Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султан Садыралиев: «КТРК МАГА ЭШИГИН ЖААП САЛГАН»

№474 2-8-декабрь, 2011-жыл

Кайсы жерде болбосун көздөрүн жымыңдатып, тамашалай сүйлөп, анан да илхамы келип калса, эч кимди көзгө илбей жаңырта ырдап жибермей адаты бар Султандын. Кыргызымдын мукам үндүү ырчыларынын сап башында турган Султан Садыралиев бул саныбыздын маек төрүндө.

– Салам, Султан. “Жылдын супер ырчы мырзасы” жана “Жылдын супер клиби” номинациялары боюнча жеңишке ат салышып жатасың. Чынын айтчы, өзүңө-өзүң добуш бердиңби?
– Чынын айтайынбы? Мен өзүмө-өзүм добуш бермек тургай, компьютерди колдонгонду билбейм. Ал эмес, флешка деген нерсени колдонууну эми араң үйрөнө баштадым. Билбейм, негизи, техникага кызыгуум жок. Азыр көпчүлүк колу бош болсо эле интернетте отурушат го. Ал эми мен колум бошой калса эле комуз, домбра, гитара чертүүгө киришем.
– Күйөрман катары “Жылдын мыкты ырчысына” кимге добуш берет элең?
– Эми ар биринин, мисалы, Арсендин өзүнчө, Омардын да өзүнчө “изюминкасы” бар.
– Анда өзүнө-өзү добуш берип, чуркагандарга кандай карайсың?
– Андайларга туура эмес көз караштамын. Көп эле байкайм, кандайдыр бир сынактарда бир эле телефондон миң СМС-билдирүү жөнөтүп жүргөндөрдү. “Эл – тараза, эл – сынчы” деген сөз бар го, мен ошого көп таянам.
– Керсейип коймой адатың бар. Ошол сапатың чыгармачылыгыңа тоскоолдуктарды жаратат болуш керек...
– Мага бой көтөргөн адамга беш жолу керсейип коюшум мүмкүн. Эми атын атабай эле коёюн, тиги радионун жетекчилиги деп. Алар “тиги тойго менин атымдан ырдап кой” деген учурлар болот. Ошол маалда бара албай калсам эле, чыгармачылыгыма бут тосула баштайт. Кээ бирлерге окшоп “связь” издегендерден эмесмин. Жашырганда эмне, КТРКга бир топтон бери чыкпай калдым. Себеп дегенде мага акырын эшикти жабышты, мен да тыкылдатып барган жокмун. Эмнеге тыкылдатмак элем, эл бар. Эгер элге менин ырларым керек болсо, кайдан болсо да таап алышат.
– Азыр ырчылар көп. Жаңы чыгып келе жаткандар жөнүндө оюң кандай?
– Бизди улуу муундагылар “булар лампочка, жанат, анан өчөт” деп көп айтышчу. Ошого эле тырышып жүрөм, жансам да өчпөйүн деп. Азыр ырчылар чындыгында көбөйдү. Теледен кээ бирин көрүп, ырдап чыкпай эле койсо ушундан көрө деп кейий берем. Бирок арасында жакшылары да бар.
– Эл арасында “Султандын ырлары жүрөккө жетпей жатат” деген кеп айтылып жүрөт. Буга эмне себеп?
– Мунун бир гана себеби бар. Султан жалкоо болуп кетти. Аны мойнума алам. Акыркы учурда жан дүйнөмдү көп “критикалап” калдым. Ыр жазам. Эртеси уксам, жакпай калат. Айтып коюшат го, “25ке чыкканча үйлөнүп ал, андан кийин кыз тандап каласың” деп. Чыгармачылык деле ошондой экен. Акыркы “Карындашым” деген ырды жазганыма 6 айдан ашып кетти. Мурда ар бир айда 2-3 ыр жазчумун. Учурда элге ырдап чыга элек 10 чакты ырым бар.
– Муңдуу, зарлаган кайрыктарды ийине жеткире созуп, шаңдуу ырларга келгенде жакшы келиштире албагандай сезилесиң...
– Мунун себеби башынан дастан айтып калгандыктан болуш керек. Анткени дастандардын дээрлик баары муңдуу кайрыктар менен аткарылат эмеспи. Бирок уулум Акмырзага арнап чыгарган “Балама” деген шаңдуу ырым бар. Балам уктабай чыр салып жатканда ушул ырымды ырдасам, бышылдап уктап калат. Мына момундай ал ыр (кыңылдап ырдап кирди):
Кадам таштап алдыга,
Өсө бергин, Акмырза.
Элиңди сүйгөн, жериңди сүйгөн,
Элиңе болгуң мырза.
Балакайым, балам, ай,
Белек кылган Аллам, ай...- деп патриот балдардан болушун күндө тилейм.
– Баса, Акмырза төрөлгөндө төрөт үйүнө аябай “концерт” коюп, ошол жакта иштегендердин оозун ачырыпсың го.
– Ал мындай болгон. Ата болгонумду майрамдап достор чогулду. Жай эмес беле, көк чөптүн үстүнө отуруп алганбыз. Шампан атылды, ичтик. Анан жан дүйнө ачылып, болушунча үн созуп ырдай баштадык. Биз ошентип шаңдуу отурсак, ары жакта бирөөлөр да кыздуу болуп майрамдап жатышыптыр. Анан алар менен кудалашып, чогуу майрамдадык. Түндө төрөт үйүнө киргенге болбойт дегенге карабай кызуулугум менен ызылдап жатып киргем. Анан ары жактан карап турган адамдарга аябай өөн көрүнүш болду да. Ошондон улам ошондой сөздөр чыгып кетсе керек. Негизи, ичкилик сыяктуу жаман адаттардан алыс болгонго аракет кылам. Баламдын келечеги үчүн да андайларга барбайм.
– Эмне себептен уулуңдун сүрөтүн элге көрсөтүүдөн баш тартып жатасың?
– Жубайым аябай эле кызганчаак. Менден өтүп кетет. Уулубуз 1 жашка чыкканча сүрөтүн элге жарыялабайлы деп чечтик. Буюрса, 1 жашка толгондо, 4-майда чоң той берем. Казакстанда эмес, Кыргызстанда. Дегеним, үлпөт тоюмду Казакстандан өткөрбөдүмбү. Ал той ата-энем үчүн гана ошол жакта өттү. Тойдун аягында сөз алып “мен бул жакка тойду казак болоюн деп берген жокмун, болгону, ата-энемден бата алайын дедим” деп айтып салыптырмын. Эмнеге экенин өзүм деле билбейм. Чынында эле үлпөт той менин тоюм эмес. Ата-энемдин баласына өткөргөн тою деп эсептейм. Балам төрөлгөндө апам да “эми Акмырзага жакшынакай казашка алып бериш керек” десе, “койчу, апа, эми гана казак деген аттан кутулуп баратса” деп айтып алып, апамды да таарынттым. Дагы бир жолу айтып кетейинчи мени казак дегендерге, мен кыргыздын патриот жигитимин.
– Балаңдын ырчы болушун каалайсыңбы?
– Мен гитара чертип отурсам, ыйлап жатып эле алдыма келет. Анан мен ырдасам ал да “аа-аа” деп калганда “балам, ушу сен ырчы болбой эле койчу. Бизде ырчылар жыргап жашабайт” дейм. Биздин ырчылардын жашоосу бир топ оор. Мисалы, тойго чакыруу алсам, “момунча бер деп ачык айтам” деп даярданып барам. Бирок “сенин чыгармачылыгыңды сыйлайбыз” деген жылуу сөздөрдү укканда “мынча бер” деп айтканга батына албайм. Бир жолу чөнтөктө болгону 1000 сомум бар болчу, таксиге түшүп жатып көп болсо үйгө чейин 150 сом алса, анан калганына памперс алам деп пландап алгам. Үйгө жеткенде “байке, канча берем?” десем, “көңүлүңөн чыкканын бере бер” деди. Бүкүлү 1000 сомду сунуп, кайрымжысын берет деп турсам, “ой, рахмат, мен бүгүн иштебейм, балдарга таттуу алып үйгө кетем” деп бата бере салды.
– Үйгө кирсең Асел памперс кана деди анан?
– Ооба да. Айттым “эртең деле той чыгып калар” деп.
– Жаңы үйлөнгөн кезде ысык болуп, жубайыңдын анча-мынча кемчиликтери көзгө көрүнбөйт го. Эми Аселдин сен билбеген сапаттары чыгып жатса керек...
– Тескерисинче, биздин жашообуз алгач 4-5 ай ачуу болду. Кызганычтар көп болду. Асел менин жашоомо көнө албай кыйналды. Азыр эми ысык болуп кеттик. Кудайга шүгүр.
– Ошол таарынычтардын көбү кыз жандуулугуңдан келип чыкса керек, ээ?
– Менин көзүм жанып турат да. Келинчегим да “кыз көргөндө көзүң жанып чыгат” деп айтат. Кыз жандуу болгонумду тана албайм. Болгон, учурунда өзүмдөн улуу айымдар менен сүйлөшкөн учур. Балким, Аселге жолукпаганымда дагы деле ошондой болуп жүрө бермекмин. Үй-бүлөлүү болгондон кийин жан дүйнөң тазаланып, тынч алат экен.
– Жан дүйнөң кирдебесин, ийгилик сага!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(27)
05.12.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын патритотумун деп тошунду кагуу м.н бирге патриот экенинди далилдеп корунуктуу жумуш аткарып койсонуз урматту ырчы мырза. Чыгармачылыгынызды колдойм!
05.12.2011. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аябай сыйлайм жана урматтайм, бирок акыркы кундо коп корунбой калганына ичим ачышат. Шандуу уну менен эл алдында кызмат кылып журо бер! Ийгилик!
05.12.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырдайт молодец бактылуу бол
05.12.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Азаматсын-Ийгилик Сага!!! Кыргызстанымдын Патриот Жигитисин!! Колдойм!!!
05.12.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эчкирип ырдаганы эле жакпайт...
05.12.2011. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын чыгармачылыгын абдан баалайм!!Султанды ар бир ырында керемет ун бар!!Султан байкенин ар бир ыры менин жан дуйномо эргуу тартуулайт!!Кудай буйруса Султан байкени ОКУЛ АТА койойун деген ниетим бар!!Султан байке сизге ийгилик куйормандарыныз сизден жаны ырларды чыдамсыздык менен кутобуз!!
05.12.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantin oso bersin,chyndygynda talattuu jigit.Senin talantindi baalaym kandai irdi irdabasyn inine jetkirip obrazga kirip irdayt.Bashkalarga oksobogon unu bar.Talanti bar adam ozun aytkandai ech jerde kalbayt.Sen oso turgan balasin oson uchun andai adamdardin aytkan sozdoruno sinbastan chigarma-di ostur.
05.12.2011. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карып кеткенби же мага ошондой корунуп атабы???
05.12.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын ачык бетке айтып суйлогонун баалайм да,азаматсын жаны,жаны ырларынды кутобуз,ийгилик!
05.12.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Султандын бир ырын да мааниси жоок деп айта албайм, мага баардык ыры сонун,, Мен Султандын чыгармачылыгын сыйлайм, урматтайм... Бар бол, бай бол,,, Теги эле мукамдуу, булбулдай унун очпосун... Бизди ырлырын менен кубантта бер..)))))))))))))))))))))))))))))))))))
06.12.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ырларын азыркы чыккан ырлардан жогору баалайм.мага о3гочо уну жагат башкалардан айырмаланып.ырлары эн сонун.бирок негедир уйлонгондон бери анча корунбой кеттии.бир досум бар суйуу тамчысы башталганда ичкен ашын жерге коет.ийгилик каалайм.
06.12.2011. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жигиттин талантынан да ачык суйлогонун баалайм БАРАКЕЛДЕ))) деп атса жарашат
06.12.2011. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Unu abdan jakwy jonokoi jurot. Iygilik
06.12.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan,bulaktyn kozun japsan,al kaira bashka jerden orgushtap chygat emespi,sen aldyga umtul,KTRdin eshigin japkany m-n senin kuiormandaryndyn jurogun,kaalap ukkan kulaktardy ech kim jaba albait,senin talantyn bar,senden jany yrlardy kutobuz!KTRdegi japtyrgan "adamdyn" dengeeli oshol eken aman bolsun,atyn atabasam da belgiluu ele da...
06.12.2011. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын чыгармачылыгын баалайм! Бут тоскондордун айынан коптон бери сахнадан алыстай тушкану окундурот. Кудайым колдосн сени!
06.12.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат коб эле ырчылардан караганда жогору турат,эмнеси болсо да ырдаганда аябай берилет,уулдундун омурун берсин!!!
06.12.2011. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аша чаап эле мактана берет патриомун дейт, бирок ошол созго татыктуу деле иш кылган жок
06.12.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суке, КТРК бут тосот дептирсин?! Бут тоссо, анда неге ырларын дале КТРКНын радиолорунан, ТВдан кетип атат? Ойлонуп сүйлөгөнгө кудай ооматы берет дечү беле?!
07.12.2011. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу ырчыларды тушунбойм,бироолор менен урушуп кетип эле журушот.Болду Султан сен аял алдын болду эми,куйормандарынды унут!!!
07.12.2011. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsew, Emne ayal alsa ele unutush kerekpi? Jazat dese ele jaza beresinbi?
08.12.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsew, Эмне аял алгандын омуру токтоп калмак беле ойносон да ойлоп суйлочу Сукенин куйормандарына топ болур калып журбо!!
09.12.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан конулун бут берип ырдайт , ошонусу менен жагат. Бар бол!!!
09.12.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызмын дегенин жагат,чыгармачылыгын оркундоп,осо берсин.
11.12.2011. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultandyn 4ygarma4yllygyn syilaim,bar bol,bai bol.
11.12.2011. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суке азамат алга!
11.12.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Султан азыр аты очкон, ал татыктуу эмес быйыл кы наамга,
12.12.2011. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султан иштерине ийгилик москвадагы машинамда сенин дисктерин жанырат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо