Нурлан Насип: «КАЗАК КЫЗЫНА ҮЙЛӨНӨ АЛБАДЫМ»

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Азыр көпчүлүк жаштар “эркелетсемби, кара көз сени?..” деп кыңылдап ырдап калгандай. “Бул ырым чындыгында эле элге сиңимдүү болду” деп сүйүнөт автор, аткаруучу Нурлан Насип.

Жашы – 21де
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Репертуарында 13 ыры, 3 клиби бар
Байлыгым деп сахна костюмдарын эсептейт
Келечекте “Эл артисти”, “Эмгек сиңирген артист” наамдарына жеткиси келет

НУРЛАН “САЛБУРУН” ДЕП ЭРКЕЛЕТИП...
Кыргыздын каада-салттарын баалап, кыргыз деген атка татыктуу болушу керек деп эсептеген апта каарманыбыздан көп колдонулбай калган сөздөрдү сурап сынап көрүп, кээ бир жоопторуна күлүп да алдык.
– Салбурун деген эмне?
– Эркелетүү эмеспи? (Аңчылык)
– Бадырак деген эмне?
– Куурулган буудай. (Туура)
– Кыламык деген эмне?
– И-и, жарга такап салдың го, эмне болду экен ал?.. Билбейм. (Биринчи жааган, жука кар)
– Текөөр деген эмне?
– Бул сөздү да укпаптырмын, и-и, уят эле болдум го... (Куштун арткы тырмагы)

НУРЛАНДЫН БОЛОЧОК ЖУБАЙЫНА БОЛГОН 5 ТАЛАБЫ:

  • “Концерттен келгенде кирлерим жуулуп, ысык тамак алдыма коюлушу шарт”.
  • “Күйөрмандарымдан кызганбашы керек”. (Кызганса чатак)
  • “Менин сөзүмдү угушу керек жана аткарышы шарт”.
  • “Ырчылык – хоббим эмес, кесибим. Ошондуктан муну түшүнүп, колдошу кажет”.
  • “Үйгө коноктор көп келет. Аларды кабагым-кашым дебей тосконду билиши зарыл”.

– Кандайсың? Адегенде эле акчадан кеп баштайын. Сени акчага бекем дешет...
– Рахмат, биринчиден, бардык окурмандар менен амандашып алайын. Ал эми акчага, чынында, азыркы заманда үнөмдүү болуш керек деп эсептейм. Жөнү жок корото бербейм, акчаны сактаганга аракет кылам. Эми такыр эле бир тыйындын артынан кубалап, кессе кан чыкпаган бала деп ойлоп албагыла (күлүп). Тескерисинче, жакындарымдан акча аябайм.
– “Бир нече аспапта ойной да, ырдай да алам” дейсиң, бирок сахнага аспап менен чыкпайсың...
– Ооба, буюрса, жакында сахнага аспаптар менен чыгайын деп жатам. Көбүнчө обондорум пианинодо жаралат.
Бир ирет Казакстанга тойго барсам, ал жерден бир байке менин эскирип калган аккордеонумду көрүп “жаңысы канча турат? Мен алып берейинчи” деген эле. Кийин алып койгонун айтып чакырды.Ошого жетпей, азыркыга чейин бара албай жүрөм.
– Музыкалык билимиң бар туруп эл аралык сынактарга катышпаганың эмнеден?
– Буга чейин эл аралык сынактарга чыкканга даяр эмес болчумун. Буюрса, даяр болуп калдым деп ойлойм. Баса, жакында эле кайсы бир радиодон бир акын агайдын менин ырымды сынап жатканын угуп калдым. “Жарк этип кайра өччү ырлардын катарына эле кошом” дебеспи, меникин. Бир аз жаман болдум. Анан да улуулар көп айтышат эмеспи, “жаш ырчылар бат эле өчөт” деп. Эми алар деле жаш болгон, туурабы? Ал учурда деле улуу ырчылар аларды ушинтип сынашчу деп ойлойм.
– Казакстанга барып вокалдан сабак алмакчы болдуң эле, эмне болду же калп эле пиар беле?
(Күлүп) Пиар деп айтпайм. Анткени чын эле пландарым бар болчу. Болгону, башка өлкөгө беш жыл окуп келишиме жакындарым, тааныштарым каршы болуп коюшту. Ойлогон оюңдун баары эле ишке аша бербейт экен.
– Билгениме караганда, айдоочу жалдап алыптырсың. Бул обу жоктук эмеспи?
– Жо-ок, обу жоктугумдан айдоочу жалдаган эмесмин. Өзүмдүн унаам жок да, ошондуктан таксиге берчү акчаны ошол байкеге төлөйм. Мага ыңгайлуу, анын үстүнө такси сени ар жерден күтпөйт. Ал эми менин айдоочум керек болсо концерттерде музыканттарга дискимди ташып, айтор, экинчи продюсерим да болуп баратат.
– Машина алууга продюсериңден акча артпай жатабы? Дегеним, көп гастролдойсуң...
– Жо-ок, андай эмес. Негизи, машинадан мурда үй алсам деп акча топтоп жүрөм. Машинам болуп, үйүм жок болгуча...
– “Эркелетсемби?” деген ырыңдын клибин андагы сулуу кыз үчүн эле көрүп жатышат деп ойлобойсуңбу? Клиптин максаты ушул беле?
– Эми көбүнчө эркектер каарман кыздын сулуулугу үчүн эле көрүп жатышса керек. Бирок менин максатым, ырымды элге жеткирип, клип менен кооздоо болчу. Сулуу кыздын тартылганы деле мен үчүн сыймык. Ал клипти Астанадан тарттык. Сууктан тоңуп, бетим, кулагымдын кызарганы билинип калган. Тегеренип бийлеген жерим көп, үшүгөнүмдөн кечке айлана бериптирмин. Улам машинага барып жылынып, кайра барып ырдап, айтор, бүттүк.
– Кел анда, маегибизди кыздар жаатына буралы. Биринчи эле алардын сулуулугуна көңүл бурарыңды билем...
– Кыздар, кыздар деп ырдап койбоюнбу, ээ? (Каткырып) Болот го, жылдыздуу кыздар, мына, ошондой кыздарга арбалам. Анткен менен сулуулугунан мурда жүрөгүндөгү жылуулугуна караш керек.
– Бирок бир көргөндө эле жүрөгүнүн жылуу-муздак экенин сезе албайсың да...
(Каткырып) Туура, ошондуктан көздөрүн кароого туура келет. Баса, сага бир казак кызы менен болгон сүйүүмдү айтып берейинби? Бир ирет адаттагыдай эле тойдо ырдоо үчүн Казакстанга барып калдым. Коноктордун арасындагы бир кыз абдан жагып калды. Ал да мени жактырып калган. Атын айтпай эле коёюн. Ошентип, ал кыз экөөбүз телефон аркылуу тынбай сүйлөшүп жүрдүк. Ал бир “крутой” кишинин кызы болчу. Ага үйлөнсөм, өзүмдү андан ылдый сезип калышым мүмкүн эле. Ошондуктан алыстоого туура келди. О-о, Казакстанга тойго барган сайын жолугушуп, ал үчүн бат-бат каттап да калгам. Эми барбай калдым.
– Кыргыздын сулуу, акылдуу кыздарынан куру койбосун. Бирөөсүн кайырмакка ил. Сага ийгилик.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


Нурлан Насип: "Казак кызына үйлөнө албадым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
10.12.2011. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Нурлан.Суйлогондорун озунду алып жургонун жакшы.Сенин ырларын уккулуктуу,талантын бар.ИЙГИЛИКтерди каалайм.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыл шым кийбей эле койбопсуз!туура айтасыз биз дагы синдим экообуз сизди ЭРКЕЛЕТСЕМБИ деп суйлойбуз! айтмакчы клиптеги кыз ошондо казак кызбы? агентке тез-тез кирип турун оОК. Калган комментариилер алдыда (тамаша)!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат !!!!!!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамаааат!куч куйо болгун келбептир да ошондо(тамаша),жон эле кыргыздын кыздары сулуу ошолордун бирине уйлоном десен.сага чыгармачылык ийгилик,кыргыздын дагы бир жакшы кыздарын таап бактылуу бол.
SUPER.KG видео
10.12.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ырчы эркектер тим эле мен башка улуттун кызына уйлоно албайм андай мындай деп эркекке туура келбеген создорду айтып эле былжырай бересинер да эркексинерби андай майда создорду суйлобой эле койбойсунарбы
SUPER.KG видео
10.12.2011. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pioni туура айтасын tmana007 айткандай жылдыз болуш учун коп нерседен кечиш керек оз жашоондо
SUPER.KG видео
10.12.2011. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!! Айрым ырчыларга караганда жасалма деген жок,эркин суйлогон.Алга иничек.
SUPER.KG видео
11.12.2011. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jagat Nasip. Iyigilik superinfonun superyrchy naamyn alyshyna tilekteshmin :)
SUPER.KG видео
11.12.2011. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Нурлан!!! Сага чыгармачылык ийгилик жана уй булолук бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
11.12.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын оркундой берсин
SUPER.KG видео
11.12.2011. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип азаматсын! Ырларын мага жагат,ким менен болсо да бактылуу бол!
SUPER.KG видео
11.12.2011. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurnalis bala takyr suroo bergendi bilbeit eken, jany jurnalist okshoit, Nurlan Nasip azamat, iygilik kaalaim!
SUPER.KG видео
12.12.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уkмуш хит бала ушу.koс тийбесин.прoдюсери барлар,хит деген чын эkен
SUPER.KG видео
12.12.2011. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз айылдан Нуку деп эркелетчик анын кандай уяты бар Нурлан айтып койо бер да!азаматсын чыгармачылык ийгиликтерди калайбыз!!!
SUPER.KG видео
12.12.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер казак кызы бай эмес, орто уй-булодон болгондо уйлонсонуз керек эле э!?
SUPER.KG видео
12.12.2011. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий коендой болгон..)) Токтогулдук жигиттердин суйлогондору оло жагат да... Нурлан кичине которулуп журот да, Авас досундай жонокой болгондо...
SUPER.KG видео
12.12.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир суйлогон созун эки уч жолудан кайталай бериптир го...
12.12.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош келиниздер программасына шикарный уйу менен чыкты го?
13.12.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talaptaryn ukmush go.
13.12.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын талантын оркундой берсин!!1Келечекте Бек,Сыймык байкелериндин жолун жолдо.Енткени Токтогулдуктарда Талант коп!!!
SUPER.KG видео
13.12.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан, чыгармачылыгын оркундой берсин, азаматсын! Сенин фанаттарын коп буйруса!!!
14.12.2011. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат Нурлан алга оркунун оссун талантын бар сенин мындан да соонун ырларды чыгара бер ар бир ырынды тажабай угам
15.12.2011. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saga robot ayal kerek okshoyt he he hee
18.12.2011. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вауу азамат суйуп калдым ))
07.04.2012. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кором нурлан насипти чыныгы талант!
06.01.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылдагы аты "нуку" экен менин жазгул деген курбумдун классташы болот
SUPER.KG видео
05.04.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында казак кыздары сулууу болушатда)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо