Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОТ-ЖАЛЫНДЫН ОРТОСУНДАГЫ КАСКАДЁР

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип, ал эле эмес, учуп бараткан учактын канатына жармашкандарды көргөндө “актёрго баракелде!” деп суктанып калат эмеспизби. Бирок бул эмгек актёрдуку эмес, көшөгө артында калган каскадёрдуку. Эмесе, сөз өмүрү кыл учунда тургандан ырахат алган каскадёрлор тууралуу болсун.

"ГИННЕССКЕ" КИРГЕН СЫЙМЫГЫБЫЗ
“Каскадёр” – француз тилинен которгондо “тобокелди сүйүүчү адам”. Каскадёр тасмада актёрдун ордуна оор трюктарды аткаргандыктан, аны актёрго окшоштуруп тандашат. Кээде ага окшоштуруу үчүн грим колдонулат. Трюк аткарылып жаткан учурда дублёрдун жүзү чоң план менен тартылбайт. Бул – актёрдун ордуна иштеп жатканын билдирбештин амалы.
Каскадёрлук кесип 1910-жылдарда Орусияда негизделген. Биринчи "каскадёрлор" цирк артисттери эле. Ал эми “каскадёр” деген түшүнүк 1985-жылдарда гана пайда боло баштаган. СССРдеги профессионал каскадёрлорду үйрөтүүчү “Аква-трюк” мектеби 1988-жылы ачылган.
Дүйнөнү таң калтырган каскадёрлордун бири катары француз Жиль Деламарды айтсак болот. Ал учуп бараткан учактан 1 чакырым бийиктиктен коргонуу каражаттарысыз секирген. Кийин катуу ылдамдыктагы унаада баратып өз учурунда токтото албай кырсыкка учурайт. Башы үзүлүп кетип каза тапкан.
Ал эми Кыргызстандагы каскадёрлордун “атасы” катары Үсөн Кудайбергенов белгилүү. “Гиннесс рекорддор китебине” кирген биз сыймыктанчу нерселердин бири “Манас” эпосу болсо, экинчиси – каскадёрлук рекордду багындырган Үсөн Кудайбергенов. Ал бийиктиги 30 метрлик аскадан сууга аты менен секирген. Бул кесиптин оош-кыйышын бизге каскадёр Адилет Акматов баяндап берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Адилет Акматов
Туулган жылы – 1981-жыл, 9-октябрь
Кичи мекени – Ош облусу, Кара-Кулжа району
Жашоодогу урааны – “Тынымсыз аракет ийгиликке жеткирет”
Тартылган фильмдери – “Баш аламан”, “Ант”, “Гаишники” (орус тасмасы), “Миң бала”, “Боксчунун жолу” (казак тасмалары) жана башка кыска метраждуу тасмалар

Адилет Акматов:
«КАНЧА ЖЕРИМ СЫНДЫ, БИРОК КАСКАДЁРЛУКТУ ТАШТАЙ АЛБАДЫМ»

– Айтсаңыз, кесибиңиз боюнча сүрөтчү экенсиз, каскадёрлукка кантип келип калдыңыз?
– Өспүрүм кезимде Жеки Чандын тасмаларын көрүү мен үчүн ырахат болчу. Кызыгы, анын трюктарын көрүп, “бул компьютердин жардамы менен жасалган нерсе” деп, анча ишене берчү эмесмин. Кийин акробатикага кызыгып калдым. 7-8-класста окуп жүргөнүмдө биринчи жолу сальто жасап, базалык кыймылдарга үйрөндүм. Кызыгуунун арты менен кийинчерээк "каскадёр болсом..." деген максат койдум. Студент кезде өзүмө окшогон балдар менен достошуп, көчө каскадёрлугу (паркур) менен машыга баштадык. Анда азыркыдай аталышы жок эле, кийин паркур жаштар арасында модага айланып кетти. Биздин биринчи тасмабыз да паркур тууралуу эле. Ошондон кийин актёр болуу, кино тартуу жөнүндө ойлор пайда болду.
– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
– Алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин у-шу, тайгизи, айкидо менен машыктым. Кыскасы, спорттун бир топ түрлөрү менен алектендим окшойт.
– Тасмага тартылуу учурундагы кызыктуу окуялардан кеп салсаңыз...
– "Гаишники" тасмасына тартылып жатканда имараттын ичинен жардыруу болуп, мен терезеден учуп чыкмакмын. Бирок пиротехниктер эрте жардырып салышкан. Жардыруу болгондо каскадёр күйүккө каршы атайын бет май колдонмок, а мен жетишпей калгам. Күйүп жаткан терезеден секирип, бетимдин териси бир аз күйүп, чачым да күйүп калган.
Казакстанда бир тасмага тартылып жүргөндө күлкүлүү окуяга туш болгом. Мен жана дагы 3-4 адам өлүктөрдүн ролун аткармакпыз. Ортодо бир аз тыныгуу жарыяланганда ошол жерде эс алып отуруп, жанымдагылар уктап кетишкен экен. Чыгармачыл топ келери менен камерага тарта баштаптыр. Алар "өлгөн адамдардын ролун мыкты аткарып жатышат" деп бизди мактап жатышса, арабыздан бирөөнүн коңурук тартканы угулуп жатпайбы. Мен чыдабай каткырып жиберсем, чыгармачыл топтун баары күлүп, кайрадан тартууга туура келген.
– Каскадёрлор көп жаракат алышат эмеспи. Кайсы жаракаттар эсиңизде калды?
– Студент кезимде эле буту-колум сынып, ата-энемдин “кой, токтот” деп каршы чыккан учурлары көп болду. Сынган жериң ооруп жатканда тымызын “ий, эмне кереги бар?” деп да ойлоп кетесиң, бирок айыккандан кийин кайра эле машыгып баштайсың. Анын үстүнө 4 ай машыкпай калсам, кадимкидей денем ооруксунуп баштайт. Анан кайра киришип кетем. Каскадёрлук – кумар. Ага бир кирип алсаң, андан башка жашоону элестете албай каласың. Бир мисал, моюнум сынып, 3 ай ооруканада, 3 ай үйдө төшөктө жаткам.
– Чынын айтсаңыз, каскадёрлук менен үй-бүлөнү багууга болобу? Бир тасмадан канча каражат аласыздар?
– Болот, бирок Кыргызстанда эмес, чет жактарда. Бизде каскадёрлорго тийиштүү колдоо, материалдык жардам берилбейт. Ошондуктан аталган кесип менен гана жан багуу оорго турат. Ал эми чет өлкөлөрдө, ошол эле Казакстанда бул кесип менен татыктуу жашоого мүмкүн. Бир тасмада жок дегенде 5-10 трюк аткарылат. Бир трюктун баасы 1000 доллардан бааланат.
– Кыргызстандагы каскадёрлордун абалы кандай?
– Бизде таланттуулар абдан көп. Үсөн Кудайбергеновдун мектебинен чыккан мыкты каскадёрлорубуз бар, аларды колдоо гана жетишпейт. Каражат маселесине келип эле токтоп калат. Андыктан көптөгөн жигиттер чет өлкөгө кетүүгө аргасыз. Ал эми калганы Казакстандын атынан чыгышат. Мен бүгүнкү күндө Казакстандагы “Ноомад” каскадёрлор союзунун мүчөсүмүн.
– Өрт менен суунун ортосунда жүргөн адам үй-бүлөгө кандай болду экен?
– Кеч үйлөндүм. 27 жашымда Айгүл аттуу кыз менен баш коштум. Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызымдын аты – Сымбат, быйыл 3 жашка толду, уулумдун аты – Арсен, жакында 1 жашка чыгат. Кызым азыртадан эле секирип, чуркаганды жакшы көрөт. Кээде карап отуруп, “чоңойсо каскадёр болуп калабы?..” деп да ойлоп кетем.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


От-жалындын ортосундагы каскадёр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
09.12.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунор оркундой берсин!
SUPER.KG видео
09.12.2011. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик !!!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy mayek boluptur azamat, Kyrgyzstandyn atyn chygara ber! birok Kazaktardyn atynan bara jatkany jaman eken, ushunday talanttuu jigitterdi bizdin Kyrgyz atuuldary sponsor bolup jiberishse jakshy bolot ele ar kandai synaktarga.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи Адилет это я руслан братишка
SUPER.KG видео
10.12.2011. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Адилет Акматов аябай сыйлайм ушул братанды, ийгилик ишинизге!!!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин дагы бир таланттуууууууу инсан , сиздин ишинизге ийгилик , уй булоолук бакыт каалайбыз.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз ийгьлик сизге терс каармандардын жарашат. баарынанда КЕНЕШ ТОБУНУН сирень гулу деген ырынын клибинжеги ролунуз жагат! алга талантыныз оркундой берсин!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
SUPER.KG видео
11.12.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик
SUPER.KG видео
11.12.2011. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экен.
SUPER.KG видео
11.12.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Адилет! 2000- жылдары ОшМУнун "Умут" телестудиясында "Скотч" программасы менен трюктарды, приколдорду корсотуп, алгачкы кадамынарды баштаган эленер. Ошол кездеги максаттарын акырындан ишке ашып жатканын коруп турам. Ийгилик ишинерге! Баарынарга салам.
Алымбек.Ростов-на-Дону.
SUPER.KG видео
11.12.2011. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы уважаю . ийгилик каалайм чыгармачылыгынарга . силердин жаны жаны кинонолорунарды аябай кутуп жатабыз . ишенем дагы албан албан ийгиликтерге жетишесинер кудаа кааласа .
12.12.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Адилет аке! Ишинизде ийгилик коштосун! Кайда журбонуз жаратканым колдосун!
SUPER.KG видео
12.12.2011. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет сени Жеки Чандын продюсердик тобу корбой журот. Корсо созсуз алат сени. Алардын командасында бут дублерлор иштейт а сен без дублер иштеп кое аласын.
САГА ИЙГИЛИК ДАВАЙ ГОЛЛИВУДКА ЧЕЙИН ЖЕТ.
SUPER.KG видео
12.12.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эмес эн сонун супер трюктарды кылат экен, жеки чан 2.
SUPER.KG видео
12.12.2011. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.Алга.
SUPER.KG видео
13.12.2011. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu da Geki 4anga an4a myn4a okwowup ketet eken.. Ijgilik
13.12.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Адилет байкени 2004 жылдан бери тааныйм сыртан мага Адилетин трюктары абдан жагат баракелде Адилет алга дайым бизден кийинки муун Джекки Чан деп эмес Адилет деп туурап журушсун
SUPER.KG видео
14.12.2011. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozumdundun bratkamda, he,he alga ayash brat iygilik
SUPER.KG видео
14.12.2011. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен.Адилет мен сени Голливуддун киносунан коргум келип жатат.Себеби алар сапаттуу тартышат эмеспи,болгондо да сендей таланттуу каскадерду.ИЙГИЛИК каалайм.
15.12.2011. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгиликкк..............!!!!!!!!!
16.12.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uau menin mechtamdagy jigit ushundaai!toktoo,ordu m-n suilogon,oor basyryktuu jana en bashkysy kuchtuu!Supeeer!Iygilik sizge!
SUPER.KG видео
17.12.2011. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец брат уланта бер
17.12.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы алга братан!
SUPER.KG видео
19.12.2011. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казахтанда кайсы каскадерлор бар?
SUPER.KG видео
20.12.2011. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адилет братан молодес ,удачи !!!!!!!!!!! сосединиз, братишканыз омур
SUPER.KG видео
23.12.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адилет байке ишинизге ийгилик. сиз менен кантип байланышсак болот?
27.12.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым ишинизди ийгилик кооштоп журсун! Биз сиз менен сыймыктанабыз, азаматсыз!!!
SUPER.KG видео
15.03.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албан-албай ийгилик! Кыргызстандын атын алыска тааныта турган жигит! Чет жердеги кыргыздар силердей азаматтар менен сыймыктанабыз.
15.05.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик адилет байке
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо