№474 2-8-декабрь, 2011-жыл
(Замирбек Үсөнбаев)
Өткөн саныбызда “17-ноябрда өткөн Омардын концертинде филармония концертти бүтүрбөй көшөгөнү жаап салды” деп жазганбыз. Макаладан улам Маданият министрлиги, андан өтүп филармония жетекчилиги дүрбөлөңгө түшүштү.
– Омардын менеджери – Миргүл деген кыз бизге келип, «мага жардамдашып койсоңор» дегенинен макул болгонбуз. Филармонияда концерт берүүнүн убактысы 2 саат. Ал эми көшөгөнү жаап салган балдар тиешелүү жазасын алышты. Мен тараптан «көшөгөнү жапкыла» деген көрсөтмө болгон эмес. Бирок өз убактысынан өтүп кетсе да, концертти уланта беришиптир. Бизде мындай учур сейрек, биринчи жолу болуп жатат. Анан “бут тосуулар болду” деп интервью бергени туура эмес. Мен Омардын чыгармачылыгы менен тааныш болсом да, ал ырчыны ошол концерттин алдында көрдүм. Омарды колдогонум үчүн филармонияда концерт коюуга уруксат бергем. 1500 адам филармонияга батпайт, сыйымдуулугу 1100 эле кишилик. Көшөгөнү эмнеге жабышканын ушул жерде иштеген балдар айтып беришсин,- деди Мир Үсөнбаев.
Маданият ордосунун кызматкерлери: «Келишим боюнча концертке 2 саат убакыт берилген. Алар слайд-шоу, анан демөөрчүлөрүн жарнамалап отуруп кеч башташты. Айтылган убакыттан 1 саат 10 мүнөт ашып кетти. Анын 10 мүнөтүн филармония кошуп берди. Эгер 2 ыры калса, бир аз убакыт кошуп берели деп турганбыз. Сурасак, дагы 6-7 номери бар экенин айтышты. Эми ар бир ыр 3-4 мүнөттү түзсө деле бир топ убакытка созулат да. Туптуура 3 саат 10 мүнөт дегенде гана көшөгөнү жабууга аргасыз болдук»,- деп билдиришти.
Филармонияда ырдайм деген ырчылардын кулагына күмүш сырга! Концертиңер 2 сааттан ашпашы керек. Филармония 10 мүнөт белекке берет, андан да ашып кетсең, мага демектен Машаяк болсоң да көшөгө жабылат! Мына ушундай, туугандар.
Бурул Исмаилова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
А ,