да апамдан 4 жашымда ажырагам,азырга чейин ишенбейм апамдын жок экенине,бир кун болбосо бир келчудой сезилет,кичине болгондуктан элеси эсимде калган эмес,баардык эле апалар аман ден соолукта болушса экен,эчкимди ападан айрыбасын,козу тируу кезде сыйласак жакшы болот...
07.12.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da apasız caşoonu elestetiş kıyın men da apamdı sagınıp atam
07.12.2011. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a men sholoktop iylap atam ozum da apamyn baarybyr apamdy ushunchalik ayap sagynyp atam altyn apam.....................
08.12.2011. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай апама узун омур берегор. менинда апам мен алыстан баргыча уктабай тункусун босогодо олтуруп кутуп айланайын каралдым деп чуркап чыгат ыйлап алат кееде апамды аябай сагындым!!!
08.12.2011. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай апама узун омур берегор. менинда апам мен алыстан баргыча уктабай тункусун босогодо олтуруп кутуп айланайын каралдым деп чуркап чыгат ыйлап алат кееде апамды аябай сагындым!!!
09.12.2011. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apapak jooluk salynyp,
amandyk tileisin daiym jalynyp
alystan kyzym kelet dep
APAKEM jol karait zarygyp
Apa men seni abdan sagyndym,negedir kozum jashka,kokurogum apama degen sagynychka tolup ketti..
11.12.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men apamdy ayabay sagynyp kettim , batyrak 1 jil otup ketse Kyrgyzstanima baryp ar dayim apam atamdyn janinda bolsom ekem... Kunu tunu kudaydan apam atama den sooluk, uzun omur tilep kelem... Ar daym bizdin mandaybyzda kulup jaynap, jalan toylorubuzda tordu eelep juro beriwse dep tilek kilam... SAGINDIIM...))
17.12.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай окуп буто электе эле ыйлап албадымбы,аягына чейин аран окудум.анткени мен да мамамды аябай сагындым,озум балалуу болсом да.мамамдын алдында дагы деле бала бойунчамын.мен да айылыма барсам да мамамдын ыйлап тосуп алганын,кетип бара жатсам да ыйлап узатып чыгат.эч ким тушунбогон кыялымды мамам тушунот,эч ким билбеген дилимди жада калса душамды мамам кана билет.ата энем мен учун эч качан оорубай кооооп жашаса экен...
02.01.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам мен учун баарынан ыйык!
02.01.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура менен Назишканын Жазган коментарийлерин окуп жатып эле апамды мен да сагынып ыйлап алдым кудай апама ден соолук .омурберсин буйруса 1 адан кийин Бишкеке келет. Ал эми Гулшан эжени мен аябай сыйлайм. Эже бар болунуз.
06.01.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altyn apalar aman bolushsynchu!
08.12.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апага деген сагынычты эч ким айтып бере албас..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо